https://sputnik.kg/20260913/-putin-briks-sammit-nyu-deli-ekonomika-bildiruu-1103640340.html
Путин: БРИКС дүйнөлүк экономиканы алдыга сүйрөгөн негизги күчкө айланды
Путин: БРИКС дүйнөлүк экономиканы алдыга сүйрөгөн негизги күчкө айланды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Нью-Делиде өтүп жаткан саммиттин жыйынтыктоочу БРИКС+ жыйынында сүйлөдү. Бул тууралуу РИА... 13.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-13T16:34+0600
2026-09-13T16:34+0600
2026-09-13T16:42+0600
дүйнөдө
брикс
владимир путин
россия
https://sputnik.kg/img/07ea/09/02/1103390586_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_f24e91e0e15dfdfb0271afc7c6424577.jpg
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Нью-Делиде өтүп жаткан саммиттин жыйынтыктоочу БРИКС+ жыйынында сүйлөдү. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.Ал уюмдун эл аралык деңгээлдеги таасири улам өсүп, көп уюлдуу адилеттүү дүйнөнү бекемдөөдө башкы кыймылдаткыч күч болуп калганын белгиледи.РФ лидери көпчүлүк мамлекеттерди уюмдун көз караштары менен эл аралык мыйзамдарга, БУУнун уставына таянып маселелерди чогуу чечүү аракети кызыктырып жатканын кошумчалады.Ал дүйнөлүк экспорттун дээрлик төрттөн бир бөлүгү БРИКСке туура келерин, жер жүзүндөгү ИДПнын өсүшүнүн негизги бөлүгүн, тактап айтканда, 49 пайызын дал ушул бирикме камсыздап жатканын эске салды. Уюмдагы өлкөлөрдүн калкынын саны тынымсыз өсүп, ички базарлары чыңдалууда, ошондой эле өнөр жай, технология, финансы жана илим-билим борборлору түзүлүп, заманбап транспорт, энергетика жана санариптик байланыштар курулду. Ал эми бирикменин ичиндеги соода жүгүртүү 1,2 триллион долларга жетти.Путин уюмдун толук пайдаланыла элек негизги мүмкүнчүлүктөрүнүн бири катары катышуучу өлкөлөрдүн экономикасынын бирин-бири толуктап турганын атады. Президенттин айтымында, бул кызматташтыкка, жаңы өндүрүш чынжырларын, технологияларды, кызматтарды жана базарларды түзүүгө кеңири жол ачат.Мындан тышкары, ал бирикмеге кирген мамлекеттердин тышкы таасирлерге баш ийбеген өзүнүн соода жана банктык жолдору бар экенин, бул сырттан келген кысымдарга карабай соода жана каржылык операцияларды эркин жүргүзүүгө шарт түзөрүн кошумчалады.Россиянын лидери өнөктөштүктү жакшыртуу үчүн Россия сунуштаган демилгелерге: БРИКСтин төлөм жана эсеп-кысап системаларын түзүүгө, кайра камсыздандыруу механизми менен дан биржасын негиздөөгө көңүл бурууга чакырды.Путиндин пикиринде, БРИКСтин жаңы инвестициялык аянтчасын ачуу уюмга кирген өлкөлөргө гана эмес, Глобалдык Түштүк менен Чыгыштагы өнөктөштөрдүн экономикасына да узак мөөнөттүү инвестиция тартууга мүмкүндүк берет.Ошондой эле ал дүйнөлүк өсүштүн жана көз карандысыз өнүгүүнүн негизги фактору болгон технологиялык жаңыланууга токтолду.Сөзүнүн соңунда Владимир Путин БРИКС туруктуу жана ар тараптуу өнүгүү үчүн бардык эл аралык өнөктөштөр менен мындан ары да чогуу иштешүүгө даяр экенине ишеним билдирди.
https://sputnik.kg/20260912/brikstin-abroyu-zhana-taasiri-tynymsyz-osuudo-1103628244.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/02/1103390586_149:0:2880:2048_1920x0_80_0_0_b97ba0b9ebc47263ace8bf3a1769b04f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, брикс, владимир путин, россия
дүйнөдө, брикс, владимир путин, россия
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Нью-Делиде өтүп жаткан саммиттин жыйынтыктоочу БРИКС+ жыйынында сүйлөдү. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Ал уюмдун эл аралык деңгээлдеги таасири улам өсүп, көп уюлдуу адилеттүү дүйнөнү бекемдөөдө башкы кыймылдаткыч күч болуп калганын белгиледи.
