https://sputnik.kg/20260924/kyrgyzstan-birinchi-zholu-kosmosko-sputnik-uchurat-1103878859.html
Кыргызстан биринчи жолу космоско спутник учурат. Видео
Кыргызстан биринчи жолу космоско спутник учурат. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Кыргызстан биринчи жолу космоско спутник учурат. Журналисттерге спутник Бишкектеги Ленин заводунда көрсөтүлдү. 24.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-24T15:54+0600
2026-09-24T15:54+0600
2026-09-24T19:59+0600
кыргызстан
спутник
айыл чарба
космос
https://sputnik.kg/img/07ea/09/18/1103878552_0:97:1280:817_1920x0_80_0_0_071433f08fabd5ba0877beca6b1e72ed.jpg
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Кыргызстан биринчи жолу космоско спутник учурат. Журналисттерге спутник Бишкектеги Ленин заводунда көрсөтүлдү. Аны иштеп чыгууга 2,5 жыл кеткен. Салмагы 5 килограмм. Спутникти 1-октябрда Калифорния аймагынан учуруу пландалууда. Минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков спутниктен алынган сүрөттөрдү жана башка маалыматтарды пайдалануу айыл чарбасын жаңы деңгээлге чыгарарын белгиледи. "Кыргыз электроника" ААКсынын директору Илья Черный спутник көп тармактуу экенин, мисалы, анда Айыл чарба министрлигине керектүү жогорку сапаттагы камералар бар экенин айтты. Иштеп чыгууга кыргызстандык он инженер катышкан. "Технологиялардын көпчүлүгү Россиядагыдай эле, анткени спутникти нөлдөн баштап иштеп чыгуу 5-10 жылды талап кылат", — деп түшүндүрдү ал.
https://sputnik.kg/20260924/zhasalma-akyl-zhugoru-kun-karama-osturuu-1103872205.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/18/1103878552_0:0:1280:960_1920x0_80_0_0_11af0dfe416f7a24e88513498f674f59.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, спутник, айыл чарба, космос
кыргызстан, спутник, айыл чарба, космос
Кыргызстан биринчи жолу космоско спутник учурат. Видео
15:54 24.09.2026 (Жаңыртылды: 19:59 24.09.2026) БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Кыргызстан биринчи жолу космоско спутник учурат. Журналисттерге спутник Бишкектеги Ленин заводунда көрсөтүлдү.
Аны иштеп чыгууга 2,5 жыл кеткен. Салмагы 5 килограмм. Спутникти 1-октябрда Калифорния аймагынан учуруу пландалууда.
Минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков спутниктен алынган сүрөттөрдү жана башка маалыматтарды пайдалануу айыл чарбасын жаңы деңгээлге чыгарарын белгиледи.
"Үшүк жүрүү же кургакчылык коркунучун алдын ала байкап, түшүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн да колдонсо болот. Буга чейин "Кыргыз электроника" компьютерлерди жана ККМ аппараттарын чогултуп келсе, бүгүн биз жаңы деңгээлге чыгып жатабыз", — деди Акунбеков.
"Кыргыз электроника" ААКсынын директору Илья Черный спутник көп тармактуу экенин, мисалы, анда Айыл чарба министрлигине керектүү жогорку сапаттагы камералар бар экенин айтты. Иштеп чыгууга кыргызстандык он инженер катышкан.
"Технологиялардын көпчүлүгү Россиядагыдай эле, анткени спутникти нөлдөн баштап иштеп чыгуу 5-10 жылды талап кылат", — деп түшүндүрдү ал.