https://sputnik.kg/20260918/talas-suu-kutkaruu-siyloo-1103759285.html
Таласта курман болгон куткаруучунун үй-бүлөсүнө батир берилди
Таласта курман болгон куткаруучунун үй-бүлөсүнө батир берилди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Талас облусунда сууга чөккөн баланы издөө-куткаруу иштери учурунда курман болгон Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери Аскар... 18.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-18T16:16+0600
2026-09-18T16:16+0600
2026-09-18T16:16+0600
кыргызстан
талас
куткаруучу
сыйлык
батир
https://sputnik.kg/img/07ea/09/12/1103758050_0:84:1600:984_1920x0_80_0_0_10cabfaac1d98739ea24cdbb9d6a572a.jpg
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Талас облусунда сууга чөккөн баланы издөө-куткаруу иштери учурунда курман болгон Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери Аскар Казыбековдун үй-бүлөсүнө борбор калаадан эки бөлмөлүү батир тапшырылды.Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев маркум куткаруучунун жубайы Самара Равшан кызы менен жолугуп, жаңы батирдин документтерин жана турак жайдын ачкычын жеке өзү тапшырды. Өкмөт башчы маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтып, мамлекет мындан ары да аларга зарыл болгон бардык колдоолорду көрсөтөрүн баса белгиледи.Эске салсак, ӨКМдин куткаруучусу Аскар Казыбеков быйыл 27-июнда Талас дарыясында сууга чөккөн өспүрүмдү издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү учурунда сууга агып кетип, кызматтык милдетин аткаруу маалында каза тапкан.Жакында эле мамлекет башчысынын жарлыгы менен маркум Аскар Казыбековго адам өмүрүн сактоодо көрсөткөн каармандыгы жана тайманбастыгы үчүн "Эрдик" ордени каза болгондон кийин ыйгарылган.
https://sputnik.kg/20260916/-korumdu-dainda-jok-alpinist-smirnov-kutkaruuchular-1103689869.html
талас
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/12/1103758050_89:0:1512:1067_1920x0_80_0_0_6470b6cc9d9e981629fd8669eddeaca7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, талас, куткаруучу, сыйлык, батир
кыргызстан, талас, куткаруучу, сыйлык, батир
Таласта курман болгон куткаруучунун үй-бүлөсүнө батир берилди
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Талас облусунда сууга чөккөн баланы издөө-куткаруу иштери учурунда курман болгон Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери Аскар Казыбековдун үй-бүлөсүнө борбор калаадан эки бөлмөлүү батир тапшырылды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев маркум куткаруучунун жубайы Самара Равшан кызы менен жолугуп, жаңы батирдин документтерин жана турак жайдын ачкычын жеке өзү тапшырды. Өкмөт башчы маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтып, мамлекет мындан ары да аларга зарыл болгон бардык колдоолорду көрсөтөрүн баса белгиледи.
Эске салсак, ӨКМдин куткаруучусу Аскар Казыбеков быйыл 27-июнда Талас дарыясында сууга чөккөн өспүрүмдү издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү учурунда сууга агып кетип, кызматтык милдетин аткаруу маалында каза тапкан.
Жакында эле мамлекет башчысынын жарлыгы менен маркум Аскар Казыбековго адам өмүрүн сактоодо көрсөткөн каармандыгы жана тайманбастыгы үчүн "Эрдик" ордени каза болгондон кийин ыйгарылган.