https://sputnik.kg/20260918/kachkyn-makam-tartip-ozgortuu-sunush-1103758599.html
Качкын макамын алуу эрежелери өзгөрөт. Мыйзам долбоору талкууга чыкты
Качкын макамын алуу эрежелери өзгөрөт. Мыйзам долбоору талкууга чыкты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Өлкөдө чет элдик жарандарга качкын макамын берүү тартиби өзгөртүлүп, бул системаны мыйзамсыз калып калуу же депортациядан качуу үчүн... 18.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-18T18:30+0600
2026-09-18T18:30+0600
2026-09-18T18:30+0600
кыргызстан
качкын
мыйзам долбоору
https://sputnik.kg/img/07e5/01/1b/1051244795_0:161:3068:1887_1920x0_80_0_0_5cc8c1b717dfab00079900b39bcbc48f.jpg
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Өлкөдө чет элдик жарандарга качкын макамын берүү тартиби өзгөртүлүп, бул системаны мыйзамсыз калып калуу же депортациядан качуу үчүн кыянаттык менен пайдалангандарга бөгөт коюу чаралары сунушталууда. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.Буга акыркы жылдары арызы канааттандырылбаган чет элдиктер өлкөдөн чыкпай, кайра-кайра кайрылган 160ка жакын факт себеп болгон. Колдонуудагы мыйзамдарда мындай кайталап кайрылууларды чектөө механизми жок болгондуктан, сот чечимдерине карабастан алардын арыздары кайрадан катталып, карала берген. Натыйжада айрым чет өлкөлүктөр өлкөдөн чыкпай, мыйзамсыз мигранттардын катарын толуктап келишкен.Мындан сырткары, акыркы убакта убактылуу кармоочу жайларда жаткан 26 чет элдик жаран кылмыш жоопкерчилигинен жана депортациядан качуу максатында гана качкын макамын сурап кайрылышкан.Жаңы мыйзам долбооруна ылайык киргизиле турган негизги өзгөрүүлөр:
https://sputnik.kg/20260817/pensiyaga-kantip-chyksa-bolot-1103007858.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/01/1b/1051244795_169:0:2900:2048_1920x0_80_0_0_f3e9a4114df5e10f24cf0023644c164d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, качкын, мыйзам долбоору
кыргызстан, качкын, мыйзам долбоору
Качкын макамын алуу эрежелери өзгөрөт. Мыйзам долбоору талкууга чыкты
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Өлкөдө чет элдик жарандарга качкын макамын берүү тартиби өзгөртүлүп, бул системаны мыйзамсыз калып калуу же депортациядан качуу үчүн кыянаттык менен пайдалангандарга бөгөт коюу чаралары сунушталууда. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Буга акыркы жылдары арызы канааттандырылбаган чет элдиктер өлкөдөн чыкпай, кайра-кайра кайрылган 160ка жакын факт себеп болгон. Колдонуудагы мыйзамдарда мындай кайталап кайрылууларды чектөө механизми жок болгондуктан, сот чечимдерине карабастан алардын арыздары кайрадан катталып, карала берген. Натыйжада айрым чет өлкөлүктөр өлкөдөн чыкпай, мыйзамсыз мигранттардын катарын толуктап келишкен.
Мындан сырткары, акыркы убакта убактылуу кармоочу жайларда жаткан 26 чет элдик жаран кылмыш жоопкерчилигинен жана депортациядан качуу максатында гана качкын макамын сурап кайрылышкан.
Жаңы мыйзам долбооруна ылайык киргизиле турган негизги өзгөрүүлөр:
Мурда арызы канааттандырылбаган, бирок ишинде жаңы жагдайлар жок болгондордун, ошондой эле Кыргызстанда же чет өлкөдө оор кылмыш жасаган чет элдиктердин арыздары мындан ары катталбайт;
Качкын макамын сураган кайрылуулар келип түшкөн күндөн тартып 14 жумуш күнүнүн ичинде каралып, катталууга тийиш;
Качкын үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө жаш курагына карабай өзүнчө ырастама берилет. Жаш балдарга эл аралык ИКАО (ICAO) стандарттарына жооп берген жол жүрүү документтери даярдалат;
Эгер качкын өзүнүн күбөлүгүнүн мөөнөтү аяктагандан кийин аны узартуу үчүн бир жыл бою кайрылбай койсо, анын макамы автоматтык түрдө жокко чыгарылат.