https://sputnik.kg/20261005/ukrainanyn-tyshky-karyzy-8-ese-ostu-1104088649.html
Украинанын тышкы карызы 10 жылда сегиз эседен ашык өстү
Украинанын тышкы карызы 10 жылда сегиз эседен ашык өстү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Украинанын мамлекеттик тышкы карызы 2016-жылдын августунан бери сегиз эседен ашык көбөйдү. Бул тууралуу РИА Новости Украинанын Каржы... 05.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-05T10:02+0600
2026-10-05T10:02+0600
2026-10-05T10:02+0600
дүйнөдө
экономика
украина
тышкы карыз
https://sputnik.kg/img/07e9/08/0d/1095839485_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_461302f74e2206ee2f24c2dcec23f73e.jpg
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Украинанын мамлекеттик тышкы карызы 2016-жылдын августунан бери сегиз эседен ашык көбөйдү. Бул тууралуу РИА Новости Украинанын Каржы министрлигинин статистикалык маалыматтарына таянып жазды.2026-жылдын 31-августуна карата Украинанын тышкы мамлекеттик карызы 7,537 триллион гривнаны же 169,19 миллиард долларды түздү.Украинанын Каржы министрлигинин божомолу боюнча, өлкөнүн мамлекеттик карызы ушул жылдын аягына чейин 10,146 триллион гривнага же 226 миллиард долларга жетет.Киев бийлиги бюджеттеги тешиктерди тышкы каржылоонун эсебинен жабууга аракет кылууда. Муну менен катар Батыштагы өнөктөштөр жаңы жардам пакеттери узак талкуулардан кийин гана бөлүнүп жатканын эскертип, Украина өз алдынча каражат табуу булактарын издөөгө басым жасашы керектигин байма-бай айтышууда.
https://sputnik.kg/20261005/kiev-evf-karajat-karyz-rekord-2026-1104087431.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/0d/1095839485_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_bd6fa2ad4f9a5a47e8d306c8c436dc36.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, экономика, украина, тышкы карыз
дүйнөдө, экономика, украина, тышкы карыз
Украинанын тышкы карызы 10 жылда сегиз эседен ашык өстү
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Украинанын мамлекеттик тышкы карызы 2016-жылдын августунан бери сегиз эседен ашык көбөйдү. Бул тууралуу РИА Новости Украинанын Каржы министрлигинин статистикалык маалыматтарына таянып жазды.
2026-жылдын 31-августуна карата Украинанын тышкы мамлекеттик карызы 7,537 триллион гривнаны же 169,19 миллиард долларды түздү.
"Ведомствонун маалыматы боюнча, 2016-жылдын август айынын жыйынтыгында өлкөнүн тышкы карызы 913,52 миллиард гривна болчу. Демек, карыз 8,25 эсеге өскөн. Учурда тышкы карыз мамлекеттик карыздын жалпы суммасынын 78,5 пайызын түзөт", — деп айтылат кабарда.
Украинанын Каржы министрлигинин божомолу боюнча, өлкөнүн мамлекеттик карызы ушул жылдын аягына чейин 10,146 триллион гривнага же 226 миллиард долларга жетет.
Киев бийлиги бюджеттеги тешиктерди тышкы каржылоонун эсебинен жабууга аракет кылууда. Муну менен катар Батыштагы өнөктөштөр жаңы жардам пакеттери узак талкуулардан кийин гана бөлүнүп жатканын эскертип, Украина өз алдынча каражат табуу булактарын издөөгө басым жасашы керектигин байма-бай айтышууда.