Коргоо министри Россиядагы полигондо кыргыз аскерлеринин даярдыгын көрдү
Коргоо министри Россиядагы полигондо кыргыз аскерлеринин даярдыгын көрдү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кыргызстандын коргоо министри, генерал-майор Руслан Мукамбетов Россиядагы "Чебаркуль" полигонуна барды. Бул тууралуу Коргоо... 02.10.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кыргызстандын коргоо министри, генерал-майор Руслан Мукамбетов Россиядагы "Чебаркуль" полигонуна барды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, ал "Центр — 2026" командалык-штабдык стратегиялык машыгуусунун активдүү фазасына катышууда. Ага чейин Мукамбетов башкаруу пунктуларынын ишин көрүп, аскердик техникалардын көргөзмөсүнө барган. Ал эми ЖККУнун башкы катчысы Таалатбек Масадыков Кыргызстандын аскер контингентинин башкаруу пунктуларына барып, жоокерлердин даярдыгына жана машыгуу учурундагы чеберчилигине күбө болду. Эске салсак, 2026-жылдын 20-сентябрынан бери Кыргызстандын аскер контингенти Россиянын "Чебаркуль" полигонунда өтүп жаткан "Центр — 2026" командалык-штабдык стратегиялык машыгуусуна, ошондой эле ЖККУга мүчө мамлекеттердин биргелешкен аскердик машыгууларына катышууда.
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кыргызстандын коргоо министри, генерал-майор Руслан Мукамбетов Россиядагы "Чебаркуль" полигонуна барды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен кабарлашты.
Ага чейин Мукамбетов башкаруу пунктуларынын ишин көрүп, аскердик техникалардын көргөзмөсүнө барган
Маалыматка караганда, ал "Центр — 2026" командалык-штабдык стратегиялык машыгуусунун активдүү фазасына катышууда. Ага чейин Мукамбетов башкаруу пунктуларынын ишин көрүп, аскердик техникалардын көргөзмөсүнө барган.
Ал эми ЖККУнун башкы катчысы Таалатбек Масадыков Кыргызстандын аскер контингентинин башкаруу пунктуларына барып, жоокерлердин даярдыгына жана машыгуу учурундагы чеберчилигине күбө болду.
Эске салсак, 2026-жылдын 20-сентябрынан бери Кыргызстандын аскер контингенти Россиянын "Чебаркуль" полигонунда өтүп жаткан "Центр — 2026" командалык-штабдык стратегиялык машыгуусуна, ошондой эле ЖККУга мүчө мамлекеттердин биргелешкен аскердик машыгууларына катышууда.