https://sputnik.kg/20260916/putin-kajryyluu-shajloo-1103713292.html
Путин: Мамдумага шайлоонун жыйынтыгы Россияны алсыратууну көздөгөндөргө жооп болот
Путин: Мамдумага шайлоонун жыйынтыгы Россияны алсыратууну көздөгөндөргө жооп болот
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Мамлекеттик Думага шайлоонун жыйынтыгы Россияны алсыратууну жана эгемендигинен ажыратууну көздөгөндөргө жооп болот. Бул тууралуу РФ... 16.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-16T21:45+0600
2026-09-16T21:45+0600
2026-09-17T09:37+0600
дүйнөдө
россия
мамлекеттик дума
шайлоо
владимир путин
https://sputnik.kg/img/07e9/06/0c/1094602585_0:180:2968:1850_1920x0_80_0_0_d1a533b9910beb234116a35c6d878b0d.jpg
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Мамлекеттик Думага шайлоонун жыйынтыгы Россияны алсыратууну жана эгемендигинен ажыратууну көздөгөндөргө жооп болот. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин шайлоо алдындагы жасаган кайрылуусунда айтты.Сөзүнүн урунттуу учурлары:Шайлоо 18-20-сентябрь күндөрү өтөт. Кыргызстанда 20-сентябрь, жекшемби күнү, төрт участкада добуш берүү уюштурулат.
https://sputnik.kg/20260915/kyrgyzstan-mamduma-shajloo-elchilik--1103682840.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/0c/1094602585_237:0:2968:2048_1920x0_80_0_0_4021c07a5d4c96f6b89cb3def20426dd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, мамлекеттик дума, шайлоо, владимир путин
дүйнөдө, россия, мамлекеттик дума, шайлоо, владимир путин
Путин: Мамдумага шайлоонун жыйынтыгы Россияны алсыратууну көздөгөндөргө жооп болот
21:45 16.09.2026 (Жаңыртылды: 09:37 17.09.2026) БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Мамлекеттик Думага шайлоонун жыйынтыгы Россияны алсыратууну жана эгемендигинен ажыратууну көздөгөндөргө жооп болот. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин шайлоо алдындагы жасаган кайрылуусунда айтты.
"Федералдык парламентте, аймактык жана жергиликтүү деңгээлде элдин кызыкчылыгын кимдер көздөй турганы баарыбыздын тандообуздан көз каранды", — деди өлкө башчысы.
Сөзүнүн урунттуу учурлары:
Россиядагы шайлоо өнөктүгү атайын аскердик операция жүрүп жаткан шартта өтүүдө;
россиялыктардын тандоосу жоокерлердин артында миллиондогон адам турганын, элди бөлүп-жаруу жана коркутуу мүмкүн эместигин көрсөтөт;
ал элди сөзсүз шайлоого келип, жоопкерчиликтүү тандоо жасоого чакырды;
президент аскер кызматкерлери да шайлоого активдүү катышарына ишеним артты;
Путин шайлоодо эң татыктуу талапкерлер жана чыныгы патриоттор жеңерин айтты;
шайлоого катышуу — Россиянын жеңишине кошулган жалпы салым.
Шайлоо 18-20-сентябрь күндөрү өтөт. Кыргызстанда 20-сентябрь, жекшемби күнү, төрт участкада добуш берүү уюштурулат.