https://sputnik.kg/20260918/mendel-zelenskiy-tynchtykka-kelch-besh-variantty-chetke-kakty-1103741140.html
Мендель: Зеленский тынчтыкка келчү беш вариантты четке какты
Мендель: Зеленский тынчтыкка келчү беш вариантты четке какты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Владимир Зеленскийдин мурдагы маалымат катчысы Юлия Мендель Киев бийлигинин башчысы 2022-жылдан бери Россия менен кепке келе турчу... 18.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-18T14:42+0600
2026-09-18T14:42+0600
2026-09-18T14:42+0600
дүйнөдө
украина
улуу британия
владимир зеленский
атайын операция
батыш
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/1e/1097510137_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_f421128a727f074a5222f48b51be7388.jpg
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Владимир Зеленскийдин мурдагы маалымат катчысы Юлия Мендель Киев бийлигинин башчысы 2022-жылдан бери Россия менен кепке келе турчу кеминде беш тынчтык келишимдин вариантынан баш тартканын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. Мендель Зеленский четке каккан эң алгачкы варианттардын бири 2022-жылдын мартында эле сунушталганын билдирди. Анын айтымында, Улуу Британиянын ошол кездеги премьер-министри Борис Жонсондун келиши менен Киевдеги кырдаал кескин өзгөрүп кеткен."Сүйлөшүүлөргө катышкан эки адам менен маектешип калдым, алардын экөө тең Борис Жонсон келгенден кийин (Украинанын — ред.) позициясы өзгөргөнүн билдиришкен. Муну украиналык жогорку кызматтагы аткаминерлердин бири да ачык эле айткан", — деп баса белгиледи Мендель.2022-жылы Стамбулда Россия менен Украина келишим түзөйүн деп калганда Жонсон Зеленскийди айныткан. Андан тышкары, атайын операция башталгандан кийин ал өзү, кийинчерээк Франциянын мурдагы президенти Франсуа Олланд, Германиянын экс-канцлери Ангела Меркель да Лондон, Париж жана Берлин Минск келишимдерин эч качан олуттуу кабыл албаганын айтып чыгышкан. Алардын билдиришинче, келишимдер Киевге курал-жарак топтоого жана Россия менен согушка даярданууга убакыт утуп берүү үчүн гана колдонулган.
https://sputnik.kg/20260918/zelenskiy-prezidenttik-shayloodon-kooptonuuda-1103732447.html
украина
улуу британия
батыш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/1e/1097510137_188:0:2919:2048_1920x0_80_0_0_1e7d71926b81e51a935d394cdf470d84.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, улуу британия, владимир зеленский, атайын операция, батыш
дүйнөдө, украина, улуу британия, владимир зеленский, атайын операция, батыш
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Владимир Зеленскийдин мурдагы маалымат катчысы Юлия Мендель Киев бийлигинин башчысы 2022-жылдан бери Россия менен кепке келе турчу кеминде беш тынчтык келишимдин вариантынан баш тартканын айтты. Бул туурасында
РИА Новости жазды.
"Ал эң аз дегенде беш тынчтык келишимден баш тартты", — деген ал.
Мендель Зеленский четке каккан эң алгачкы варианттардын бири 2022-жылдын мартында эле сунушталганын билдирди. Анын айтымында, Улуу Британиянын ошол кездеги премьер-министри Борис Жонсондун келиши менен Киевдеги кырдаал кескин өзгөрүп кеткен.
"Сүйлөшүүлөргө катышкан эки адам менен маектешип калдым, алардын экөө тең Борис Жонсон келгенден кийин (Украинанын — ред.) позициясы өзгөргөнүн билдиришкен. Муну украиналык жогорку кызматтагы аткаминерлердин бири да ачык эле айткан", — деп баса белгиледи Мендель.
2022-жылы Стамбулда Россия менен Украина келишим түзөйүн деп калганда Жонсон Зеленскийди айныткан. Андан тышкары, атайын операция башталгандан кийин ал өзү, кийинчерээк Франциянын мурдагы президенти Франсуа Олланд, Германиянын экс-канцлери Ангела Меркель да Лондон, Париж жана Берлин Минск келишимдерин эч качан олуттуу кабыл албаганын айтып чыгышкан. Алардын билдиришинче, келишимдер Киевге курал-жарак топтоого жана Россия менен согушка даярданууга убакыт утуп берүү үчүн гана колдонулган.