https://sputnik.kg/20261004/flydubai-uchak-chatak-iran-provokacziya-1104084317.html
"Атайын жасалган чагым". Тегеран Flydubai учагындагы жаңжал боюнча үн катты
"Атайын жасалган чагым". Тегеран Flydubai учагындагы жаңжал боюнча үн катты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Ирандын Тышкы иштер министрлиги Flydubai учагындагы окуяны өлкөгө доомат артуу үчүн атайын жасалган “олдоксон пландалган чагым” деп... 04.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-04T17:53+0600
2026-10-04T17:53+0600
2026-10-04T17:53+0600
дүйнөдө
иран
flydubai
учак
провокация
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/11/1089524157_0:233:3092:1972_1920x0_80_0_0_34b5de5fae28cb69410b58c2ae175505.jpg
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Ирандын Тышкы иштер министрлиги Flydubai учагындагы окуяны өлкөгө доомат артуу үчүн атайын жасалган “олдоксон пландалган чагым” деп атады. Бул тууралуу ведомствонун расмий өкүлү Исмаил Багаинин айткандарына таянып РИА Новости жазды.Анын айтымында, текшерүүгө мүмкүн болбогон маалыматтарга таянып, Иранды кооптуу аскердик операцияларды пландаган деп негизсиз айыптап жатышат.Эске салсак, шаршемби күнү Дубайдан Тель-Авивге багыт алган Flydubai учагында өзгөчө кырдаал жаралып, аба кемеси Сауд Арабиясына чукул конууга аргасыз болгон. Кийинчерээк авиакомпания учуу маалында учкучтардын ортосунда мушташ чыкканын ырастаган. Ал эми жүргүнчүлөр учкучтардын бири кесиптешин бычактап, учакты кулатууга аракет кылганын билдиришкен.Журналисттердин маалыматы боюнча, лайнерди коопсуз кондурууга жүргүнчү катары бара жаткан башка учкучтар көмөктөшкөн.
https://sputnik.kg/20260924/kanadanyn-premeri-akshnyn-basyp-kirishine-dayardygyn-aytty-1103868194.html
иран
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/11/1089524157_361:0:3092:2048_1920x0_80_0_0_dff98b1982def70e409d4b35c255e56d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, иран, flydubai, учак, провокация
дүйнөдө, иран, flydubai, учак, провокация
"Атайын жасалган чагым". Тегеран Flydubai учагындагы жаңжал боюнча үн катты
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Ирандын Тышкы иштер министрлиги Flydubai учагындагы окуяны өлкөгө доомат артуу үчүн атайын жасалган “олдоксон пландалган чагым” деп атады. Бул тууралуу ведомствонун расмий өкүлү Исмаил Багаинин айткандарына таянып
РИА Новости жазды. Анын айтымында, текшерүүгө мүмкүн болбогон маалыматтарга таянып, Иранды кооптуу аскердик операцияларды пландаган деп негизсиз айыптап жатышат.
Эске салсак, шаршемби күнү Дубайдан Тель-Авивге багыт алган Flydubai учагында өзгөчө кырдаал жаралып, аба кемеси Сауд Арабиясына чукул конууга аргасыз болгон. Кийинчерээк авиакомпания учуу маалында учкучтардын ортосунда мушташ чыкканын ырастаган. Ал эми жүргүнчүлөр учкучтардын бири кесиптешин бычактап, учакты кулатууга аракет кылганын билдиришкен.
Журналисттердин маалыматы боюнча, лайнерди коопсуз кондурууга жүргүнчү катары бара жаткан башка учкучтар көмөктөшкөн.