Курулуш министрлиги Нарын шаарында дарыя аркылуу өтө турган көпүрөнү көрсөттү
Курулуш министрлиги Нарын шаарында дарыя аркылуу өтө турган көпүрөнү көрсөттү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Нурдан Орунтаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар курулуш объектилерин көрдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура... 03.10.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Нурдан Орунтаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар курулуш объектилерин көрдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.Алардын бири Нарын шаарындагы дарыя аркылуу өтүүчү көпүрө болду. Объект 2026-жылдын август айында салына баштап, долбоор министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылууда.Көпүрөнүн узундугу 97 метр, туурасы 12 метрди түзөт. Жол бөлүгүнүн туурасы 7 метр болуп, эки тарабында эки метрден жөө кишилер үчүн тротуар каралган. Көпүрө 8 темир-бетон таянычтан турат, таянычтардын аралыгы (узунунан) 30 метрди түзөт.Министр объектидеги курулуш иштеринин жүрүшүн карап чыгып, жумуштарды долбоордук талаптарга ылайык сапаттуу аткарууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Ошондой эле курулуш иштеринде технологиялык талаптардын так сакталышы жана аткарылган жумуштардын сапатына туруктуу көзөмөл жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Нурдан Орунтаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар курулуш объектилерин көрдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Жол бөлүгүнүн туурасы 7 метр болуп, эки тарабында эки метрден жөө кишилер үчүн тротуар каралган. Көпүрө 8 темир-бетон таянычтан турат, таянычтардын аралыгы (узунунан) 30 метрди түзөт
Жол бөлүгүнүн туурасы 7 метр болуп, эки тарабында эки метрден жөө кишилер үчүн тротуар каралган. Көпүрө 8 темир-бетон таянычтан турат, таянычтардын аралыгы (узунунан) 30 метрди түзөт
Алардын бири Нарын шаарындагы дарыя аркылуу өтүүчү көпүрө болду. Объект 2026-жылдын август айында салына баштап, долбоор министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылууда.
Көпүрөнүн узундугу 97 метр, туурасы 12 метрди түзөт. Жол бөлүгүнүн туурасы 7 метр болуп, эки тарабында эки метрден жөө кишилер үчүн тротуар каралган. Көпүрө 8 темир-бетон таянычтан турат, таянычтардын аралыгы (узунунан) 30 метрди түзөт.
Министр объектидеги курулуш иштеринин жүрүшүн карап чыгып, жумуштарды долбоордук талаптарга ылайык сапаттуу аткарууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Ошондой эле курулуш иштеринде технологиялык талаптардын так сакталышы жана аткарылган жумуштардын сапатына туруктуу көзөмөл жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.