https://sputnik.kg/20261001/kyrgyzstan-orus-tili-inzhener-1104023140.html
Кыргызстанда инженер болуу үчүн орус тилин билүү канчалык маанилүү?
Кыргызстанда инженер болуу үчүн орус тилин билүү канчалык маанилүү?
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Кыргызстанда инженердик кесипке ээ болуу үчүн орус тилин билүү канчалык маанилүү экенин Кыргыз мамлекттик техникалык университетинин... 01.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-01T16:42+0600
2026-10-01T16:42+0600
2026-10-01T16:42+0600
кыргызстан
орус тили
билим
форум
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/01/1104020556_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_8c1bc72bb13a2c334ee9f40c1084b4ba.jpg
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Кыргызстанда инженердик кесипке ээ болуу үчүн орус тилин билүү канчалык маанилүү экенин Кыргыз мамлекттик техникалык университетинин илимий иштер боюнча проректору Римма Элеманова Sputnik агенттигинин маалымат борборунда айтып берди. Эскерте кетсек, КРСУда III Россия-Кыргыз билим берүү форуму өтүп жатат. Элеманова билдиргендей, орус тили өлкөдө расмий макамга ээ жана билим берүүдө басымдуулук кылат. Буга негизинен техникалык тармактагы терминдердин орус тилинде болгону себеп. Ошол эле учурда проректор КМТУда окутуунун 90 пайызы орус тилинде жүргүзүлөрүн, бирок материалдар кыргызчага да которулуп жатканын кошумчалады.
https://sputnik.kg/20261001/kmtu-rektor-rossiya-joj-produktsyya-chygaruu-1104021510.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/01/1104020556_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_8880a5fa79e3efdc7c73600eafa00c6a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, орус тили, билим, форум
кыргызстан, орус тили, билим, форум
Кыргызстанда инженер болуу үчүн орус тилин билүү канчалык маанилүү?
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Кыргызстанда инженердик кесипке ээ болуу үчүн орус тилин билүү канчалык маанилүү экенин Кыргыз мамлекттик техникалык университетинин илимий иштер боюнча проректору Римма Элеманова Sputnik агенттигинин маалымат борборунда айтып берди.
Эскерте кетсек, КРСУда III Россия-Кыргыз билим берүү форуму өтүп жатат.
Элеманова билдиргендей, орус тили өлкөдө расмий макамга ээ жана билим берүүдө басымдуулук кылат. Буга негизинен техникалык тармактагы терминдердин орус тилинде болгону себеп.
"Бул тилде билим алгандар КМШнын каалаган өлкөсүндө жумушка орношо алат. Эч кандай тоскоолдук жок. Бул — бирдиктүү кадрдык мейкиндикти түзүү жолдорунун бири", — деди ал.
Ошол эле учурда проректор КМТУда окутуунун 90 пайызы орус тилинде жүргүзүлөрүн, бирок материалдар кыргызчага да которулуп жатканын кошумчалады.