Кыргызстанда 100 жаш жана андан улуу курактагы 178 карыя жашайт
Кыргызстанда 100 жаш жана андан улуу курактагы 178 карыя жашайт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Улгайган адамдардын эл аралык күнүн утурлай кылым карыта жашаган... 30.09.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Улгайган адамдардын эл аралык күнүн утурлай кылым карыта жашаган карыялардан кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Социалдык фонддун маалыматы боюнча, учурда республикада 100 жаш жана андан жогорку курактагы 178 жаран жашайт. Анын 21и Бишкекте. Иш-чаранын алкагында Амангелдиев Кичикан Чолиева, Бурул Дүйшалиева жана Ефросинья Соколовадан кабар алып, узак жашоочуларга белектер тапшырылып, материалдык жардам көрсөтүлдү. Жолугушуулардын жүрүшүндө улуу муун өкүлдөрүнүн өмүр жолу, алардын салымы, ошондой эле үй-бүлөлүк жана адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоодогу ролу тууралуу баарлашуу болду.
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Улгайган адамдардын эл аралык күнүн утурлай кылым карыта жашаган карыялардан кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Узак жашоочуларга белектер тапшырылып, материалдык жардам көрсөтүлдү
Социалдык фонддун маалыматы боюнча, учурда республикада 100 жаш жана андан жогорку курактагы 178 жаран жашайт. Анын 21и Бишкекте.
Иш-чаранын алкагында Амангелдиев Кичикан Чолиева, Бурул Дүйшалиева жана Ефросинья Соколовадан кабар алып, узак жашоочуларга белектер тапшырылып, материалдык жардам көрсөтүлдү. Жолугушуулардын жүрүшүндө улуу муун өкүлдөрүнүн өмүр жолу, алардын салымы, ошондой эле үй-бүлөлүк жана адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоодогу ролу тууралуу баарлашуу болду.