https://sputnik.kg/20261001/samakov-ukmk-kaytargan-mulkko-kyzykty--1104014750.html
Самаков: УКМК кайтарган мүлктүн баасы боюнча айырмага ким жооп берет?
Самаков: УКМК кайтарган мүлктүн баасы боюнча айырмага ким жооп берет?
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кубанычбек Самаков УКМК тарабынан мамлекетке кайтарылган мүлктүн баасы боюнча айтылган... 01.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-01T13:00+0600
2026-10-01T13:00+0600
2026-10-01T13:00+0600
кыргызстан
жогорку кеңеш
мүлк
укмк
менчик
депутат
кубанычбек самаков
https://sputnik.kg/img/07e7/09/1b/1078948517_38:259:1280:958_1920x0_80_0_0_39e97e131773d840f812b5e3e10cba23.jpg
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кубанычбек Самаков УКМК тарабынан мамлекетке кайтарылган мүлктүн баасы боюнча айтылган маалыматтардын айырмасына ким жооп берерин сурады. Эл өкүлү бул маселени "Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жаткан учурда көтөрдү. Самаков УКМКнын январь айындагы коллегиясында мамлекетке акчалай жана мүлк түрүндө 352 миллиард сом кайтарылганы айтылганын белгиледи. Ал эми жакында атайын кызматтын жетекчисинин орун басары парламенттин комитет жыйынында кайтарылган мүлктүн көлөмү 100 миллиард сомдун тегерегинде экенин айтканын билдирди. Ага Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин жетекчиси Бексултан Токонов мындай айырмачылыктарга жол бербөө боюнча мындан ары көзөмөл күчөтүлөрүн айтты. Самаков буга чейин мүлктөрдүн баасы туура эмес эсептелип жатканы боюнча тиешелүү органдарга кайрылуу болгон-болбогонун сурады. Белгилей кетсек, УКМК буга чейин уюшкан кылмыштуу топторго тиешелүү жана мыйзамсыз менчиктештирилген деп айтылган жүздөгөн мүлк жана объект мамлекетке кайтарылганын билдирген. Бирок алардын так саны жана жалпы баасы боюнча коомчулукка толук маалымат бериле элек.
https://sputnik.kg/20260813/zhaparov-tashiev-tuuraluu-1102974970.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/09/1b/1078948517_0:145:1280:1106_1920x0_80_0_0_8bba029b6c5466a9812ee238da126eed.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жогорку кеңеш, мүлк, укмк, менчик, депутат, кубанычбек самаков
кыргызстан, жогорку кеңеш, мүлк, укмк, менчик, депутат, кубанычбек самаков
Самаков: УКМК кайтарган мүлктүн баасы боюнча айырмага ким жооп берет?
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кубанычбек Самаков УКМК тарабынан мамлекетке кайтарылган мүлктүн баасы боюнча айтылган маалыматтардын айырмасына ким жооп берерин сурады.
Эл өкүлү бул маселени "Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жаткан учурда көтөрдү.
Самаков УКМКнын январь айындагы коллегиясында мамлекетке акчалай жана мүлк түрүндө 352 миллиард сом кайтарылганы айтылганын белгиледи. Ал эми жакында атайын кызматтын жетекчисинин орун басары парламенттин комитет жыйынында кайтарылган мүлктүн көлөмү 100 миллиард сомдун тегерегинде экенин айтканын билдирди.
"Баштапкы айтылган сумманын теңинен көбү жок болуп жатса, ага ким жооп берет? Силерге 100 сомдук нерсени 100 миң сом десе ала бересиңерби?" — деди депутат.
Ага Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин жетекчиси Бексултан Токонов мындай айырмачылыктарга жол бербөө боюнча мындан ары көзөмөл күчөтүлөрүн айтты.
Самаков буга чейин мүлктөрдүн баасы туура эмес эсептелип жатканы боюнча тиешелүү органдарга кайрылуу болгон-болбогонун сурады.
"Мындан ары эмес, буга чейинки сандар боюнча ортодогу айырмага бирөө жооп бериши керек. Бул оңой сумма эмес", — деди эл өкүлү.
Белгилей кетсек, УКМК буга чейин уюшкан кылмыштуу топторго тиешелүү жана мыйзамсыз менчиктештирилген деп айтылган жүздөгөн мүлк жана объект мамлекетке кайтарылганын билдирген. Бирок алардын так саны жана жалпы баасы боюнча коомчулукка толук маалымат бериле элек.