https://sputnik.kg/20261006/yeaeb-bae-kelishimi-kuchuno-kirdi-1104125747.html
ЕАЭБ менен БАЭнин экономикалык өнөктөштүк келишими күчүнө кирди
ЕАЭБ менен БАЭнин экономикалык өнөктөштүк келишими күчүнө кирди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. 6-октябрдан тартып Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) менен Бириккен Араб Эмирликтиринин (БАЭ) ортосундагы экономикалык өнөктөштүк... 06.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-06T16:58+0600
2026-10-06T16:58+0600
2026-10-06T17:19+0600
еаэб
соода
келишим
бириккен араб эмирлиги
дүйнөдө
https://sputnik.kg/img/07e7/04/02/1074101946_0:8:1400:796_1920x0_80_0_0_f858ea376a697554cb41cdfdb806eedb.jpg
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. 6-октябрдан тартып Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) менен Бириккен Араб Эмирликтиринин (БАЭ) ортосундагы экономикалык өнөктөштүк жөнүндө келишим күчүнө кирди. Документке былтыр июнь айында кол коюлган. Документке ылайык, БАЭ ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттолуучу товарлардын 86 пайызына бажы төлөмдөрү боюнча жеңилдик берет. Бул уюмдун эмирликке болгон экспортунун жалпы көлөмүнүн 98 пайызын камтыйт. Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепневдун маалыматына караганда, ЕАЭБ товарларына карата БАЭде колдонулган орточо бажы алымы 5 пайыздан 0,6 пайызга чейин төмөндөйт. Анын баамында, тарифтик жеңилдиктер ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экспорттоочуларына жыл сайын бажы төлөмдөрүнөн 266 миллион долларга чейин үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Орто мөөнөттүү келечекте ЕАЭБ менен БАЭнин соода жүгүртүүсү кеминде 5-6 ммллиард долларга өсүшү күтүлүүдө. Келишимде бизнес-өкүлдөрүнүн, анын ичинде чакан жана орто ишканалардын кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган механизмдер да каралган. Ошондой эле транспорт жана логистика тармагында кызматташуу, анын ичинде БАЭни Түндүк — Түштүк эл аралык транспорттук коридоруна кошуу мүмкүнчүлүгү белгиленген. ЕЭКтин соода боюнча министри ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнес-өкүлдөрүн келишим түзгөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү активдүү пайдаланууга жана БАЭдеги өнөктөштөр менен кызматташууну өнүктүрүүгө чакырды.
https://sputnik.kg/20261002/adylbek-kasymaliev-eaeb-chek-ara-kezek-1104060185.html
бириккен араб эмирлиги
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/04/02/1074101946_187:0:1399:909_1920x0_80_0_0_ce2375f99780672161ca54b64a2d4a5e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
еаэб, соода, келишим, бириккен араб эмирлиги, дүйнөдө
еаэб, соода, келишим, бириккен араб эмирлиги, дүйнөдө
ЕАЭБ менен БАЭнин экономикалык өнөктөштүк келишими күчүнө кирди
16:58 06.10.2026 (Жаңыртылды: 17:19 06.10.2026) БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. 6-октябрдан тартып Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) менен Бириккен Араб Эмирликтиринин (БАЭ) ортосундагы экономикалык өнөктөштүк жөнүндө келишим күчүнө кирди. Документке былтыр июнь айында кол коюлган.
Документке ылайык, БАЭ ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттолуучу товарлардын 86 пайызына бажы төлөмдөрү боюнча жеңилдик берет. Бул уюмдун эмирликке болгон экспортунун жалпы көлөмүнүн 98 пайызын камтыйт.
Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепневдун маалыматына караганда, ЕАЭБ товарларына карата БАЭде колдонулган орточо бажы алымы 5 пайыздан 0,6 пайызга чейин төмөндөйт.
Анын баамында, тарифтик жеңилдиктер ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экспорттоочуларына жыл сайын бажы төлөмдөрүнөн 266 миллион долларга чейин үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Орто мөөнөттүү келечекте ЕАЭБ менен БАЭнин соода жүгүртүүсү кеминде 5-6 ммллиард долларга өсүшү күтүлүүдө.
Келишимде бизнес-өкүлдөрүнүн, анын ичинде чакан жана орто ишканалардын кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган механизмдер да каралган. Ошондой эле транспорт жана логистика тармагында кызматташуу, анын ичинде БАЭни Түндүк — Түштүк эл аралык транспорттук коридоруна кошуу мүмкүнчүлүгү белгиленген.
ЕЭКтин соода боюнча министри ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнес-өкүлдөрүн келишим түзгөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү активдүү пайдаланууга жана БАЭдеги өнөктөштөр менен кызматташууну өнүктүрүүгө чакырды.