https://sputnik.kg/20260911/putin-modi-nyu-deli-briks-sammit-suyloshuulor-1103608416.html
Путин менен Моди Нью-Делиде БРИКС саммитинин алкагында сүйлөшүү өткөрүштү
Путин менен Моди Нью-Делиде БРИКС саммитинин алкагында сүйлөшүү өткөрүштү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин менен Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Нью-Делиде өтүп жаткан БРИКС саммитинин алкагында... 11.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-11T17:58+0600
2026-09-11T17:58+0600
2026-09-11T17:59+0600
дүйнөдө
брикс
россия
индия
владимир путин
нарендра моди
сүйлөшүүлөр
жолугушуу
саммит
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0b/1103606770_0:305:3040:2015_1920x0_80_0_0_046bbf22488cddb3c13aab37aa711e56.jpg
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин менен Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Нью-Делиде өтүп жаткан БРИКС саммитинин алкагында эки тараптуу жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.Жолугушуу “Бхарат Мандапам” конгресс-көргөзмө борборунда өттү. Лидерлер буга чейин эки жумага жетпеген убакыт мурун — 31-августта Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында көрүшкөн эле.Кремлден баса белгилешкендей, Россия Путин менен Модинин ортосунда түзүлгөн ишенимдүү мамилени жогору баалайт. РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, лидерлер актуалдуу маселелер боюнча ачык-айкын пикир алмашууга мүмкүндүк берген бейрасмий шартта баарлашканды жакшы көрүшөт.Бүгүн Россиянын президентинин Индияга үч күндүк сапары башталды. Анын жүрүшүндө ал 18-БРИКС саммитине катышып, бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Анын ичинде Түштүк Африка Республикасынын президенти, Малайзия менен Эфиопиянын премьер-министрлери, Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы жана БРИКСтин Жаңы өнүктүрүү банкынын башчысы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
https://sputnik.kg/20260902/shku-sammitinde-batyshka-belgi-berildi-1103393488.html
индия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0b/1103606770_155:0:2884:2047_1920x0_80_0_0_4377a0de8e79125c20f1239277131e71.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, брикс, россия, индия, владимир путин, нарендра моди, сүйлөшүүлөр, жолугушуу, саммит
дүйнөдө, брикс, россия, индия, владимир путин, нарендра моди, сүйлөшүүлөр, жолугушуу, саммит
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин менен Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Нью-Делиде өтүп жаткан БРИКС саммитинин алкагында эки тараптуу жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Жолугушуу “Бхарат Мандапам” конгресс-көргөзмө борборунда өттү. Лидерлер буга чейин эки жумага жетпеген убакыт мурун — 31-августта Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында көрүшкөн эле.
Кремлден баса белгилешкендей, Россия Путин менен Модинин ортосунда түзүлгөн ишенимдүү мамилени жогору баалайт. РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, лидерлер актуалдуу маселелер боюнча ачык-айкын пикир алмашууга мүмкүндүк берген бейрасмий шартта баарлашканды жакшы көрүшөт.
Бүгүн Россиянын президентинин Индияга үч күндүк сапары башталды. Анын жүрүшүндө ал 18-БРИКС саммитине катышып, бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Анын ичинде Түштүк Африка Республикасынын президенти, Малайзия менен Эфиопиянын премьер-министрлери, Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы жана БРИКСтин Жаңы өнүктүрүү банкынын башчысы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.