https://sputnik.kg/20260915/uluu-britaniyada-konstitutsiyalyk-krizis-zharaldy-1103669319.html
Улуу Британияда конституциялык кризис жаралып, курамындагылар баш көтөрө баштады
Улуу Британияда конституциялык кризис жаралып, курамындагылар баш көтөрө баштады
Sputnik Кыргызстан
Британиянын премьер-министринин кеңсеси өлкөнүн бөлүнүп-жарылышын колдобой турганын билдирип, демилгечилерди реформа аркылуу экономикалык кыйынчылыктарды чечүү... 15.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-15T09:55+0600
2026-09-15T09:55+0600
2026-09-15T09:55+0600
дүйнөдө
улуу британия
конституция
кризис
шотландия
ирландия
геосаясат
https://sputnik.kg/img/07e8/04/0f/1084260223_0:112:3066:1837_1920x0_80_0_0_e45dd300c810a6264b8e55be6eb3ddd2.jpg
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Улуу Британияда конституциялык кризис жаралып, Шотландиянын, Уэльс жана Түндүк Ирландиянын премьер-министрлери Бириккен Падышалыктан чыгуу боюнча референдум өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берген меморандумга кол койду. Документке Жон Суинни, Рун ап Иорверт жана Мишель О'Нил кол койгон салтанат кельт улуттарынын саммитинде болгонун РИА Новости жазды. Иш-чара Уэлстин борбору Кардиффте өткөн. Документте негизинен күчтүү жана теңтайлаша турган экономика куруу, өзүнүн тагдырын өзү аныктоо укугуна ээ болуу, ЕБ менен алаканы бекемдөө, кайра жаралчу энергия жаатында кызматташуу туурасында айтылат. Телеканалдын маалыматтарына таянсак, ар бир автономиянын өзүнүн көздөгөн максаты бар. Түндүк Ирландия Ирландия Республикасына кошулууга ыктап турат, Шотландиянын көздөгөнү 2031-жылга чейин эгемен болуш керек деген референдумду өткөрүү, Уэльс кошумча ыйгарым укук алмакчы. Алгач аймак жетекчилери мындан да катуу талап камтылган документке — эгемендүүлүк боюнча референдум өткөрүү укугун бекиткен декларацияга кол коюуну көздөшкөн эле. Бул кадам алардын Бириккен Падышалыктан биротоло бөлүнүп чыгуусуна жол ачмак. Ал эми Британиянын премьер-министри Энди Бернемдин кеңсеси өлкөнүн бөлүнүп-жарылышын колдобой турганын билдирип, аларды реформалар аркылуу экономикалык кыйынчылыктарды чечүү үчүн биргелешип иштешүүгө чакырды.
https://sputnik.kg/20260720/tramp-britaniyany-zhakyr-olko-dedi-1102500512.html
улуу британия
шотландия
ирландия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/04/0f/1084260223_335:0:3066:2048_1920x0_80_0_0_6f41335d8437139b765edf6cd04bae27.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, улуу британия, конституция, кризис, шотландия, ирландия, геосаясат
дүйнөдө, улуу британия, конституция, кризис, шотландия, ирландия, геосаясат
Улуу Британияда конституциялык кризис жаралып, курамындагылар баш көтөрө баштады
Британиянын премьер-министринин кеңсеси өлкөнүн бөлүнүп-жарылышын колдобой турганын билдирип, демилгечилерди реформа аркылуу экономикалык кыйынчылыктарды чечүү үчүн биргелешип иштешүүгө чакырды.
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Улуу Британияда конституциялык кризис жаралып, Шотландиянын, Уэльс жана Түндүк Ирландиянын премьер-министрлери Бириккен Падышалыктан чыгуу боюнча референдум өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берген меморандумга кол койду.
Документке Жон Суинни, Рун ап Иорверт жана Мишель О'Нил кол койгон салтанат кельт улуттарынын саммитинде болгонун
РИА Новости жазды.
Иш-чара Уэлстин борбору Кардиффте өткөн.
"Биздин эл жана коомчулук мындан да чоң максаттарга, экономикалык кенен мүмкүнчүлүктөргө жана өз келечегин өзү чечүүдө башкаларга жете турган өзүнүн үнү, орду болууга татыктуу. Биз Британия өкмөтүн конституциялык өзгөрүүлөргө даярданууга чакырабыз", — деп айтылат Sky News тараткан меморандумдун текстинде.
Документте негизинен күчтүү жана теңтайлаша турган экономика куруу, өзүнүн тагдырын өзү аныктоо укугуна ээ болуу, ЕБ менен алаканы бекемдөө, кайра жаралчу энергия жаатында кызматташуу туурасында айтылат.
Телеканалдын маалыматтарына таянсак, ар бир автономиянын өзүнүн көздөгөн максаты бар. Түндүк Ирландия Ирландия Республикасына кошулууга ыктап турат, Шотландиянын көздөгөнү 2031-жылга чейин эгемен болуш керек деген референдумду өткөрүү, Уэльс кошумча ыйгарым укук алмакчы.
Алгач аймак жетекчилери мындан да катуу талап камтылган документке — эгемендүүлүк боюнча референдум өткөрүү укугун бекиткен декларацияга кол коюуну көздөшкөн эле. Бул кадам алардын Бириккен Падышалыктан биротоло бөлүнүп чыгуусуна жол ачмак.
Ал эми Британиянын премьер-министри Энди Бернемдин кеңсеси өлкөнүн бөлүнүп-жарылышын колдобой турганын билдирип, аларды реформалар аркылуу экономикалык кыйынчылыктарды чечүү үчүн биргелешип иштешүүгө чакырды.