https://sputnik.kg/20260915/ukraina-mamlekettik-karzhyloodogu-koygoy-1103670976.html
Украина премьери: мамлекеттик каржылообуз апаатка кептелмей болду
Украина премьери: мамлекеттик каржылообуз апаатка кептелмей болду
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Украина мамлекеттик финансы жаатында апаатка кептелгени калды. Бул туурасында аталган өлкөнүн өкмөт башчысы Сергей Корецкий билдирүү... 15.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-15T10:36+0600
2026-09-15T10:36+0600
2026-09-15T10:36+0600
дүйнөдө
украина
премьер-министр
каатчылык
финансы
https://sputnik.kg/img/07e7/01/06/1071787688_0:0:3073:1728_1920x0_80_0_0_6b67da542b9cc570961d8321b53238b7.jpg.webp
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Украина мамлекеттик финансы жаатында апаатка кептелгени калды. Бул туурасында аталган өлкөнүн өкмөт башчысы Сергей Корецкий билдирүү жасаганын РИА Новости жазды. Премьер депутаттарды эл аралык каржылык жардамдын берилишин шарттаган мыйзам долбоорлорун тезирээк кабыл алууга үндөгөн. Корецкийдин айтымында, өкмөт эл өкүлдөрүнө жана тармактык комитеттерге ар бир добуш берүүнүн так мөөнөтү көрсөтүлгөн графикти жөнөтөт. Корецкийдин бул билдирүүсү Украинанын коррупцияга каршы күрөшүү органдарынын айланасындагы жаңы жаңжал күчөп турган маалга туш келди. Кызматтан кеткен башкы прокурор Руслан Кравченко Коррупцияга каршы улуттук бюронун директору Семен Кривоноско расмий документтерди жасалмалаган жана баланы асырап алдым деген жалган маалымат үчүн айып даярдаганын маалымдаган. Теги: кыйынчылык
https://sputnik.kg/20260804/ukraina-premeri-kyshta-bolchu-kiyynchylyktarga-dayardana-beruugo-chakyrdy-1102774149.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/01/06/1071787688_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_3a4c4e701ff32cad3b1c01d7285521b4.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, премьер-министр, каатчылык, финансы
дүйнөдө, украина, премьер-министр, каатчылык, финансы
Украина премьери: мамлекеттик каржылообуз апаатка кептелмей болду
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Украина мамлекеттик финансы жаатында апаатка кептелгени калды. Бул туурасында аталган өлкөнүн өкмөт башчысы Сергей Корецкий билдирүү жасаганын
РИА Новости жазды.
Премьер депутаттарды эл аралык каржылык жардамдын берилишин шарттаган мыйзам долбоорлорун тезирээк кабыл алууга үндөгөн. Корецкийдин айтымында, өкмөт эл өкүлдөрүнө жана тармактык комитеттерге ар бир добуш берүүнүн так мөөнөтү көрсөтүлгөн графикти жөнөтөт.
"Эгер бул мөөнөттөр сакталбаса, Украина өзүнө каралган 29,5 миллиард долларлык эл аралык каржылоонун кыйла бөлүгүнөн кур калчудай болуп турат", — деп эскерткен премьер.
Корецкийдин бул билдирүүсү Украинанын коррупцияга каршы күрөшүү органдарынын айланасындагы жаңы жаңжал күчөп турган маалга туш келди. Кызматтан кеткен башкы прокурор Руслан Кравченко Коррупцияга каршы улуттук бюронун директору Семен Кривоноско расмий документтерди жасалмалаган жана баланы асырап алдым деген жалган маалымат үчүн айып даярдаганын маалымдаган.