https://sputnik.kg/20260916/nyurnberg-sotuna-arnalgan-spektakl-korsotuldu--1103706947.html
Эл аралык жаштар фестивалында Нюрнберг сотунун реконструкциясы көрсөтүлдү
Эл аралык жаштар фестивалында Нюрнберг сотунун реконструкциясы көрсөтүлдү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Екатеринбургда өтүп жаткан Эл аралык жаштар фестивалында "Евразия" уюму менен Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин... 16.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-16T20:12+0600
2026-09-16T20:12+0600
2026-09-16T20:12+0600
россия
екатеринбург
"евразия" уюму
жаштар
фестиваль
эс-тутум
тарых
спектакль
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0f/1103688255_0:0:1131:636_1920x0_80_0_0_c8cf5b818b87775519c10b53cb88484d.jpg
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Екатеринбургда өтүп жаткан Эл аралык жаштар фестивалында "Евразия" уюму менен Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин студенттери Нюрнберг сот процессине арналган спектакль көрсөтүштү. Анда 1945-1946-жылдары Германиянын Нюрнберг шаарында өткөн Эл аралык аскер трибуналынын отурумдарындагы айрым окуялар сахнада кайрадан тартууланды. "Нюрнберг өкүмү: азыркы учур жана келечек үчүн тарых сабактары" деп аталган спектакль бир мүнөттүк эскерүү менен башталды. Көрүүчүлөргө Нюрнберг сотуна байланыштуу архивдик сүрөттөр, видеолор жана тарыхый документтер да көрсөтүлдү. Спектакль англис, немец жана француз тилдеринде тартууланып, орус тилине которулду. "Евразия" уюмунун эл аралык долбоорлор боюнча жетекчиси Вячеслав Матвейчук долбоорду даярдоого студенттердин өздөрү активдүү катышканын белгиледи. Анын айтымында, жаштардын тарыхты билүүгө, тарыхый эс тутумду сактоого жана тарыхтын бурмаланышынына каршы турууга умтулуусу мындай долбоорлордун маанилүү экенин көрсөтөт. Ал тарыхый окуяларды кийинки муундарга жеткирүү "Жеңиш 9/45" кыймылынын негизги багыттарынын бири экенин кошумчалады. Эл аралык жаштар фестивалында "Евразия" уюмунун стендинде анын бир нече долбоору көрсөтүлдү. Арасында "Жеңиш 9/45" эл аралык патриоттук кыймылы, Евразия лидерлеринин ассоциациясы, "Классная дружба" долбоору жана "Евразия" медиамектеби бар. Фестивалга келген жаштар Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхы боюнча билимин сынап, командалык оюндарга катышып, медиаматериалдарды даярдап жана билим берүүчү жаштар долбоорлору менен тааныша алышты. Мындан тышкары, фестивалдын алкагында коомдук уюмдардын, жогорку окуу жайлардын жана жаштар долбоорлорунун өкүлдөрү катышкан жолугушуулар өттү. Анда тарыхый эс тутумду сактоо, эл аралык жаштар долбоорлорун өнүктүрүү жана санариптик чөйрөдөгү жаңы чакырыктар тууралуу сөз болду.
https://sputnik.kg/20260915/ekaterinburgdagy-festival-1103680943.html
екатеринбург
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0f/1103688255_142:0:990:636_1920x0_80_0_0_0c2c65ee6f45f5bb9f60b296ee8f689b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
россия, екатеринбург, "евразия" уюму, жаштар, фестиваль, эс-тутум, тарых, спектакль
россия, екатеринбург, "евразия" уюму, жаштар, фестиваль, эс-тутум, тарых, спектакль
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Екатеринбургда өтүп жаткан Эл аралык жаштар фестивалында "Евразия" уюму менен Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин студенттери Нюрнберг сот процессине арналган спектакль көрсөтүштү.
Анда 1945-1946-жылдары Германиянын Нюрнберг шаарында өткөн Эл аралык аскер трибуналынын отурумдарындагы айрым окуялар сахнада кайрадан тартууланды.
"Нюрнберг өкүмү: азыркы учур жана келечек үчүн тарых сабактары" деп аталган спектакль бир мүнөттүк эскерүү менен башталды. Көрүүчүлөргө Нюрнберг сотуна байланыштуу архивдик сүрөттөр, видеолор жана тарыхый документтер да көрсөтүлдү.
Спектакль англис, немец жана француз тилдеринде тартууланып, орус тилине которулду.
"Евразия" уюмунун эл аралык долбоорлор боюнча жетекчиси Вячеслав Матвейчук долбоорду даярдоого студенттердин өздөрү активдүү катышканын белгиледи. Анын айтымында, жаштардын тарыхты билүүгө, тарыхый эс тутумду сактоого жана тарыхтын бурмаланышынына каршы турууга умтулуусу мындай долбоорлордун маанилүү экенин көрсөтөт.
"Жаштар тарыхты сактоо, тарыхый эс тутумду коргоо жана аны бурмалоого каршы туруу сыяктуу маселелерди көтөрүп жатса, анда биз туура жолдобуз", — деди Матвейчук.
Ал тарыхый окуяларды кийинки муундарга жеткирүү "Жеңиш 9/45" кыймылынын негизги багыттарынын бири экенин кошумчалады.
Эл аралык жаштар фестивалында "Евразия" уюмунун стендинде анын бир нече долбоору көрсөтүлдү. Арасында "Жеңиш 9/45" эл аралык патриоттук кыймылы, Евразия лидерлеринин ассоциациясы, "Классная дружба" долбоору жана "Евразия" медиамектеби бар.
Фестивалга келген жаштар Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхы боюнча билимин сынап, командалык оюндарга катышып, медиаматериалдарды даярдап жана билим берүүчү жаштар долбоорлору менен тааныша алышты.
Мындан тышкары, фестивалдын алкагында коомдук уюмдардын, жогорку окуу жайлардын жана жаштар долбоорлорунун өкүлдөрү катышкан жолугушуулар өттү. Анда тарыхый эс тутумду сактоо, эл аралык жаштар долбоорлорун өнүктүрүү жана санариптик чөйрөдөгү жаңы чакырыктар тууралуу сөз болду.