https://sputnik.kg/20260927/ymyrkaj-olumu-tuuraluu-maek-1103904685.html
Жарым жылда 600дөн ашуун ымыркай чарчап калды. Себеби жана алдын алуу чаралары
Жарым жылда 600дөн ашуун ымыркай чарчап калды. Себеби жана алдын алуу чаралары
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жылына 150 миңге чейин бала төрөлөт. Бир жашка чейинки балдардын өлүмүнүн негизги себептеринин 70 пайызга чейинкисин перинаталдык көйгөйлөр түзөт... 27.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-27T13:42+0600
2026-09-27T13:42+0600
2026-09-27T13:42+0600
кыргызстан
төрөт
эне
ымыркай
өлүм
медицина
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/12/1054639659_0:42:3072:1770_1920x0_80_0_0_bd3b9d41dbd7e56b3d5583a59c8d7e2a.jpg
Sputnik Кыргызстан радиосунда конокто Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңы төрөлгөн жана ара төрөлгөн балдардын патологиясы бөлүмүнүн башчысы Сагынбү Абдувалиева болду. Биз ымыркай менен энелердин өлүмүн шарттаган факторлор, аларды алдын алуу чаралары тууралуу баарлаштык. — Быйыл алты айда бир жашка чейинки 660 бала чарчап калыптыр... — Бир жашка чейинки балдардын өлүмүнүн негизги себептеринин 70 пайызга чейинкисин перинаталдык көйгөйлөр түзөт. Анын ичинде ара төрөлгөн балдар да бар. Кыргызстанда ымыркайлардын 5-6 пайызы ара төрөлөт. Айрыкча салмагы 1500 граммдан төмөн төрөлгөн балдарда коркунуч жогору. Өпкө толук жетиле элек болгондуктан өз алдынча дем алуусу кыйындайт. Ымыркайлардын өлүмүнө тубаса кемтиктер да себеп болууда. Бул маселени алдын алуу үчүн, эң биринчи, ата-эненин ден соолугуна көңүл буруу керек. — Тубаса кемтиктер эмнеден улам пайда болот? — Түйүлдүк алгачкы 12 жумада абдан активдүү өнүгөт. Ушул мезгилде ар кандай терс факторлордун таасири тубаса кемтиктерге алып келиши мүмкүн. Буга ата-эненин ден соолугу, туура эмес тамактануу, организмдеги керектүү заттардын жетишсиздиги жана айлана-чөйрө да таасир берет. Мисалы, фолий кычкылынын жетишсиздиги тубаса кемтик коркунучун жогорулатат. Ошондой эле аз кандуулук жана өнөкөт оорулар да эне-баланын ден соолугуна таасирин тийгизет. Ошондуктан аял кош бойлуу болгондон кийин эмес, ага чейин ден соолугун текшертип, керектүү витаминдерди жана минералдарды толуктап, өнөкөт ооруларын көзөмөлгө алышы керек. — Төрөттөрдүн ортосундагы аралык да маанилүүбү? — Албетте, кеминде үч жыл болгону жакшы. Эне тогуз ай бою баланы көтөрөт, андан кийин аны эмизет. Бул учурда организмдеги көптөгөн керектүү заттар сарпталат. Аялдын толук калыбына келбей туруп кайра кош бойлуу болушу анын да, кийинки баланын да ден соолугуна кедергисин тийгизиши мүмкүн. Бизде жылына миңдей аял жылдын башында жана аягында эки жолу төрөгөн учурлар кездешет. Бат-бат төрөө эненин организмин чарчатат. — Аялдын жашы кош бойлуулукка жана төрөткө канчалык таасир этет? — 18 жашка чейинки энелерде организм толук жетиле элек болгондуктан кош бойлуулук жана төрөт учурунда тобокелдик жогору болот. Ал эми 40 жаштан өткөн аялдарда гормоналдык жана генетикалык өзгөрүүлөргө байланыштуу айрым тобокелдиктер көбөйөт. Ошондуктан бул куракта кош бойлуулукту дыкат пландап, дарыгердин көзөмөлүндө болуу зарыл. — Кош бойлуу аял каттоого турбаса, скринингдерден жана УЗИден өтпөсө кандай коркунучтар жаралат? — Кош бойлуулукту көзөмөлдөө абдан маанилүү. Скрининг жана УЗИ аркылуу айрым тубаса жана генетикалык ооруларды эрте аныктоого болот. Бизде перинаталдык скрининг жүргүзүлөт. Бирок аны дагы жакшыртуу зарыл. Ушул максатта "Үмүт" деп