https://sputnik.kg/20260917/koreyada-ishtegen-kyrgyzstandyktar-pensiya-1103717932.html
Жапаров Кореяда иштеген кыргызстандыктардын пенсиясы боюнча маселе көтөрдү
Жапаров Кореяда иштеген кыргызстандыктардын пенсиясы боюнча маселе көтөрдү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Корея Республикасында иштеп жаткан Кыргызстандын жарандарынын санынын өсүшү пенсиялык камсыздоо жаатындагы укуктук базаны мындан ары... 17.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-17T10:19+0600
2026-09-17T10:19+0600
2026-09-17T10:19+0600
кыргызстан
корея
садыр жапаров
пенсия
премьер-министр
компания
https://sputnik.kg/img/07ea/09/11/1103717189_0:51:1280:771_1920x0_80_0_0_3a41f27fa2da4daaa62db790442865b7.jpg
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Корея Республикасында иштеп жаткан Кыргызстандын жарандарынын санынын өсүшү пенсиялык камсыздоо жаатындагы укуктук базаны мындан ары өркүндөтүүнү талап кылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров аталган өлкөнүн премьер-министри Хан Сон Сук менен жолугушууда билдирди. Тараптар кыргыз-корей кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, соода-экономикалык алакаларды кеңейтүүгө, инвестицияларды тартууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту. Жапаров Кыргызстан Корея Республикасы менен өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүгө жана өлкөдө корей бизнесинин катышуусун кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Буга байланыштуу президент корей компанияларын автомобиль куруу, фармацевтика, текстиль өнөр жайы, электроника тармактары сыяктуу жана башка келечектүү багыттардагы долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырды. Ошондой эле эки өлкөнүн өкмөттөрүнө биргелешип бир нече артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду аныктап, аларды концепциясын иштеп чыгуудан тартып өндүрүштү ишке киргизүүгө чейинки бардык этаптарда коштоону камсыз кылууну сунуштады. Жапаров Корея Республикасында иштеп жаткан Кыргызстан жарандарынын санынын өсүшү пенсиялык камсыздоо жаатындагы укуктук базаны мындан ары өркүндөтүүнү талап кыларын белгилеп, мындан улам эки өлкө өкмөттөрүнүн ортосунда пенсиялык камсыздоо боюнча келишимди иштеп чыгуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү тездетүүнү жана документти кол коюуга даярдоону сунуш кылды. Өз кезегинде Хан Сон Сук Кыргызстанда корей компанияларынын ишмердүүлүгү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн жана эки өлкөнүн ортосундагы ишкердик байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Ал Кореядан Кыргызстанга келген туристтердин агымы өсүп жатканын айтып, 2023-жылдан бери иштеп жаткан түз авиакаттам туристтик алмашууларды кеңейтүүгө жана эки тараптуу байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзүп жатканын баса белгиледи. Өкмөт башчы Кореянын олуттуу технологиялык потенциалы бар экенин, ал эми Кыргызстан бай жаратылыш ресурстарына ээ экенин, кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү максатында эки өлкөнүн тажрыйбасын айкалыштыруу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экенине токтолду. Тараптар эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын ортосундагы кызматташууну улантуу зарылдыгын белгилеп, жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча биргелешип иш алып барууга даяр экенин ырасташты. Эскерте кетсек, Жапаров Корея Республикасына расмий сапар менен 15-сентябрда барган. Өлкө башчысын канайым Айгүл Жапарова коштоп жүрөт.
https://sputnik.kg/20260916/medborbor-zhana-viza-zheildigi-zhaparov-koreya-lideri-menen-sylsht-1103695176.html
корея
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/11/1103717189_93:0:1188:821_1920x0_80_0_0_a5f0e087360754aa9475a5000a38520a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, корея, садыр жапаров, пенсия, премьер-министр, компания
кыргызстан, корея, садыр жапаров, пенсия, премьер-министр, компания
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Корея Республикасында иштеп жаткан Кыргызстандын жарандарынын санынын өсүшү пенсиялык камсыздоо жаатындагы укуктук базаны мындан ары өркүндөтүүнү талап кылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров аталган өлкөнүн премьер-министри Хан Сон Сук менен жолугушууда билдирди.
Тараптар кыргыз-корей кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, соода-экономикалык алакаларды кеңейтүүгө, инвестицияларды тартууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.
Жапаров Кыргызстан Корея Республикасы менен өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүгө жана өлкөдө корей бизнесинин катышуусун кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
"Биз айрым инвестициялык долбоорлорду гана ишке ашырууга эмес, корей бизнесинин Кыргызстанда кеңири жана узак мөөнөттүү катышуусуна кызыкдарбыз. Өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө, биргелешкен өндүрүштөрдү түзүүгө жана өндүрүштү локалдаштырууга өзгөчө көңүл бурабыз", — деди өлкө башчысы.
Буга байланыштуу президент корей компанияларын автомобиль куруу, фармацевтика, текстиль өнөр жайы, электроника тармактары сыяктуу жана башка келечектүү багыттардагы долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырды. Ошондой эле эки өлкөнүн өкмөттөрүнө биргелешип бир нече артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду аныктап, аларды концепциясын иштеп чыгуудан тартып өндүрүштү ишке киргизүүгө чейинки бардык этаптарда коштоону камсыз кылууну сунуштады.
Жапаров Корея Республикасында иштеп жаткан Кыргызстан жарандарынын санынын өсүшү пенсиялык камсыздоо жаатындагы укуктук базаны мындан ары өркүндөтүүнү талап кыларын белгилеп, мындан улам эки өлкө өкмөттөрүнүн ортосунда пенсиялык камсыздоо боюнча келишимди иштеп чыгуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү тездетүүнү жана документти кол коюуга даярдоону сунуш кылды.
Өз кезегинде Хан Сон Сук Кыргызстанда корей компанияларынын ишмердүүлүгү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн жана эки өлкөнүн ортосундагы ишкердик байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Ал Кореядан Кыргызстанга келген туристтердин агымы өсүп жатканын айтып, 2023-жылдан бери иштеп жаткан түз авиакаттам туристтик алмашууларды кеңейтүүгө жана эки тараптуу байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзүп жатканын баса белгиледи.
Өкмөт башчы Кореянын олуттуу технологиялык потенциалы бар экенин, ал эми Кыргызстан бай жаратылыш ресурстарына ээ экенин, кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү максатында эки өлкөнүн тажрыйбасын айкалыштыруу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экенине токтолду.
Тараптар эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын ортосундагы кызматташууну улантуу зарылдыгын белгилеп, жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча биргелешип иш алып барууга даяр экенин ырасташты.
Эскерте кетсек, Жапаров Корея Республикасына расмий сапар менен 15-сентябрда барган. Өлкө башчысын канайым Айгүл Жапарова коштоп жүрөт.