https://sputnik.kg/20260920/mamduma-shayloosu-6-milliongo-chukul-rossiyalyk-zharan-dobushun-onlayn-berdi-1103784170.html
Мамдума шайлоосу: 6 миллионго чукул россиялык жаран добушун онлайн берди
Мамдума шайлоосу: 6 миллионго чукул россиялык жаран добушун онлайн берди
Sputnik Кыргызстан
Электрондук добуш берүүгө катышкандардын саны 82 пайызга жетти. Москвада бул ыкманы 2,5 миллион адам колдонгон. 20.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-20T11:32+0600
2026-09-20T11:32+0600
2026-09-20T11:35+0600
дүйнөдө
россия
россиянын мамдумасына болгон шайлоо
эл
добуш берүү
https://sputnik.kg/img/07ea/09/14/1103783504_0:0:3004:1691_1920x0_80_0_0_3e0d8f852a31d78cdd0776575f7cc2d1.jpg
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Аралыктан электрондук добуш берүү порталынын жана Москва шаардык коомдук штабынын маалыматына ылайык, Россиянын Мамлекеттик Думасына жүрүп жаткан шайлоодо алты миллионго чукул россиялык добушун онлайн берди. Москва убактысы менен түнкү саат 02:00гө карата федералдык жана бир мандаттуу округдар боюнча аралыктан электрондук добуш берүүгө (ДЭГ) 3,3 миллиондон ашык бюллетень берилген. Добуш берүүнүн дал ушул ыкмасын тандагандардын активдүүлүгү 82 пайызды түздү. Москвада 2,5 миллионго жакын адам электрондук форматта өз тандоосун жасады. Ал эми жалпы санды эсептей келгенде 2,8 миллионду түзгөн. Аралыктан электрондук добуш берүү 33 аймакта өтүп жатат. Жекшемби күнү эртең мененки маалыматка ылайык, Мамлекеттик Думага шайлоодо жарандардын жалпы катышуусу 45 пайызды түзгөнүн Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Бүгүн, 20-сентябрда, үч күнгө созулган добуш берүүнүн акыркы күнү өтүп жатат. Федералдык шайлоо округу боюнча "Единая Россия", ЛДПР, Партия прямой демократии, "Зеленые", "Справедливая Россия", "Родина", КПРФ, Партия пенсионеров, "Коммунисты России" жана "Новые люди" партиялары ат салышууда. Россия боюнча ар кандай деңгээлдеги 2,2 миңден ашык жерде бул саясий өнөктүк жүрүп жатат. Анын алкагында 20,7 миң депутат жана жергиликтүү жетекчилер шайланмакчы.
https://sputnik.kg/20260920/rossiya-shajloo-kyrgyzstan-uchastok-1103775160.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/14/1103783504_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_069a39c858c044147f8c3d3a970994ab.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, россиянын мамдумасына болгон шайлоо, эл, добуш берүү
дүйнөдө, россия, россиянын мамдумасына болгон шайлоо, эл, добуш берүү
Мамдума шайлоосу: 6 миллионго чукул россиялык жаран добушун онлайн берди
11:32 20.09.2026 (Жаңыртылды: 11:35 20.09.2026) Электрондук добуш берүүгө катышкандардын саны 82 пайызга жетти. Москвада бул ыкманы 2,5 миллион адам колдонгон.
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Аралыктан электрондук добуш берүү порталынын жана Москва шаардык коомдук штабынын маалыматына ылайык, Россиянын Мамлекеттик Думасына жүрүп жаткан шайлоодо алты миллионго чукул россиялык добушун онлайн берди.
Москва убактысы менен түнкү саат 02:00гө карата федералдык жана бир мандаттуу округдар боюнча аралыктан электрондук добуш берүүгө (ДЭГ) 3,3 миллиондон ашык бюллетень берилген. Добуш берүүнүн дал ушул ыкмасын тандагандардын активдүүлүгү 82 пайызды түздү.
Москвада 2,5 миллионго жакын адам электрондук форматта өз тандоосун жасады. Ал эми жалпы санды эсептей келгенде 2,8 миллионду түзгөн. Аралыктан электрондук добуш берүү 33 аймакта өтүп жатат.
Жекшемби күнү эртең мененки маалыматка ылайык, Мамлекеттик Думага шайлоодо жарандардын жалпы катышуусу 45 пайызды түзгөнүн Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Бүгүн, 20-сентябрда, үч күнгө созулган добуш берүүнүн акыркы күнү өтүп жатат. Федералдык шайлоо округу боюнча "Единая Россия", ЛДПР, Партия прямой демократии, "Зеленые", "Справедливая Россия", "Родина", КПРФ, Партия пенсионеров, "Коммунисты России" жана "Новые люди" партиялары ат салышууда.
Россия боюнча ар кандай деңгээлдеги 2,2 миңден ашык жерде бул саясий өнөктүк жүрүп жатат. Анын алкагында 20,7 миң депутат жана жергиликтүү жетекчилер шайланмакчы.