https://sputnik.kg/20261002/il-2-asmanga-kotorulgon-kun-1104052484.html
Легенда жаралган күн. Ил-2 учагынын асманга көтөрүлүшү видеодо
Легенда жаралган күн. Ил-2 учагынын асманга көтөрүлүшү видеодо
Sputnik Кыргызстан
Мындан туура 86 жыл мурда учкуч Владимир Коккинаки башкарган Ил-2 учагы асманга көтөрүлгөн. Жаңы муундагы техника аскердик учактын башаты болуп саналат. 02.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-02T20:07+0600
2026-10-02T20:07+0600
2026-10-02T20:07+0600
дүйнөдө
улуу ата мекендик согуш
учак
"кант" авиабазасы
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/02/1096905246_0:219:1000:782_1920x0_80_0_0_a46e27aeabb479b3fccfeff53e3abb75.jpg
Сыноодон ийгиликтүү өтүп, 1941-жылдын мартынан баштап Воронеждеги авиазаводдон биринчиси чыгарылат. Улуу Ата Мекендик согуш башталган маалда СССРдин 200дөн ашуун Ил-2си бар эле. Кийинчерээк алымча-кошумча киргизилип, 1942-жылдан тарта армияга жөнөтүлө баштайт. Аскердик учак жөнөкөй болгону менен абдан бышык эле. Аткыланып, 100 жеринен тешилсе да жерге корпусун көп жабыркатпай коно алчу. Ил-2ни талаа-түздө деле калыбына келтирүү оңой болчу, бул аны чет өлкөлүк техникадан кыйла айырмалап турган. Ил-2 менен бир топ атактуу пилоттор учкан. Кезинде штурвалга Советтер Союзунун эки жолку баатырлары Василий Андрианов, Михаил Одинцов жана Талгат Бегельдинов да отурган. 1944-жылдын 18-мартында кыргызстандык кенже лейтенант Ысмайылбек Таранчиев Эстонияда жалындаган Ил-2син душмандын зениттик артиллериясына буруп, каршы тарапты бир топ бүлгүнгө учураткан. Таранчиев менен экипаждын аткычы Алексей Ткачев баатырларча курман болгон. 2015-жылы Ысмайыл Таранчиевдин элесине арналган почта маркасы чыгарылган, анын ысымын Кант шаарындагы россиялык авиабазанын Су-25 учактары да алып жүрөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/02/1096905246_0:126:1000:876_1920x0_80_0_0_9211476808c33737dd2bc962776412bd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, улуу ата мекендик согуш, учак, "кант" авиабазасы, видео
дүйнөдө, улуу ата мекендик согуш, учак, "кант" авиабазасы, видео
Легенда жаралган күн. Ил-2 учагынын асманга көтөрүлүшү видеодо
Мындан туура 86 жыл мурда учкуч Владимир Коккинаки башкарган Ил-2 учагы асманга көтөрүлгөн. Жаңы муундагы техника аскердик учактын башаты болуп саналат.
Сыноодон ийгиликтүү өтүп, 1941-жылдын мартынан баштап Воронеждеги авиазаводдон биринчиси чыгарылат. Улуу Ата Мекендик согуш башталган маалда СССРдин 200дөн ашуун Ил-2си бар эле. Кийинчерээк алымча-кошумча киргизилип, 1942-жылдан тарта армияга жөнөтүлө баштайт.
Аскердик учак жөнөкөй болгону менен абдан бышык эле. Аткыланып, 100 жеринен тешилсе да жерге корпусун көп жабыркатпай коно алчу. Ил-2ни талаа-түздө деле калыбына келтирүү оңой болчу, бул аны чет өлкөлүк техникадан кыйла айырмалап турган.
Ил-2 менен бир топ атактуу пилоттор учкан. Кезинде штурвалга Советтер Союзунун эки жолку баатырлары Василий Андрианов, Михаил Одинцов жана Талгат Бегельдинов да отурган.
1944-жылдын 18-мартында кыргызстандык кенже лейтенант Ысмайылбек Таранчиев Эстонияда жалындаган Ил-2син душмандын зениттик артиллериясына буруп, каршы тарапты бир топ бүлгүнгө учураткан. Таранчиев менен экипаждын аткычы Алексей Ткачев баатырларча курман болгон.
2015-жылы Ысмайыл Таранчиевдин элесине арналган почта маркасы чыгарылган, анын ысымын Кант шаарындагы россиялык авиабазанын Су-25 учактары да алып жүрөт.