https://sputnik.kg/20261007/toraga-deputat-abdibaevaga-bolushtu-mamataliev-1104138249.html
"Педофилдерди коргогон эмес". Төрага депутат Абдибаева боюнча пикирин айтты
"Педофилдерди коргогон эмес". Төрага депутат Абдибаева боюнча пикирин айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев депутат Айсаракан Абдибаева педофилдердин жазасын жеңилдетүү демилгесин көтөрбөгөнүн... 07.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-07T13:11+0600
2026-10-07T13:11+0600
2026-10-07T13:11+0600
кыргызстан
жогорку кеңеш
төрага
марлен маматалиев
айсара абдибаева
педофил
сунуш
https://sputnik.kg/img/07e6/03/09/1062707144_0:160:3073:1888_1920x0_80_0_0_9edc780bd827319b6c670c739caac353.jpg
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев депутат Айсаракан Абдибаева педофилдердин жазасын жеңилдетүү демилгесин көтөрбөгөнүн билдирди.Анын айтымында, тийиштүү экспертизанын жоктугунан же кимдир бирөөнүн катасынан улам бейкүнөө адамдар камалып кеткен учурлар боюнча көптөгөн арыз-даттануулар түшүүдө. Төрага прокуратура органдары мындай ар бир фактыны кылдат текшериши керектигин баса белгиледи.Буга чейин депутат Абдибаева "Зордуктоо" жана "16 жашка чыга элек өспүрүмгө карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоо" беренелерине пробациялык көзөмөлдү киргизүүнү сунуштаган. Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева бул беренелер боюнча пробация колдонуу нормасы мурда Кылмыш-жаза кодексинде болгонун, бирок өткөн чакырылыштагы парламент аны жокко чыгарганын эскерткен. Абдибаева бир жагынан аялдардын укугун коргоо зарылдыгын, ошол эле учурда жазага тартылып жаткан жашы жете элек өспүрүмдөрдүн укуктарын да эстен чыгарбоо керектигин айткан эле.Кийинчерээк эл өкүлү өз сунушу боюнча кайрадан түшүндүрмө берип, зордукчулардын жазасын жеңилдетүүнү такыр сунуштабаганын белгилеген.
https://sputnik.kg/20240224/ayal-zombuluk-krizistik-borbor-telefon-1082924242.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/03/09/1062707144_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_7d552cc4816b8df5ff5e1e4b691437ed.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жогорку кеңеш, төрага, марлен маматалиев, айсара абдибаева, педофил, сунуш
кыргызстан, жогорку кеңеш, төрага, марлен маматалиев, айсара абдибаева, педофил, сунуш
"Педофилдерди коргогон эмес". Төрага депутат Абдибаева боюнча пикирин айтты
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев депутат Айсаракан Абдибаева педофилдердин жазасын жеңилдетүү демилгесин көтөрбөгөнүн билдирди.
"Менин кесиптешим маселени таптакыр башка өңүттө көтөргөн, бирок кырдаалды аны аларды коргоп чыккандай кылып көрсөтүп жатышат. Мындай мыйзам долбоорун [педофилдердин жазасын жеңилдетүү боюнча — Ред.] депутаттар иштеп чыккан эмес жана иштеп чыгуу ниети да жок", — деди Маматалиев.
Анын айтымында, тийиштүү экспертизанын жоктугунан же кимдир бирөөнүн катасынан улам бейкүнөө адамдар камалып кеткен учурлар боюнча көптөгөн арыз-даттануулар түшүүдө. Төрага прокуратура органдары мындай ар бир фактыны кылдат текшериши керектигин баса белгиледи.
Буга чейин депутат Абдибаева "Зордуктоо" жана "16 жашка чыга элек өспүрүмгө карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоо" беренелерине пробациялык көзөмөлдү киргизүүнү сунуштаган. Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева бул беренелер боюнча пробация колдонуу нормасы мурда Кылмыш-жаза кодексинде болгонун, бирок өткөн чакырылыштагы парламент аны жокко чыгарганын эскерткен. Абдибаева бир жагынан аялдардын укугун коргоо зарылдыгын, ошол эле учурда жазага тартылып жаткан жашы жете элек өспүрүмдөрдүн укуктарын да эстен чыгарбоо керектигин айткан эле.
Кийинчерээк эл өкүлү өз сунушу боюнча кайрадан түшүндүрмө берип, зордукчулардын жазасын жеңилдетүүнү такыр сунуштабаганын белгилеген.

24 Бирдин айы 2024, 09:47