https://sputnik.kg/20261005/sutkalyk-turak-jai-ijara-baalary-kozomolgo-alynat-1104100331.html
Кыргызстанда турак жайды суткалап ижарага берүү баалары көзөмөлгө алынат
Кыргызстанда турак жайды суткалап ижарага берүү баалары көзөмөлгө алынат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кыргызстанда турак жайды суткалап ижарага берүүнүн баасына көзөмөл күчөтүлүп, жылдын аягына чейин атайын электрондук реестр түзүү... 05.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-05T17:14+0600
2026-10-05T17:14+0600
2026-10-05T17:14+0600
кыргызстан
турак жай
ижара
баа
көзөмөл
https://sputnik.kg/img/104178/61/1041786198_0:320:3073:2048_1920x0_80_0_0_4a957f0cd19dafce44d26a43f6de48b0.jpg
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кыргызстанда турак жайды суткалап ижарага берүүнүн баасына көзөмөл күчөтүлүп, жылдын аягына чейин атайын электрондук реестр түзүү пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.Аталган реестр Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтар базасы менен бириктирилет. Бул кадам өкмөттүн 2026–2027-жылдарга карата бааларды турукташтыруу планына киргизилген. Негизги максат — турак жайды ижарага берүүдөгү көмүскө рынокту ачыкка чыгаруу болуп саналат.Мамлекеттик салык кызматы менен Ички иштер министрлиги туристтик жана эл көп келген мезгилдерде каттоодон өтпөгөн объектилерди аныктоо боюнча биргелешкен рейддерди өткөрүп турат. Мындан тышкары, бийлик суткалык ижара рыногун патент жана көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) киргизүү аркылуу легалдаштырууну көздөөдө.Ошондой эле 2026–2027-жылдары мамлекеттик органдар эл аралык жана аймактар аралык масштабдуу иш-чаралар өтүп жаткан учурда мейманкана кызматтарынын баасынын өзгөрүшүнө да тыкыр байкоо салып турмакчы.
https://sputnik.kg/20261004/kyrgyzstan-kujuuchu-maj-salyk-baa-1104081479.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104178/61/1041786198_142:0:2873:2048_1920x0_80_0_0_dba4c6a251620e4fe4053c9715deae57.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, турак жай, ижара, баа, көзөмөл
кыргызстан, турак жай, ижара, баа, көзөмөл
Кыргызстанда турак жайды суткалап ижарага берүү баалары көзөмөлгө алынат
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кыргызстанда турак жайды суткалап ижарага берүүнүн баасына көзөмөл күчөтүлүп, жылдын аягына чейин атайын электрондук реестр түзүү пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.
Аталган реестр Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтар базасы менен бириктирилет. Бул кадам өкмөттүн 2026–2027-жылдарга карата бааларды турукташтыруу планына киргизилген. Негизги максат — турак жайды ижарага берүүдөгү көмүскө рынокту ачыкка чыгаруу болуп саналат.
Мамлекеттик салык кызматы менен Ички иштер министрлиги туристтик жана эл көп келген мезгилдерде каттоодон өтпөгөн объектилерди аныктоо боюнча биргелешкен рейддерди өткөрүп турат. Мындан тышкары, бийлик суткалык ижара рыногун патент жана көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) киргизүү аркылуу легалдаштырууну көздөөдө.
Ошондой эле 2026–2027-жылдары мамлекеттик органдар эл аралык жана аймактар аралык масштабдуу иш-чаралар өтүп жаткан учурда мейманкана кызматтарынын баасынын өзгөрүшүнө да тыкыр байкоо салып турмакчы.