аталган скрининг-долбоор даярдалып жатат. Айрыкча өнөкөт оорусу бар, мурда тубаса кемтик менен бала төрөгөн же үй-бүлөсүндө ушундай учурлар кездешкен аялдар кош бойлуулукка чейин тиешелүү текшерүүдөн өтүшү керек. — Кайсы учурда ымыркайдын өмүрүн сактап калууга болот, ал эми кайсы учурда медицинанын мүмкүнчүлүгү чектелүү? — Бул жерде перинаталдык жардамдын сапаты абдан маанилүү. Перинаталдык жардам кош бойлуулукту көзөмөлдөөнү, төрөттү жана төрөттөн кийинки алгачкы мезгилдеги медициналык жардамды камтыйт. Медициналык кызматкерлер клиникалык протоколдорго ылайык иштеши керек. Анда, мисалы, бала дем албай калса, жүрөгүнүн согушу өзгөрсө же башка кырдаал жаралса кандай жардам көрсөтүү керектиги так белгиленген. Айрыкча оор абалдагы жана ара төрөлгөн балдарга жардам көрсөтүүдө акушер, неонатолог жана башка адистердин биргелешкен иши маанилүү. Ошол эле учурда айрым оор тубаса кемтиктерде же өтө оор абалда медицина бардык учурда эле баланын өмүрүн сактап кала албайт. Бирок көп учурларда ооруну эрте аныктап, туура жардам көрсөтүү менен баланын өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк бар. — Кыргызстанда ымыркайлардын өлүмүнө көбүрөөк себеп болгон оорулар кайсы? — Биринчи орунда перинаталдык мезгилдеги оорулар жана өзгөрүүлөр турат. Андан кийин тубаса кемтиктер, анын ичинде жүрөк, мээ, жүлүн, ашказан жана ичегинин кемтиктери кездешет. Бир жашка чейинки балдар арасында өпкө илдеттери да олуттуу көйгөй. Айрыкча күз-кыш мезгилинде вирустук жана дем алуу органдарынын оорулары көбөйөт. Мындан тышкары, антибиотиктерди дарыгердин көрсөтмөсү жок колдонуу да көйгөй жаратууда. Айрым дарыларды өз алдынча ичүү ооруну дарылоону кыйындатат. Ошондуктан антибиотиктерди жөн эле иче бербеш керек. — Ымыркайлардын ооруларын эрте аныктоо боюнча кандай мүмкүнчүлүктөр бар? — Жаңы төрөлгөн балдарга неонаталдык скрининг жүргүзүлөт. Тамандан алынган бир нече тамчы кан аркылуу тубаса гипотиреоз, фенилкетонурия жана адреногениталдык синдром сыяктуу дарттар аныкталат. Ошондой эле жаңы төрөлгөн балдардын угуусу текшерилет. Ара төрөлгөн балдарда көздүн скрининги жүргүзүлүп, көрүү көйгөйлөрү эрте аныкталат. Мындай текшерүүлөрдү өз убагында жүргүзүү ооруну эрте аныктап, дарылоону баштоого жана анын кесепеттерин азайтууга мүмкүнчүлүк берет. — Медициналык жабдуулар жана адистер жетиштүүбү? — Негизги жабдуулар бар, бирок генетикалык изилдөөлөрдү дагы кеңейтүү зарыл. Кыргызстанга чоң генетикалык консультациялык борбор керек. Адистердин квалификациясын жогорулатуу да маанилүү. Айрыкча райондук деңгээлде неонатологдордун билимин жана тажрыйбасын күчөтүү зарыл. Бул багытта окутуулар, тажрыйба алмашуулар жана эл аралык адистер менен биргелешкен иштер жүргүзүлүп жатат. — Ымыркайлардын өлүмүн азайтууга багытталган чаралар тууралуу айтып берсеңиз? — Биринчиден, кош бойлуулукту алдын ала пландаштыруу керек. Аялдын ден соолугун текшерип, аз кандуулук, өнөкөт оорулар жана организмдеги керектүү заттардын жетишсиздигин кош бойлуулукка чейин аныктоо зарыл. Экинчиден, кош бойлуу учурунда дарыгердин көзөмөлүндө болуп, скринингдерден өз убагында өтүү керек. Үчүнчүдөн, медициналык кызматкерлер клиникалык протоколдорго ылайык, так иштеши зарыл. Ымыркайдын ден соолугу бир гана төрөт учурунда эмес, эненин кош бойлуулукка чейинки жана кош бойлуулук мезгилиндеги саламаттыгына да байланыштуу. Ошондуктан бул көйгөйдү чечүүгө медицина менен катар ата-эне, үй-бүлө жана мамлекет биргелешип аракет кылышы керек.
