https://sputnik.kg/20260913/kushner-moskva-kiev-suyloshuulor-kiyinki-kadamdar-1103632088.html
Кушнер Москва менен Киевге болгон сапардын жыйынтыгы тууралуу айтып берди
Кушнер Москва менен Киевге болгон сапардын жыйынтыгы тууралуу айтып берди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Америкалык өкүлдөрдүн Россия менен Украинанын борборлоруна болгон сапары жаңжалды жөнгө салуудагы кийинки кадамдар кандай болушу... 13.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-13T10:20+0600
2026-09-13T10:20+0600
2026-09-13T10:59+0600
дүйнөдө
украина
акш
россия
атайын операция
сүйлөшүүлөр
жаред кушнер
стивен уиткофф
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/04/1098336615_0:119:3149:1890_1920x0_80_0_0_b54bfbbc95a4f1edb12638a20d3deeb6.jpg
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Америкалык өкүлдөрдүн Россия менен Украинанын борборлоруна болгон сапары жаңжалды жөнгө салуудагы кийинки кадамдар кандай болушу керектигин көрсөттү. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер билдиргенин РИА Новости жазды.Анын айтымында, АКШ жаңжалды узак мөөнөткө чечүүгө эмнелер өбөлгө түзөрү тууралуу да так түшүнүк алды. Мындан тышкары, Вашингтондун өкүлү жакынкы арада өтө турган үч тараптуу жолугушууда талкууланышы мүмкүн болгон жаңы идеялар жаралганын билдирди.Өткөн аптанын ишембисинде Кремлде Владимир Путин менен Кушнердин жана АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткоффтун сүйлөшүүлөрү өттү. Жолугушуу үч саатка жакын созулду.Эртеси күнү америкалык дипломаттар Киевде украин тарап менен сүйлөшүү жүргүзүштү. ТСН телеканалы кабарлагандай, сүйлөшүүлөрдөн соң алардын диалогуна Улуу Британия, Франция жана Германиянын өкүлдөрү да кошулган.
https://sputnik.kg/20260909/aksh-okul-zelenskij-tan-kaltyrdy-1103558922.html
украина
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/04/1098336615_418:0:3149:2048_1920x0_80_0_0_0a64564eed33b72fdfde97928d8becd2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, акш, россия, атайын операция, сүйлөшүүлөр, жаред кушнер, стивен уиткофф
дүйнөдө, украина, акш, россия, атайын операция, сүйлөшүүлөр, жаред кушнер, стивен уиткофф
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Америкалык өкүлдөрдүн Россия менен Украинанын борборлоруна болгон сапары жаңжалды жөнгө салуудагы кийинки кадамдар кандай болушу керектигин көрсөттү. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер билдиргенин
РИА Новости жазды. “Мен бул сапарды (Москва менен Киевге болгон сапар — ред.) абдан ийгиликтүү өттү деп айтар элем. Менимче, эми бизде мындан аркы кадамдар кандай болушу керектиги боюнча так түшүнүк пайда болду”, — деген Кушнер.
Анын айтымында, АКШ жаңжалды узак мөөнөткө чечүүгө эмнелер өбөлгө түзөрү тууралуу да так түшүнүк алды. Мындан тышкары, Вашингтондун өкүлү жакынкы арада өтө турган үч тараптуу жолугушууда талкууланышы мүмкүн болгон жаңы идеялар жаралганын билдирди.
Өткөн аптанын ишембисинде Кремлде Владимир Путин менен Кушнердин жана АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткоффтун сүйлөшүүлөрү өттү. Жолугушуу үч саатка жакын созулду.
Эртеси күнү америкалык дипломаттар Киевде украин тарап менен сүйлөшүү жүргүзүштү. ТСН телеканалы кабарлагандай, сүйлөшүүлөрдөн соң алардын диалогуна Улуу Британия, Франция жана Германиянын өкүлдөрү да кошулган.