Касымалиев "Иннопром. Беларусь" көргөзмөсүнө барды. Козголгон маселелер
Касымалиев "Иннопром. Беларусь" көргөзмөсүнө барды. Козголгон маселелер
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 2-окт.— Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Беларуска болгон иш сапарынын алкагында "Иннопром. Беларусь 2026" эл аралык өнөр... 02.10.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 2-окт.— Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Беларуска болгон иш сапарынын алкагында "Иннопром. Беларусь 2026" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышып, анын пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Көргөзмөдө Кыргызстандын улуттук павильону орнотулуп, анда өнөр жай тармагында иш жүргүзгөн кыргызстандык 12 компания өз продукциясын койду. Касымалиев ЕАЭБ алкагында биргелешип иш алып баруу маанилүү экенин айтты. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу жана Камбар-Ата-1 ГЭСи сыяктуу ири долбоорлорду мисал келтирип, алар техникага жана электр жабдууларына болгон суроо-талапты арттырарын, буларды ЕАЭБ өлкөлөрүндө өндүрүү зарылчылыгын баса белгиледи. Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы акыркы беш жылда Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү эки эседен ашык өсүп, 2021-жылдагы 4,24 миллиард доллардан 2025-жылы 9,14 миллиард долларга жеткенин билдирди.
БИШКЕК, 2-окт.— Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Беларуска болгон иш сапарынын алкагында "Иннопром. Беларусь 2026" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышып, анын пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Касымалиев Беларуска болгон иш сапарынын алкагында "Иннопром. Беларусь 2026" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышып, анын пленардык жыйынында сөз сүйлөдү
Касымалиев Беларуска болгон иш сапарынын алкагында "Иннопром. Беларусь 2026" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышып, анын пленардык жыйынында сөз сүйлөдү
Касымалиев ЕАЭБ алкагында биргелешип иш алып баруу маанилүү экенин айтты
Көргөзмөдө Кыргызстандын улуттук павильону орнотулуп, анда өнөр жай тармагында иш жүргүзгөн кыргызстандык 12 компания өз продукциясын койду. Касымалиев ЕАЭБ алкагында биргелешип иш алып баруу маанилүү экенин айтты. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу жана Камбар-Ата-1 ГЭСи сыяктуу ири долбоорлорду мисал келтирип, алар техникага жана электр жабдууларына болгон суроо-талапты арттырарын, буларды ЕАЭБ өлкөлөрүндө өндүрүү зарылчылыгын баса белгиледи.
"Биздин өнөктөштөр технология алып келет, ал эми Кыргызстан өндүрүш аянтчасын жана жумушчу күчүн берет. Биз машина куроо, электр жабдуулары, курулуш материалдары, фармацевтика жана жеңил өнөр жай багытында биргелешип товар чыгара алабыз", — деди ал.
Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы акыркы беш жылда Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү эки эседен ашык өсүп, 2021-жылдагы 4,24 миллиард доллардан 2025-жылы 9,14 миллиард долларга жеткенин билдирди.