https://sputnik.kg/20260929/bishkekte-rossiyanyn-zhogorku-okuu-zhaylarynyn-krgzms-tt-1103966920.html
Бишкекте Россиянын жогорку окуу жайларынын көргөзмөсү өтөт
Бишкекте Россиянын жогорку окуу жайларынын көргөзмөсү өтөт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Бишкекте 2-октябрда III Россия-Кыргыз билим берүү форумунун алкагында россиялык университеттердин көргөзмөсү өтөт. 29.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-29T11:45+0600
2026-09-29T11:45+0600
2026-09-29T11:45+0600
кыргызстан
бишкек
россия
окуу жай
көргөзмө
https://sputnik.kg/img/07e6/04/05/1063406563_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_af7742baea57cbbe283ba9a134785881.jpg
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Бишкекте 2-октябрда III Россия-Кыргыз билим берүү форумунун алкагында россиялык университеттердин көргөзмөсү өтөт.Абитуриенттер, алардын ата-энелери жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү жогорку окуу жайлардын кызматкерлери менен түздөн-түз баарлашып, билим берүү программалары, даярдоо багыттары, окууга тапшыруу шарттары жана Россияда билим алуунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат ала алышат.Көргөзмөгө Москва, Санкт-Петербург, Самара, Астрахань, Томск, Уфа, Кострома жана Россиянын башка шаарларынан инженердик, IT, медициналык, агрардык, транспорттук жана классикалык багыттагы университеттер катышат.Мындан тышкары, Россотрудничествонун өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери РФ өкмөтүнүн квоталарынын негизинде россиялык ЖОЖдорго тапшыруу маселелери боюнча жеринде кеңеш беришет.Иш-чара саат 10:00дөн 17:00гө чейин КРСУнун башкы корпусунда өтөт.
https://sputnik.kg/20260806/krsu-borbor-aziya-mykty-universitet-aylanat-1102825750.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/04/05/1063406563_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_e0ed33bd1af8994c5e58d640bd9f1ff5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, россия, окуу жай, көргөзмө
кыргызстан, бишкек, россия, окуу жай, көргөзмө
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Бишкекте 2-октябрда III Россия-Кыргыз билим берүү форумунун алкагында россиялык университеттердин көргөзмөсү өтөт.
Абитуриенттер, алардын ата-энелери жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү жогорку окуу жайлардын кызматкерлери менен түздөн-түз баарлашып, билим берүү программалары, даярдоо багыттары, окууга тапшыруу шарттары жана Россияда билим алуунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат ала алышат.
Көргөзмөгө Москва, Санкт-Петербург, Самара, Астрахань, Томск, Уфа, Кострома жана Россиянын башка шаарларынан инженердик, IT, медициналык, агрардык, транспорттук жана классикалык багыттагы университеттер катышат.
Мындан тышкары, Россотрудничествонун өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери РФ өкмөтүнүн квоталарынын негизинде россиялык ЖОЖдорго тапшыруу маселелери боюнча жеринде кеңеш беришет.
Иш-чара саат 10:00дөн 17:00гө чейин КРСУнун башкы корпусунда өтөт.