https://sputnik.kg/20260723/ymyrkaydyn-zhuroguno-operatsiya-zhasaldy-1102558824.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/12/1054639659_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_476c1cfe81b49961a5bf951a0b656c3d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, төрөт, эне, ымыркай, өлүм, медицина
кыргызстан, төрөт, эне, ымыркай, өлүм, медицина
Жарым жылда 600дөн ашуун ымыркай чарчап калды. Себеби жана алдын алуу чаралары
Кыргызстанда жылына 150 миңге чейин бала төрөлөт. Бир жашка чейинки балдардын өлүмүнүн негизги себептеринин 70 пайызга чейинкисин перинаталдык көйгөйлөр түзөт. Анын ичинде ара төрөлгөн балдар да бар. Кыргызстанда ымыркайлардын 5-6 пайызы ара төрөлөт.
Sputnik Кыргызстан радиосунда конокто Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңы төрөлгөн жана ара төрөлгөн балдардын патологиясы бөлүмүнүн башчысы Сагынбү Абдувалиева болду. Биз ымыркай менен энелердин өлүмүн шарттаган факторлор, аларды алдын алуу чаралары тууралуу баарлаштык.
— Быйыл алты айда бир жашка чейинки 660 бала чарчап калыптыр...
— Бир жашка чейинки балдардын өлүмүнүн негизги себептеринин 70 пайызга чейинкисин перинаталдык көйгөйлөр түзөт. Анын ичинде ара төрөлгөн балдар да бар. Кыргызстанда ымыркайлардын 5-6 пайызы ара төрөлөт. Айрыкча салмагы 1500 граммдан төмөн төрөлгөн балдарда коркунуч жогору. Өпкө толук жетиле элек болгондуктан өз алдынча дем алуусу кыйындайт. Ымыркайлардын өлүмүнө тубаса кемтиктер да себеп болууда. Бул маселени алдын алуу үчүн, эң биринчи, ата-эненин ден соолугуна көңүл буруу керек.
— Тубаса кемтиктер эмнеден улам пайда болот?
— Түйүлдүк алгачкы 12 жумада абдан активдүү өнүгөт. Ушул мезгилде ар кандай терс факторлордун таасири тубаса кемтиктерге алып келиши мүмкүн. Буга ата-эненин ден соолугу, туура эмес тамактануу, организмдеги керектүү заттардын жетишсиздиги жана айлана-чөйрө да таасир берет. Мисалы, фолий кычкылынын жетишсиздиги тубаса кемтик коркунучун жогорулатат. Ошондой эле аз кандуулук жана өнөкөт оорулар да эне-баланын ден соолугуна таасирин тийгизет.
Ошондуктан аял кош бойлуу болгондон кийин эмес, ага чейин ден соолугун текшертип, керектүү витаминдерди жана минералдарды толуктап, өнөкөт ооруларын көзөмөлгө алышы керек.
— Төрөттөрдүн ортосундагы аралык да маанилүүбү?
— Албетте, кеминде үч жыл болгону жакшы. Эне тогуз ай бою баланы көтөрөт, андан кийин аны эмизет. Бул учурда организмдеги көптөгөн керектүү заттар сарпталат. Аялдын толук калыбына келбей туруп кайра кош бойлуу болушу анын да, кийинки баланын да ден соолугуна кедергисин тийгизиши мүмкүн.
Бизде жылына миңдей аял жылдын башында жана аягында эки жолу төрөгөн учурлар кездешет. Бат-бат төрөө эненин организмин чарчатат.
— Аялдын жашы кош бойлуулукка жана төрөткө канчалык таасир этет?
— 18 жашка чейинки энелерде организм толук жетиле элек болгондуктан кош бойлуулук жана төрөт учурунда тобокелдик жогору болот. Ал эми 40 жаштан өткөн аялдарда гормоналдык жана генетикалык өзгөрүүлөргө байланыштуу айрым тобокелдиктер көбөйөт. Ошондуктан бул куракта кош бойлуулукту дыкат пландап, дарыгердин көзөмөлүндө болуу зарыл.
— Кош бойлуу аял каттоого турбаса, скринингдерден жана УЗИден өтпөсө кандай коркунучтар жаралат?
— Кош бойлуулукту көзөмөлдөө абдан маанилүү. Скрининг жана УЗИ аркылуу айрым тубаса жана генетикалык ооруларды эрте аныктоого болот. Бизде перинаталдык скрининг жүргүзүлөт. Бирок аны дагы жакшыртуу зарыл. Ушул максатта "Үмүт" деп аталган скрининг-долбоор даярдалып жатат.
