00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikтен сүйлөйбүз
Бүбүсара Бейшеналиевага 100 жыл: Бишкекте эл аралык балет сынагы өтөт
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
6 мин
Стоп кадр
Бир сыр, миң суроо: 1-октябрдан баштап "Тузак" тасмасы кинотеатрларда
17:07
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Меняющие мир
Иван Дубровин — о 52 визитах в Кыргызстан и бронзовой летописи, которую он здесь пишет
18:06
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мендель: Зеленский Украина бейпил турмушта жашасын дегендерге санкция киргизди

© AP Photo / Alex BrandonУкраинанын президенти Владимир Зеленский
Украинанын президенти Владимир Зеленский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2026
Жазылуу
Мендель өз өлкөсүнүн элине салынган санкциялар Зеленскийдин башка чечимдери сыяктуу эле Баш мыйзамга каршы келерин билдирди.
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Владимир Зеленский бир катар жеке жана юридикалык жактарга, анын ичинде өзүнүн мурдагы маалымат катчысы Юлия Менделге каршы санкция киргизди. Бул боюнча жарлык Украина президентинин расмий сайтына жарыяланганын РИА Новости жазды.
13-сентябрдагы жарлыкта чектөө Украина тууралуу жалган маалымат тараткан деп айыпталган он украиналык менен россиялыкка карата киргизилгени айтылат.
Мендель Зеленский Украинада тынчтык орношу керек дегендердин жапырт баарына санкция салып жатат деген пикирин айтты.
"Европарламенттеги сөзүмө бир нече күн калганда мурдагы жетекчим Владимир Зеленский мага каршы санкция киргизди. Украинанын жарандарына каршы санкция салуу — Зеленскийдин башка көптөгөн чечимдери сыяктуу эле антиконституциялык көрүнүш. Зеленский мындай чараларды өлкөдө тынчтык болушун каалагандардын баарына көрүүдө", — деп жазды ал Facebook тармагындагы баракчасына.
Мендель ошондой эле америкалык журналист Такер Карлсонго берген маеги үчүн ага "мамлекетке чыккынчылык кылды" деп даярдалып жаткан айып боюнча уккандыгын жана "санкция салынышы мүмкүн экенин да алдын ала сезгенин" айтты.
"Бул менин дагы, миллиондогон украиналыктардын да позициясын өзгөртө албайт. Мамлекет катары бутуна туруп кетүү үчүн Украинага кезектеги диктатура эмес, тынчтык керек", — деп Мендель баса белгиледи.
Буга чейин ал Карлсон менен маегинде тынчтыкты орнотууга тоскоолдук жараткандардын бири дал Зеленский өзү экенин билдирген. Ошондой эле Украинада аны сындагандарды согушка жөнөтүп жатышканын кошумчалаган. Мендель аны Украинада бийликти эч качан бергиси келбеген, түбөлүк отурууну көздөгөн диктатор деп атады.
Киев режиминин башчысы Владимир Зеленский. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2026
Зеленскийдин жүзүн ачкан маектен соң Батыш ЖМКлары ага башкача карай баштады
Жаңылыктар түрмөгү
0