Жапаров: мамлекеттик сыйлык чындап татыктуу адамга гана тапшырылышы керек

© Фото / DOSALIEV SULTAN
Жазылуу
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Мамлекеттик сыйлык чындап татыктуу адамга гана тапшырылышы зарыл экенин президент Садыр Жапаров билдирди.
Бүгүн ал кесиптик ишмердүүлүгүндө олуттуу натыйжаларга жетишкен, өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий өнүгүшүнө салым кошкон жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Сыйлоо аземи Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө да тушташ келди.
“Мамлекеттүүлүктү чыңдоого, руханий-адеп-ахлактык тарбияга, улуттук биримдикти бекемдөөгө жана кайсы бир тармакты өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкон инсандардын сиңирген эмгеги, албетте, татыктуу бааланышы керек. Мамлекеттик сыйлыктардын негизги философиясы мына ушунда. Сыйлык — бул мамлекеттин өнүгүшүнө жана элге кызмат кылууга салмактуу салым кошкон инсандарга мамлекеттин таазими жана эң жогорку ыраазычылыгы”, — деди Жапаров.
Ал сыйлоо тутумун иретке келтирүү, калыстыкты, объективдүүлүктү жана ачык-айкындуулукту камсыздоо максатында тийиштүү мыйзам долбоору иштелип чыкканын эске салды. Документ Жогорку Кеңеште талкуулангандан кийин ага президент кол койгон.
“Жаңы мыйзамдарга ылайык, сыйлыктардын саны оптималдаштырылып, алардын баркы жогорулатылды. Эми мамлекеттик сыйлык чындап татыктуу болгон адамга гана тапшырылышы керек деген принципти так кармануу зарыл”, — деп белгиледи мамлекет башчысы.
Сыйлангандардын катарында өз өмүрүнүн көп жылын кесибине арнап, өлкөнүн өнүгүшүнө зор салым кошкон ар түрдүү муундун жана кесиптин өкүлдөрү бар.

1/3
© Фото / DOSALIEV SULTAN
Президент кесиптик ишинде олуттуу ийгиликтерге жетишкен жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

2/3
© Фото / DOSALIEV SULTAN
Президент кесиптик ишинде олуттуу ийгиликтерге жетишкен жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

3/3

Жапаров өзүнүн көп жылдык мээнети менен Кыргызстанды тааныткан маданият жана искусство, илим жана билим берүү, журналистика, медицина жана башка тармактардын ишмерлерин өзгөчө белгилеп өттү.
Ошондой эле ал бүгүнкү күндө эле көрүнүктүү ийгиликтерге жетишип, эл аралык деңгээлде Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп жаткан жаш адистерге өзүнчө токтолду.
Президент жарандарды, өзгөчө жаштарды сыйлык алгандардан үлгү алып, мамлекетти биргелешип чыңдоого чакырды.