https://sputnik.kg/20260910/sooktu-oz-aldyncha-komgondor-zhoopko-tartylyshy-mumkun-1103564567.html
Бишкекте көрүстөндөн жер албай, сөөктү өз алдынча көмгөндөр жоопко тартылышы мүмкүн
Бишкекте көрүстөндөн жер албай, сөөктү өз алдынча көмгөндөр жоопко тартылышы мүмкүн
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясы көрүстөндөн жер албай туруп сөөктү өз алдынча көмгөндөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартууну сунуштады. Тиешелүү мыйзам... 10.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-10T09:59+0600
2026-09-10T09:59+0600
2026-09-10T09:59+0600
кыргызстан
бишкек
көрүстөн
сөөк коюу
мыйзам долбоору
мэрия
https://sputnik.kg/img/07e9/03/0e/1092641799_0:107:2048:1259_1920x0_80_0_0_085bc406179819c30f28453d5732d852.jpg
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясы көрүстөндөн жер албай туруп сөөктү өз алдынча көмгөндөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартууну сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Ага ылайык, уруксатсыз эксгумация жүргүзүү жана сөөктү башка жерге кайра көмүү да кылмыш катары каралмакчы. Мындай аракеттер үчүн 50 миңден 100 миң сомго чейин айып салуу, 80ден 200 саатка чейин коомдук жумушка тартуу же үч жылга чейин эркиндигинен ажыратуу сунушталууда. Мэриянын маалыматы боюнча, 2021-жылы жабылган Бишкектеги түштүк-батыш көрүстөнүн инвентаризациялоо учурунда тыюу салынгандан кийин да мыйзамсыз көмүлгөн учурлар аныкталган. Долбоордун негиздемесинде мындай аракеттер көрүстөндөрдүн эсебин бурмалап, санитардык коопсуздукка коркунуч жаратып, айрым учурда кылмыштын изин жашырууга шарт түзүшү мүмкүн экени белгиленген.
https://sputnik.kg/20260608/kabyrdy-brondoo-boyuncha-tushundurmo-1101774324.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/0e/1092641799_114:0:1934:1365_1920x0_80_0_0_b724052f91f7578f357d53102c7b216d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, көрүстөн, сөөк коюу, мыйзам долбоору, мэрия
кыргызстан, бишкек, көрүстөн, сөөк коюу, мыйзам долбоору, мэрия
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясы көрүстөндөн жер албай туруп сөөктү өз алдынча көмгөндөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартууну сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Ага ылайык, уруксатсыз эксгумация жүргүзүү жана сөөктү башка жерге кайра көмүү да кылмыш катары каралмакчы. Мындай аракеттер үчүн 50 миңден 100 миң сомго чейин айып салуу, 80ден 200 саатка чейин коомдук жумушка тартуу же үч жылга чейин эркиндигинен ажыратуу сунушталууда.
Мэриянын маалыматы боюнча, 2021-жылы жабылган Бишкектеги түштүк-батыш көрүстөнүн инвентаризациялоо учурунда тыюу салынгандан кийин да мыйзамсыз көмүлгөн учурлар аныкталган. Долбоордун негиздемесинде мындай аракеттер көрүстөндөрдүн эсебин бурмалап, санитардык коопсуздукка коркунуч жаратып, айрым учурда кылмыштын изин жашырууга шарт түзүшү мүмкүн экени белгиленген.