https://sputnik.kg/20260915/kyrgyzstandyktar-qazeta-koldonuuga-mildettuu-emes-1103680314.html
Кыргызстандыктарга Казакстанга кирүүдө QazETA колдонуу азырынча милдеттүү эмес
Кыргызстандыктарга Казакстанга кирүүдө QazETA колдонуу азырынча милдеттүү эмес
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кыргызстан жарандарынын Казакстанга кирүүсүндө QazETA электрондук системасын колдонуу азырынча милдеттүү эмес. Бул тууралуу Тышкы... 15.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-15T15:48+0600
2026-09-15T15:48+0600
2026-09-15T15:48+0600
кыргызстан
казакстан
система
виза
сапар
тим
https://sputnik.kg/img/103937/89/1039378954_0:0:1581:889_1920x0_80_0_0_18108b2b9ad3dc35c07da17ddce0e1a1.jpg
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кыргызстан жарандарынын Казакстанга кирүүсүндө QazETA электрондук системасын колдонуу азырынча милдеттүү эмес. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Ага ылайык, учурда QazETA системасы сынамык режимде иштеп жатат. Кыргыз жарандарынын Казакстандын аймагына кирүү жана ал жакта жүрүү тартиби өзгөрө элек. ТИМ миграциялык эрежелерге өзгөртүү киргизилсе же казак тараптан расмий маалымат түшсө элге кабарлап коерун айтты. Белгилей кетсек, QazETA — Казакстанга кирген чет өлкөлүк жарандар үчүн кирүү, болуу жана миграциялык кызматтарды санариптештирүүгө багытталган мамлекеттик платформа. Ал "бирдиктүү терезе" принциби менен иштейт. Платформанын негизги бөлүктөрүнүн бири — ETA (Electronic Travel Authorization). Ал визасыз кирүү укугу бар айрым өлкөлөрдүн жарандарына Казакстанга сапар тартар алдында электрондук уруксат алууга мүмкүнчүлүк берет. Сыналып жаткан система толук ишке киргенде айрым өлкөлөрдүн жарандарына жол жүрөр алдында электрондук уруксат алуу талабы коюлушу мүмкүн.
https://sputnik.kg/20260914/-tailandga-visasyz-kiruu-kyrgyzstandyktar-30-kun-1103650568.html
казакстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103937/89/1039378954_190:0:1375:889_1920x0_80_0_0_a821b8e8675df046d998643af842e414.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, казакстан, система, виза, сапар, тим
кыргызстан, казакстан, система, виза, сапар, тим
Кыргызстандыктарга Казакстанга кирүүдө QazETA колдонуу азырынча милдеттүү эмес
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кыргызстан жарандарынын Казакстанга кирүүсүндө QazETA электрондук системасын колдонуу азырынча милдеттүү эмес. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Ага ылайык, учурда QazETA системасы сынамык режимде иштеп жатат. Кыргыз жарандарынын Казакстандын аймагына кирүү жана ал жакта жүрүү тартиби өзгөрө элек.
ТИМ миграциялык эрежелерге өзгөртүү киргизилсе же казак тараптан расмий маалымат түшсө элге кабарлап коерун айтты.
Белгилей кетсек, QazETA — Казакстанга кирген чет өлкөлүк жарандар үчүн кирүү, болуу жана миграциялык кызматтарды санариптештирүүгө багытталган мамлекеттик платформа. Ал "бирдиктүү терезе" принциби менен иштейт.
Платформанын негизги бөлүктөрүнүн бири — ETA (Electronic Travel Authorization). Ал визасыз кирүү укугу бар айрым өлкөлөрдүн жарандарына Казакстанга сапар тартар алдында электрондук уруксат алууга мүмкүнчүлүк берет.
Сыналып жаткан система толук ишке киргенде айрым өлкөлөрдүн жарандарына жол жүрөр алдында электрондук уруксат алуу талабы коюлушу мүмкүн.