https://sputnik.kg/20260916/evropa-rossiyaga-kol-salsa-sogush-kyska-bolot-1103712417.html
Лавров: эгер Европа Россияга кол салса, согуш узакка созулбайт
Лавров: эгер Европа Россияга кол салса, согуш узакка созулбайт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Россия ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Москва Европанын мүмкүн болчу бардык агрессиясына жооп кайтарууга даяр экенин билдирди. 16.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-16T19:32+0600
2026-09-16T19:32+0600
2026-09-17T09:47+0600
дүйнөдө
россия
европа
украина
сергей лавров
дүйнөлүк жаштар фестивалы
https://sputnik.kg/img/07ea/09/10/1103710515_0:0:3108:1748_1920x0_80_0_0_5e290efa4e299a8e7b5b68610aa5bd0b.jpg
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Россия ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Москва Европанын мүмкүн болчу бардык агрессиясына жооп кайтарууга даяр экенин билдирди. Министр Екатеринбургда өтүп жаткан Эл аралык жаштар фестивалында сүйлөп, Европа мамлекеттери Россиянын эскертүүсүн жакшылап укту деген ишенимин билдирди. Анын айтымында, Европада бийликтеги русофобиялык режимди сактап калуу үчүн Украина аймагына мобилизациялык күчтөрдү жайгаштыруу талкууланып жатат. Лавров Москва атайын операциянын алдында койгон жана жаңжалдын түпкү себебин жое турган максаттарын ирет-тартиби менен аткарып келе жатканын белгиледи. "Президент Путин белгилеген бул максаттардын ишке ашуусу абалды эле жөнгө салбастан, бүтүндөй евразиялык континенттеги, биринчи кезекте Батыш Европадагы кырдаалды жакшыртууга өбөлгө болот", — деди Лавров. Буга чейин министр Россиянын атайын аскердик операциясынын милдети ошол боюнча калганын билдирген. Анын ичинде Россиянын коопсуздугун камсыздоо, НАТОнун РФ чегине жакын кеңейишине жол бербөө жана орустар менен орус тилдүү тургундардын укугун коргоо бар.
https://sputnik.kg/20260912/evropanyn-ukrainderdi-koldoosu-1103614616.html
европа
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/10/1103710515_183:0:2914:2048_1920x0_80_0_0_3ce13460e1230e37c4e72789987ef888.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, европа, украина, сергей лавров, дүйнөлүк жаштар фестивалы
дүйнөдө, россия, европа, украина, сергей лавров, дүйнөлүк жаштар фестивалы
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Россия ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Москва Европанын мүмкүн болчу бардык агрессиясына жооп кайтарууга даяр экенин билдирди.
Министр Екатеринбургда өтүп жаткан Эл аралык жаштар фестивалында сүйлөп, Европа мамлекеттери Россиянын эскертүүсүн жакшылап укту деген ишенимин билдирди.
"Россия Европага кол салбайт. Бирок Россия менен согушка даярданып жатканын күн сайын саймедиреген Европа Россия Федерациясына кол салса, анда бул таптакыр башка согуш болуп, узакка созулбайт", — деди саясатчы.
Анын айтымында, Европада бийликтеги русофобиялык режимди сактап калуу үчүн Украина аймагына мобилизациялык күчтөрдү жайгаштыруу талкууланып жатат. Лавров Москва атайын операциянын алдында койгон жана жаңжалдын түпкү себебин жое турган максаттарын ирет-тартиби менен аткарып келе жатканын белгиледи.
"Президент Путин белгилеген бул максаттардын ишке ашуусу абалды эле жөнгө салбастан, бүтүндөй евразиялык континенттеги, биринчи кезекте Батыш Европадагы кырдаалды жакшыртууга өбөлгө болот", — деди Лавров.
Буга чейин министр Россиянын атайын аскердик операциясынын милдети ошол боюнча калганын билдирген. Анын ичинде Россиянын коопсуздугун камсыздоо, НАТОнун РФ чегине жакын кеңейишине жол бербөө жана орустар менен орус тилдүү тургундардын укугун коргоо бар.