https://sputnik.kg/20260914/bishkek-arenanyn-achyluusu-5-oktyabrda-otot-kiruu-akysyz-1103648155.html
“Бишкек Арена” 5-октябрда расмий ачылат. Акысыз чакырууну кайдан алса болот?
“Бишкек Арена” 5-октябрда расмий ачылат. Акысыз чакырууну кайдан алса болот?
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Борбор калаадагы жаңы “Бишкек Арена” стадионунун салтанаттуу ачылыш аземи 5-октябрда өтөт. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу... 14.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-14T09:54+0600
2026-09-14T09:54+0600
2026-09-14T10:10+0600
кыргызстан
бишкек
бишкек арена
ачылыш
билет
чакыруу
акысыз
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1f/1103325710_0:128:2560:1568_1920x0_80_0_0_05788b94721e5c382a809d6a2a466a59.jpg
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Борбор калаадагы жаңы “Бишкек Арена” стадионунун салтанаттуу ачылыш аземи 5-октябрда өтөт. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.Анын айтымында, иш-чарага кирүү акысыз. Бирок тартипти сактап, тыгын жаратпоо үчүн чакыруу билетин алдын ала алуу зарыл. Жарандар аны tiсket.gov.kg мамлекеттик сайты аркылуу эртерээк алып коюшу керек.Мындан тышкары, Каныбек Туманбаев коомчулукта талкууланып жаткан дүйнөлүк жылдыз Шакиранын концерти жана ага байланыштуу чыгашалар боюнча да түшүндүрмө берди. Ал аткаруучунун гонорары мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөнөт деген маалыматтарды четке какты.Эске салсак, 51 миңден ашуун көрүүчүгө эсептелген “Бишкек Арена” комплекси 31-августта пайдаланууга берилип, анда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өткөн. Буга чейин стадиондун жетекчилиги октябрь айындагы расмий ачылыштан жана ири шоу-концерттен кийин футбол талаасынын газонун даярдоо иштери башталарын кабарлаган.
https://sputnik.kg/20260908/bishkek-arena-386-million-dollar-kurulush-alagozov-1103521159.html
бишкек
бишкек арена
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1f/1103325710_0:0:2560:1920_1920x0_80_0_0_d2e3188f7dea30136ddd5b3a4ba0baa7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, бишкек арена, ачылыш, билет, чакыруу, акысыз
кыргызстан, бишкек, бишкек арена, ачылыш, билет, чакыруу, акысыз
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Борбор калаадагы жаңы “Бишкек Арена” стадионунун салтанаттуу ачылыш аземи 5-октябрда өтөт. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, иш-чарага кирүү акысыз. Бирок тартипти сактап, тыгын жаратпоо үчүн чакыруу билетин алдын ала алуу зарыл. Жарандар аны
tiсket.gov.kg мамлекеттик сайты аркылуу эртерээк алып коюшу керек.
Мындан тышкары, Каныбек Туманбаев коомчулукта талкууланып жаткан дүйнөлүк жылдыз Шакиранын концерти жана ага байланыштуу чыгашалар боюнча да түшүндүрмө берди. Ал аткаруучунун гонорары мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөнөт деген маалыматтарды четке какты.
“Шакира боюнча да тактап коёюн, айрымдар гонорары кымбат экен деп жазып жатышат. Чет элдик артисттердин гонорарына бюджеттен бир тыйын да кетпейт. Муну атайын компаниялар уюштуруп жатат. Алар бизге стадион үчүн аренда төлөйт, ошондой эле сатылган билеттен түшкөн кирешеден дагы өз үлүшүбүздү алабыз”, — деп баса белгиледи Туманбаев.
Эске салсак, 51 миңден ашуун көрүүчүгө эсептелген “Бишкек Арена” комплекси 31-августта пайдаланууга берилип, анда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өткөн. Буга чейин стадиондун жетекчилиги октябрь айындагы расмий ачылыштан жана ири шоу-концерттен кийин
футбол талаасынын газонун даярдоо иштери башталарын кабарлаган.