Айрыкча өнөкөт оорусу бар, мурда тубаса кемтик менен бала төрөгөн же үй-бүлөсүндө ушундай учурлар кездешкен аялдар кош бойлуулукка чейин тиешелүү текшерүүдөн өтүшү керек.
— Кайсы учурда ымыркайдын өмүрүн сактап калууга болот, ал эми кайсы учурда медицинанын мүмкүнчүлүгү чектелүү?
— Бул жерде перинаталдык жардамдын сапаты абдан маанилүү. Перинаталдык жардам кош бойлуулукту көзөмөлдөөнү, төрөттү жана төрөттөн кийинки алгачкы мезгилдеги медициналык жардамды камтыйт. Медициналык кызматкерлер клиникалык протоколдорго ылайык иштеши керек. Анда, мисалы, бала дем албай калса, жүрөгүнүн согушу өзгөрсө же башка кырдаал жаралса кандай жардам көрсөтүү керектиги так белгиленген.
Айрыкча оор абалдагы жана ара төрөлгөн балдарга жардам көрсөтүүдө акушер, неонатолог жана башка адистердин биргелешкен иши маанилүү. Ошол эле учурда айрым оор тубаса кемтиктерде же өтө оор абалда медицина бардык учурда эле баланын өмүрүн сактап кала албайт. Бирок көп учурларда ооруну эрте аныктап, туура жардам көрсөтүү менен баланын өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк бар.
— Кыргызстанда ымыркайлардын өлүмүнө көбүрөөк себеп болгон оорулар кайсы?
— Биринчи орунда перинаталдык мезгилдеги оорулар жана өзгөрүүлөр турат. Андан кийин тубаса кемтиктер, анын ичинде жүрөк, мээ, жүлүн, ашказан жана ичегинин кемтиктери кездешет.
Бир жашка чейинки балдар арасында өпкө илдеттери да олуттуу көйгөй. Айрыкча күз-кыш мезгилинде вирустук жана дем алуу органдарынын оорулары көбөйөт.
Мындан тышкары, антибиотиктерди дарыгердин көрсөтмөсү жок колдонуу да көйгөй жаратууда. Айрым дарыларды өз алдынча ичүү ооруну дарылоону кыйындатат. Ошондуктан антибиотиктерди жөн эле иче бербеш керек.
— Ымыркайлардын ооруларын эрте аныктоо боюнча кандай мүмкүнчүлүктөр бар?
— Жаңы төрөлгөн балдарга неонаталдык скрининг жүргүзүлөт. Тамандан алынган бир нече тамчы кан аркылуу тубаса гипотиреоз, фенилкетонурия жана адреногениталдык синдром сыяктуу дарттар аныкталат.
Ошондой эле жаңы төрөлгөн балдардын угуусу текшерилет. Ара төрөлгөн балдарда көздүн скрининги жүргүзүлүп, көрүү көйгөйлөрү эрте аныкталат.
Мындай текшерүүлөрдү өз убагында жүргүзүү ооруну эрте аныктап, дарылоону баштоого жана анын кесепеттерин азайтууга мүмкүнчүлүк берет.
— Медициналык жабдуулар жана адистер жетиштүүбү?
— Негизги жабдуулар бар, бирок генетикалык изилдөөлөрдү дагы кеңейтүү зарыл. Кыргызстанга чоң генетикалык консультациялык борбор керек.
Адистердин квалификациясын жогорулатуу да маанилүү. Айрыкча райондук деңгээлде неонатологдордун билимин жана тажрыйбасын күчөтүү зарыл. Бул багытта окутуулар, тажрыйба алмашуулар жана эл аралык адистер менен биргелешкен иштер жүргүзүлүп жатат.
— Ымыркайлардын өлүмүн азайтууга багытталган чаралар тууралуу айтып берсеңиз?
— Биринчиден, кош бойлуулукту алдын ала пландаштыруу керек. Аялдын ден соолугун текшерип, аз кандуулук, өнөкөт оорулар жана организмдеги керектүү заттардын жетишсиздигин кош бойлуулукка чейин аныктоо зарыл. Экинчиден, кош бойлуу учурунда дарыгердин көзөмөлүндө болуп, скринингдерден өз убагында өтүү керек. Үчүнчүдөн, медициналык кызматкерлер клиникалык протоколдорго ылайык, так иштеши зарыл.
Ымыркайдын ден соолугу бир гана төрөт учурунда эмес, эненин кош бойлуулукка чейинки жана кош бойлуулук мезгилиндеги саламаттыгына да байланыштуу. Ошондуктан бул көйгөйдү чечүүгө медицина менен катар ата-эне, үй-бүлө жана мамлекет биргелешип аракет кылышы керек.