“БРИКС бардык өлкөлөр эч кандай чектөөсүз, тең укукта экономикалык жана социалдык жактан өнүгүшү керек деген позицияны карманат. Ар бир мамлекет өз калкынын бакубат жашоосун камсыздап, улуттук каада-салтын жана маданиятын сактап, өз алдынча тандаган жолу менен өнүгүүгө акылуу”, — деди Путин.
РФ лидери көпчүлүк мамлекеттерди уюмдун көз караштары менен эл аралык мыйзамдарга, БУУнун уставына таянып маселелерди чогуу чечүү аракети кызыктырып жатканын кошумчалады.
Ал дүйнөлүк экспорттун дээрлик төрттөн бир бөлүгү БРИКСке туура келерин, жер жүзүндөгү ИДПнын өсүшүнүн негизги бөлүгүн, тактап айтканда, 49 пайызын дал ушул бирикме камсыздап жатканын эске салды. Уюмдагы өлкөлөрдүн калкынын саны тынымсыз өсүп, ички базарлары чыңдалууда, ошондой эле өнөр жай, технология, финансы жана илим-билим борборлору түзүлүп, заманбап транспорт, энергетика жана санариптик байланыштар курулду. Ал эми бирикменин ичиндеги соода жүгүртүү 1,2 триллион долларга жетти.
Путин уюмдун толук пайдаланыла элек негизги мүмкүнчүлүктөрүнүн бири катары катышуучу өлкөлөрдүн экономикасынын бирин-бири толуктап турганын атады. Президенттин айтымында, бул кызматташтыкка, жаңы өндүрүш чынжырларын, технологияларды, кызматтарды жана базарларды түзүүгө кеңири жол ачат.
“Чынында сөз БРИКСтин экономикаларынын артыкчылыктарын айкалыштырган жалпы өнүгүү платформасын түзүү жөнүндө болуп жатат”, — деди Путин.
Мындан тышкары, ал бирикмеге кирген мамлекеттердин тышкы таасирлерге баш ийбеген өзүнүн соода жана банктык жолдору бар экенин, бул сырттан келген кысымдарга карабай соода жана каржылык операцияларды эркин жүргүзүүгө шарт түзөрүн кошумчалады.
Россиянын лидери өнөктөштүктү жакшыртуу үчүн Россия сунуштаган демилгелерге: БРИКСтин төлөм жана эсеп-кысап системаларын түзүүгө, кайра камсыздандыруу механизми менен дан биржасын негиздөөгө көңүл бурууга чакырды.
Путиндин пикиринде, БРИКСтин жаңы инвестициялык аянтчасын ачуу уюмга кирген өлкөлөргө гана эмес, Глобалдык Түштүк менен Чыгыштагы өнөктөштөрдүн экономикасына да узак мөөнөттүү инвестиция тартууга мүмкүндүк берет.
Ошондой эле ал дүйнөлүк өсүштүн жана көз карандысыз өнүгүүнүн негизги фактору болгон технологиялык жаңыланууга токтолду.
“Жасалма интеллектинин кеңири жайылышы, автономдуу системалардын, санариптик соода платформаларынын жана каржылык чечимдердин өнүгүшү менен экономикалык баалуулукту түзүүнүн эрежелери түп-тамырынан өзгөрүүдө”, — деди Россиянын президенти.
Сөзүнүн соңунда Владимир Путин БРИКС туруктуу жана ар тараптуу өнүгүү үчүн бардык эл аралык өнөктөштөр менен мындан ары да чогуу иштешүүгө даяр экенине ишеним билдирди.