https://sputnik.kg/20261001/ukraina-kiev-vladimir-zelenskij-evakuacziya-1104008173.html
Серепчи: Киев кароосуз калып, Зеленский шаардан эвакуацияланышы ыктымал
Серепчи: Киев кароосуз калып, Зеленский шаардан эвакуацияланышы ыктымал
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Украинанын президенти Владимир Зеленский жана анын өкмөтү Киевден өлкөнүн батышына эвакуацияланышы мүмкүн. Бул тууралуу британиялык... 01.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-01T10:21+0600
2026-10-01T10:21+0600
2026-10-01T10:33+0600
дүйнөдө
украина
киев
владимир зеленский
кризис
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0a/1102331737_0:161:3071:1888_1920x0_80_0_0_5b51c6a9c84c3ac12e7ebb6c94273ded.jpg
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Украинанын президенти Владимир Зеленский жана анын өкмөтү Киевден өлкөнүн батышына эвакуацияланышы мүмкүн. Бул тууралуу британиялык саясат таануучу Александр Меркуристин The Duran YouTube каналында айткан сөздөрүнө таянып, РИА Новости жазды. Меркурис белгилегендей, Киевдеги кырдаал мамлекеттик органдардын ишин бара-бара кыйындатып жатат, ал эми транспорттук түйүндөр эң аялуу тармакка айланды.Владимир Зеленскийдин мурдагы маалымат катчысы Юлия Мендель дагы X социалдык тармагындагы баракчасына күчөп бара жаткан коркунучтан жана турмуш-тиричилик шарттарынын начарлашынан улам Киевдин тургундары шаарды массалык түрдө таштап кетип жатканын жазган. Мендельдин айтымында, куралдуу жаңжал кыйла убакыттан бери уланууда, бирок Украина өкмөтү стратегиялык жактан үйрөнгөн жалгыз нерсе — өз элин тоноо болуп калды.“Укрэнерго” шаршемби күнү кечинде Киев шаарында, ошондой эле Киев, Чернигов жана Житомир облустарында жарык авариялык түрдө өчүрүлгөнүн билдирди.
https://sputnik.kg/20260930/ukrainalyktardyn-ehki-zholu-bar-1103982489.html
украина
киев
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0a/1102331737_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_7ce1ff16a0f8890c8c1e2643b010e88c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, киев, владимир зеленский, кризис
дүйнөдө, украина, киев, владимир зеленский, кризис
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Украинанын президенти Владимир Зеленский жана анын өкмөтү Киевден өлкөнүн батышына эвакуацияланышы мүмкүн. Бул тууралуу британиялык саясат таануучу Александр Меркуристин The Duran YouTube каналында айткан сөздөрүнө таянып,
РИА Новости жазды. Меркурис белгилегендей, Киевдеги кырдаал мамлекеттик органдардын ишин бара-бара кыйындатып жатат, ал эми транспорттук түйүндөр эң аялуу тармакка айланды.
“Эгер мындай нерсе боло турган болсо, Киев жөн эле кароосуз калат. Калктын көбү өкмөт менен бирге кетип калат деп ойлойм”, — деди саясат таануучу.
Владимир Зеленскийдин мурдагы маалымат катчысы Юлия Мендель дагы X социалдык тармагындагы баракчасына күчөп бара жаткан коркунучтан жана турмуш-тиричилик шарттарынын начарлашынан улам Киевдин тургундары шаарды массалык түрдө таштап кетип жатканын жазган. Мендельдин айтымында, куралдуу жаңжал кыйла убакыттан бери уланууда, бирок Украина өкмөтү стратегиялык жактан үйрөнгөн жалгыз нерсе — өз элин тоноо болуп калды.
“Эч кандай жардам, эч кандай туруктуулук жок, чексиз азап-кайгынын үстүнөн жасалган ири масштабдуу пиар гана бар”, — деп нааразы болду мурдагы маалымат катчы.
“Укрэнерго” шаршемби күнү кечинде Киев шаарында, ошондой эле Киев, Чернигов жана Житомир облустарында жарык авариялык түрдө өчүрүлгөнүн билдирди.