Кыргызстан Россияга айыл чарба багытында бир нече долбоор сунуштады

© Photo / пресс-служба кабмина
Жазылуу
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Санкт-Петербург шаарында Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Дмитрий Патрушев менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, тараптар кайра иштетүүчү ишканаларды түзүү, логистикалык жана кампалык инфраструктураны өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияны Россиянын рыногуна чыгарууну кеңейтүү маселелерин талкуулашкан.
Акунбеков балык чарбачылыгы тармагында ар тараптуу кызматташуу, айыл чарба продуктуларын кайра иштетүү боюнча биргелешкен эки тараптуу жаңы долбоорлорду иштеп чыгууну сунуштаган.
Маалыматка караганда, 2025-жылы Кыргызстан менен Россиянын айыл чарба жана кайра иштетилген продукциялары боюнча соода жүгүртүүсү 652,3 миллион долларды түзгөн. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 88,5 миллион долларга көп.
Жолугушуунун жыйынтыгында балык чарбачылыгы тармагындагы долбоорлор боюнча биргелешкен жол карталарды иштеп чыгуу макулдашылган.