https://sputnik.kg/20260930/bishkekte-bir-knd-ch-avtobus-zhol-kyrsygyna-kiripter-bolgon-video-1103992073.html
Бишкекте бир күндө үч автобус жол кырсыгына кириптер болгон. Видео
Бишкекте бир күндө үч автобус жол кырсыгына кириптер болгон. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Бишкекте бир күндө коомдук транспорт катышкан үч жол кырсыгы катталып, автобустарда бара жаткан бир нече жүргүнчү жабыркады. Бул... 30.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-30T13:42+0600
2026-09-30T13:42+0600
2026-09-30T13:42+0600
кыргызстан
бишкек
жол кырсык
автобус
мэрия
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0e/1102412364_0:171:1012:740_1920x0_80_0_0_bd1797b6452a4f4ce791c92e4d012b3e.jpg
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Бишкекте бир күндө коомдук транспорт катышкан үч жол кырсыгы катталып, автобустарда бара жаткан бир нече жүргүнчү жабыркады. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлашты. Маалыматка караганда, үч кырсыктын тең видеолорунан жеңил унаалар автобустардын жолуна чыгып, кооптуу кырдаал жаратканын көрүүгө болот. Алгачкы кырсык Айтматов проспектинде болгон. Атайын тилке менен бара жаткан №9 автобустун алдынан Kia үлгүсүндөгү унаа өтүүгө аракет кылган. Кагылышуудан автобустагы жаш кыз жабыркап, ооруканага жеткирилген. Экинчи кырсык Айтматов жана Жаманбаев көчөлөрүнүн кесилишинде №203 автобустун катышуусунда катталган. Кагылышуудан бир аял жана 21 жаштагы кыз жаракат алып, бейтапканага жеткирилген. Үчүнчү кырсык Чүй проспекти менен Жаш гвардия бульварынын кесилишинде болгон. №215 автобустун жолуна жеңил унаа чыга калып, кагылышкан. Автобустагы аял баласы экөө жабыркаган. Тез жардам текшергенден кийин жабыркагандар ооруканага баруудан баш тартышкан. Жол кырсыктары боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
https://sputnik.kg/20260929/avtobus-menen-mercedes-kagylyshy-bishkek-video-1103970275.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0e/1102412364_0:6:1013:765_1920x0_80_0_0_dd29126895a14cc4091ae70d14164959.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, жол кырсык, автобус, мэрия
кыргызстан, бишкек, жол кырсык, автобус, мэрия
Бишкекте бир күндө үч автобус жол кырсыгына кириптер болгон. Видео
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Бишкекте бир күндө коомдук транспорт катышкан үч жол кырсыгы катталып, автобустарда бара жаткан бир нече жүргүнчү жабыркады. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, үч кырсыктын тең видеолорунан жеңил унаалар автобустардын жолуна чыгып, кооптуу кырдаал жаратканын көрүүгө болот.
Алгачкы кырсык Айтматов проспектинде болгон. Атайын тилке менен бара жаткан №9 автобустун алдынан Kia үлгүсүндөгү унаа өтүүгө аракет кылган. Кагылышуудан автобустагы жаш кыз жабыркап, ооруканага жеткирилген.
Экинчи кырсык Айтматов жана Жаманбаев көчөлөрүнүн кесилишинде №203 автобустун катышуусунда катталган. Кагылышуудан бир аял жана 21 жаштагы кыз жаракат алып, бейтапканага жеткирилген.
Үчүнчү кырсык Чүй проспекти менен Жаш гвардия бульварынын кесилишинде болгон. №215 автобустун жолуна жеңил унаа чыга калып, кагылышкан. Автобустагы аял баласы экөө жабыркаган. Тез жардам текшергенден кийин жабыркагандар ооруканага баруудан баш тартышкан.
Жол кырсыктары боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.