https://sputnik.kg/20260918/antimonopoliya-kimderdi-zhazalabayt--1103735492.html
Биринчи келгени жазадан кутулат. Бааны сүйлөшүп көтөргөн ишкерлерге шарт коюлду
Биринчи келгени жазадан кутулат. Бааны сүйлөшүп көтөргөн ишкерлерге шарт коюлду
Sputnik Кыргызстан
Ишкерлердин кулагына күмүш сырга: атаандаштар менен сүйлөшүп алып, бааны жасалма көтөргөнүн биринчилерден болуп мойнуна алгандар айып пул төлөбөйт. 18.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-18T14:15+0600
2026-09-18T14:15+0600
2026-09-18T11:28+0600
кыргызстан
коомдук талкуу
мыйзам
долбоор
антимонополия кызматы
экономика жана коммерция министрлиги
https://sputnik.kg/img/07e7/01/0b/1071920760_0:0:3073:1728_1920x0_80_0_0_bdc914df1c8a91d0b46930ab0d835550.jpg
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Кыргызстанда ишкерлер ортосундагы бааны сүйлөшүп алып кымбаттатуу (картель) сыяктуу жашыруун бүтүмдөрдү ашкерелөөнүн жаңы эрежеси киргизилүүдө. Ага ылайык, мыйзамсыз бүтүмгө аралашып калып, бирок бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына өз ыктыяры менен биринчи болуп кабарлаган ишкерлер чоң айып пулдардан толугу менен кутулат. Экономика жана коммерция министрлиги даярдаган тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкууга коюлду. Жалпак тил менен айтканда, бул — ким биринчи келсе, ошол жазадан кутулат деген принцип. Эгер бир нече фирма сүйлөшүп алып, товарды элге атайын кымбат сатып жатса, алардын ичинен бирөөсү күнөөсүн моюнга алып далилдерди тапшырса, ал мамлекетке бир сом да айып пул төлөбөйт. Ал эми мыйзамсыз сүйлөшүүнү уланткан калган өнөктөштөрүнө ири өлчөмдө айып пул салынат. Жазадан кутулуу үчүн ишкер эмне кылышы керек?
https://sputnik.kg/20260728/antimonopoliya-neftetreyderler-menen-makuldashty-1102659082.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/01/0b/1071920760_165:0:2896:2048_1920x0_80_0_0_dd34fc12654fa9fcb50442e5e7504af3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, коомдук талкуу, мыйзам, долбоор, антимонополия кызматы, экономика жана коммерция министрлиги
кыргызстан, коомдук талкуу, мыйзам, долбоор, антимонополия кызматы, экономика жана коммерция министрлиги
Биринчи келгени жазадан кутулат. Бааны сүйлөшүп көтөргөн ишкерлерге шарт коюлду
Ишкерлердин кулагына күмүш сырга: атаандаштар менен сүйлөшүп алып, бааны жасалма көтөргөнүн биринчилерден болуп мойнуна алгандар айып пул төлөбөйт.
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Кыргызстанда ишкерлер ортосундагы бааны сүйлөшүп алып кымбаттатуу (картель) сыяктуу жашыруун бүтүмдөрдү ашкерелөөнүн жаңы эрежеси киргизилүүдө.
Ага ылайык, мыйзамсыз бүтүмгө аралашып калып, бирок бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына өз ыктыяры менен биринчи болуп кабарлаган ишкерлер чоң айып пулдардан толугу менен кутулат. Экономика жана коммерция министрлиги даярдаган тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкууга коюлду.
Жалпак тил менен айтканда, бул — ким биринчи келсе, ошол жазадан кутулат деген принцип. Эгер бир нече фирма сүйлөшүп алып, товарды элге атайын кымбат сатып жатса, алардын ичинен бирөөсү күнөөсүн моюнга алып далилдерди тапшырса, ал мамлекетке бир сом да айып пул төлөбөйт. Ал эми мыйзамсыз сүйлөшүүнү уланткан калган өнөктөштөрүнө ири өлчөмдө айып пул салынат.
Жазадан кутулуу үчүн ишкер эмне кылышы керек?
Атаандаштардын мыйзамсыз пландары тууралуу Монополияга каршы кызматка эч ким биле электе, биринчилерден болуп барып, билдирүү зарыл.
Жөн эле оозеки айтпастан, жашыруун сүйлөшүүлөрдүн жазууларын, кагаздарды же башка так далилдерди чогуу тапшыруу шарт.
Мындан ары мындай мыйзамсыз иштерге аралашпай турганын расмий далилдеши керек.