https://sputnik.kg/20260911/bishkek-sanya-tuz-aviakattam-hainankytay-1103587642.html
Бишкектен Хайнанга кышында түз авиакаттам ачуу пландалууда
Бишкектен Хайнанга кышында түз авиакаттам ачуу пландалууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Бишкек менен Кытайдын Хайнань аралындагы белгилүү Санья курорттук шаарынын ортосунда түз аба каттамын ачуу пландалууда. Бул боюнча... 11.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-11T09:25+0600
2026-09-11T09:25+0600
2026-09-11T09:37+0600
кыргызстан
кытай
курорт
авиакаттам
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0b/1103586566_0:191:2960:1856_1920x0_80_0_0_1e59cc287984da74b0751613840b2944.jpg
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Бишкек менен Кытайдын Хайнань аралындагы белгилүү Санья курорттук шаарынын ортосунда түз аба каттамын ачуу пландалууда. Бул боюнча жумушчу жолугушуу Хайнань аралынын Хайкоу шаарында өткөнүн "Кыргызстан аэропорттору" ААКы кабарлады. Сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы Санья — Бишкек — Санья багыты боюнча түз авиакаттамды ишке киргизүү болду. Жаңы аба каттамын 2026-2027-жылдардагы кышкы туристтик сезондо ачуу мерчемделүүдө.Кыргыз тараптан жолугушууга “Кыргызстан аэропорттору” ААКнын коммерциялык директору Аман Мамаев катышкан. Иш-чара Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин жана Кыргызстандагы ШКУ өлкөлөрү үчүн долбоордук коштоо боюнча региондук борбордун колдоосу менен уюштурулган.Ал эми кытай тараптан Кытай Коммунисттик партиясынын Хайнань провинциясындагы партиялык комитетинин катчысы Фэнь Фэй башында турган делегация катышты.Бул жолугушуу — Бишкектеги ШКУ саммитинде Садыр Жапаров менен Си Цзиньпин жетишкен транспорт жана туризм жаатындагы макулдашуулардын уландысы.Санья — Хайнань аралынын түштүгүндө жайгашкан Кытайдын эң популярдуу туристтик шаарларынын бири. Ал тропикалык климаты, деңиз курорттору жана пляждары менен белгилүү болуп, жыл сайын дүйнөнүн төрт бурчунан көптөгөн эс алуучуларды өзүнө тартат.
https://sputnik.kg/20260902/tailand-vizasyz-rezhim-1103392898.html
кытай
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0b/1103586566_115:0:2846:2048_1920x0_80_0_0_209204a7d9d44455b3f09fad53cd83eb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, кытай, курорт, авиакаттам
кыргызстан, кытай, курорт, авиакаттам
Бишкектен Хайнанга кышында түз авиакаттам ачуу пландалууда
09:25 11.09.2026 (Жаңыртылды: 09:37 11.09.2026) БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Бишкек менен Кытайдын Хайнань аралындагы белгилүү Санья курорттук шаарынын ортосунда түз аба каттамын ачуу пландалууда. Бул боюнча жумушчу жолугушуу Хайнань аралынын Хайкоу шаарында өткөнүн "Кыргызстан аэропорттору" ААКы кабарлады.
Сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы Санья — Бишкек — Санья багыты боюнча түз авиакаттамды ишке киргизүү болду. Жаңы аба каттамын 2026-2027-жылдардагы кышкы туристтик сезондо ачуу мерчемделүүдө.
Кыргыз тараптан жолугушууга “Кыргызстан аэропорттору” ААКнын коммерциялык директору Аман Мамаев катышкан. Иш-чара Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин жана Кыргызстандагы ШКУ өлкөлөрү үчүн долбоордук коштоо боюнча региондук борбордун колдоосу менен уюштурулган.
Ал эми кытай тараптан Кытай Коммунисттик партиясынын Хайнань провинциясындагы партиялык комитетинин катчысы Фэнь Фэй башында турган делегация катышты.
Бул жолугушуу — Бишкектеги ШКУ саммитинде Садыр Жапаров менен Си Цзиньпин жетишкен транспорт жана туризм жаатындагы макулдашуулардын уландысы.
Санья — Хайнань аралынын түштүгүндө жайгашкан Кытайдын эң популярдуу туристтик шаарларынын бири. Ал тропикалык климаты, деңиз курорттору жана пляждары менен белгилүү болуп, жыл сайын дүйнөнүн төрт бурчунан көптөгөн эс алуучуларды өзүнө тартат.