https://sputnik.kg/20261003/sezim-korgonbaeva-ty-super-1104051069.html
Карышкырлар менен жашагысы келип... "Ты супер!" долбоорундагы Сезимдин баяны
Карышкырлар менен жашагысы келип... "Ты супер!" долбоорундагы Сезимдин баяны
Sputnik Кыргызстан
17 жаштагы Сезим Коргонбаева "Ты супер! Кыргызстан" долбооруна катышып, өзгөчө таланты менен көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурду. 03.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-03T11:57+0600
2026-10-03T11:57+0600
2026-10-03T12:04+0600
кыргызстан
маданият
өнөр
vi дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
карышкыр
видео
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/02/1104050898_0:0:1920:1080_1920x0_80_0_0_0f66dec0abacfb7400fd4c3efc8d6c1d.jpg
Карышкырдай улуп, балача ыйлай алган таланттуу кыз Жумгалдын Байзак айылында чоңойгон. Ал бул өнөрдү бала кезинен эле кызыгып үйрөнгөн. Ал тургай апасынын "улуба, карышкырлар келет" деп тыйган учурлары да болгон. Эжесинин баласын карап жатып дагы бир таланты — ымыркайча ыйлаган өнөрү ачылган. Ошондой эле Сезим маегинде тоодо жүргөндө "Бишкек аренадагы" чоң экрандан өзүн көрүп таң калганын, ошондон кийин эл тааный баштаганын айтып берди. Мындан тышкары, жаш талант Лео Рохастан бата алганы жана күтүүсүздөн дуэт аткарып калганы тууралуу кеп салды. Сезим Коргонбаева "Ты супер! Кыргызстан" долбоорунун тандоо турунда калыстардын купулуна толуп, жарым финалга жетти. Бул баскычта да өзүн татыктуу көрсөтө алса, финалга өтмөкчү.Сезимдин талантын тааныткан "Ты супер! Кыргызстан" шоусун ар ишемби күнү саат 19:20да "Номад ТВ" телеканалынан көрүңүздөр.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/02/1104050898_706:169:1920:1080_1920x0_80_0_0_98ce57c6f3ec804d47b1c76c4f800a7b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, маданият, өнөр, vi дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, карышкыр, видео, видео
кыргызстан, маданият, өнөр, vi дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, карышкыр, видео, видео
Карышкырлар менен жашагысы келип... "Ты супер!" долбоорундагы Сезимдин баяны
11:57 03.10.2026 (Жаңыртылды: 12:04 03.10.2026) 17 жаштагы Сезим Коргонбаева "Ты супер! Кыргызстан" долбооруна катышып, өзгөчө таланты менен көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурду.
Карышкырдай улуп, балача ыйлай алган таланттуу кыз Жумгалдын Байзак айылында чоңойгон. Ал бул өнөрдү бала кезинен эле кызыгып үйрөнгөн. Ал тургай апасынын "улуба, карышкырлар келет" деп тыйган учурлары да болгон. Эжесинин баласын карап жатып дагы бир таланты — ымыркайча ыйлаган өнөрү ачылган.
Ошондой эле Сезим маегинде тоодо жүргөндө "Бишкек аренадагы" чоң экрандан өзүн көрүп таң калганын, ошондон кийин эл тааный баштаганын айтып берди. Мындан тышкары, жаш талант Лео Рохастан бата алганы жана күтүүсүздөн дуэт аткарып калганы тууралуу кеп салды.
Сезим Коргонбаева "Ты супер! Кыргызстан" долбоорунун тандоо турунда калыстардын купулуна толуп, жарым финалга жетти. Бул баскычта да өзүн татыктуу көрсөтө алса, финалга өтмөкчү.
Сезимдин талантын тааныткан "Ты супер! Кыргызстан" шоусун ар ишемби күнү саат 19:20да "Номад ТВ" телеканалынан көрүңүздөр.