Президент Жапаров Таластагы "Баластан" балдар борборуна барды. Сүрөт, видео
Президент Жапаров Таластагы "Баластан" балдар борборуна барды. Сүрөт, видео
Sputnik Кыргызстан
"Баластан" долбоорун ишке ашырууга республикалык бюджеттен жана Талас облусун өнүктүрүү фондунан 1 млрд. 750 млн сом бөлүнгөн. 11.09.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында "Баластан" балдар оюн-зоок борборуна барды. Бул туурасында "Ынтымак ордо" кабарлады. Иш-чарада канайым Айгүл Жапарова да болду. Андан соң президент борбордогу IT-мектепти кыдырып, балдарды заманбап санариптик көндүмдөргө окутуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алды. "Баластан" балдар үчүн эс алуу жана оюн-зоок мүмкүнчүлүктөрү билим алуу жана ар тараптуу өнүгүү менен айкалышкан заманбап көп функционалдуу жай. Долбоорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен жана Талас облусун өнүктүрүү фондунан 1 млрд. 750 млн сом бөлүнгөн. Борбордун ишмердүүлүгүнүн негизине "оюн аркылуу билим берүү" принциби коюлган. Бул жерде балдардын логикалык ой жүгүртүүсүн, чыгармачылык жөндөмдөрүн, баарлашуу жана социалдык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, ошондой эле жаңы билимдерге жана технологияларга кызыгуусун арттырууга шарттар түзүлгөн. 1,7 гектар аянтта ар кандай оюн жана өнүктүрүү зоналары, аттракциондор, амфитеатр, мультимедиалык мейкиндиктер, ошондой эле STEAM-академия жайгашкан. Анда балдар илим, технология, инженерия, искусство жана математика багыттарында билим алып, практикалык көндүмдөрдү өздөштүрө алышат. Борбор интерактивдүү роботтор, заманбап LED-экрандар жана мультимедиалык жабдуулар менен да камсыздалган. Ошондой эле купол түрүндөгү көп функционалдуу зал, аттракциондор жана 6D жана 9D форматындагы залдар бар. Жапаров борбордун инфраструктурасы менен таанышып, оюн-зоок, билим берүү жана өнүктүрүү зоналарын көрүп чыкты. Президентке борбордун концепциясы тууралуу да айтып беришти. Анын негизги максаты — балдардын убактысын мазмундуу өткөрүүсүн уюштуруу жана алардын интеллектуалдык, дене бой жана чыгармачылык жактан өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү.
"Баластан" долбоорун ишке ашырууга республикалык бюджеттен жана Талас облусун өнүктүрүү фондунан 1 млрд. 750 млн сом бөлүнгөн.
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында "Баластан" балдар оюн-зоок борборуна барды. Бул туурасында "Ынтымак ордо" кабарлады.
Иш-чарада канайым Айгүл Жапарова да болду.
Андан соң президент борбордогу IT-мектепти кыдырып, балдарды заманбап санариптик көндүмдөргө окутуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алды.
Садыр Жапаров жана канайым Айгүл Жапарова Таластагы "Баластан" балдар оюн-зоок борборуна барды.
"Баластан" балдар үчүн эс алуу жана оюн-зоок мүмкүнчүлүктөрү билим алуу жана ар тараптуу өнүгүү менен айкалышкан заманбап көп функционалдуу жай. Долбоорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен жана Талас облусун өнүктүрүү фондунан 1 млрд. 750 млн сом бөлүнгөн.
Борбордун ишмердүүлүгүнүн негизине "оюн аркылуу билим берүү" принциби коюлган. Бул жерде балдардын логикалык ой жүгүртүүсүн, чыгармачылык жөндөмдөрүн, баарлашуу жана социалдык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, ошондой эле жаңы билимдерге жана технологияларга кызыгуусун арттырууга шарттар түзүлгөн.
1,7 гектар аянтта ар кандай оюн жана өнүктүрүү зоналары, аттракциондор, амфитеатр, мультимедиалык мейкиндиктер, ошондой эле STEAM-академия жайгашкан. Анда балдар илим, технология, инженерия, искусство жана математика багыттарында билим алып, практикалык көндүмдөрдү өздөштүрө алышат.
Борбор интерактивдүү роботтор, заманбап LED-экрандар жана мультимедиалык жабдуулар менен да камсыздалган. Ошондой эле купол түрүндөгү көп функционалдуу зал, аттракциондор жана 6D жана 9D форматындагы залдар бар.
Жапаров борбордун инфраструктурасы менен таанышып, оюн-зоок, билим берүү жана өнүктүрүү зоналарын көрүп чыкты.
Президентке борбордун концепциясы тууралуу да айтып беришти. Анын негизги максаты — балдардын убактысын мазмундуу өткөрүүсүн уюштуруу жана алардын интеллектуалдык, дене бой жана чыгармачылык жактан өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү.
"Борбор бир учурда 3 400 балага чейин кабыл ала алат. "Баластан" Талас шаарынын тургундары жана шаарга келген коноктор үчүн ачык болуп, балдардын бош убактысын кызыктуу өткөрүү менен бирге жаңы билимдерди алууга, жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана заманбап көндүмдөрдү өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет", — деп маалыматта айтылган.