https://sputnik.kg/20260910/chet-olkoluktor-uj-zher-mamleketke-otot-1103567321.html
Чет өлкөлүктөр үй сатып алса, турак жай турган жер мамлекетке өтөт. Мыйзам долбоору
Чет өлкөлүктөр үй сатып алса, турак жай турган жер мамлекетке өтөт. Мыйзам долбоору
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Депутаттар Дастан Бекешев менен Улугбек Ормонов чет өлкөлүктөр үй сатып алса турак жай турган жер тилкесинин мамлекетке өтөрү... 10.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-10T11:37+0600
2026-09-10T11:37+0600
2026-09-10T11:37+0600
кыргызстан
жер тилкеси
үй
чет өлкөлүктөр
мыйзам долбоору
https://sputnik.kg/img/07e5/06/19/1052997872_0:0:2283:1284_1920x0_80_0_0_be74413e11da350e1eeb1a012ed4b27b.jpg
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Депутаттар Дастан Бекешев менен Улугбек Ормонов чет өлкөлүктөр үй сатып алса турак жай турган жер тилкесинин мамлекетке өтөрү каралган мыйзам долбоорун демилгелешти. "Чет өлкөлүк жактардын жер тилкелерге болгон укуктарынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору бүгүндөн баштап коомдук талкууга илинди. Документке ылайык, Кыргызстандын жараны кыймылсыз мүлкүн чет өлкөлүккө сатса, ага тиешелүү жер үлүшүн мамлекетке же муниципалитетке акысыз өткөрүп берүүгө тийиш. Чет өлкөлүк сатып алуучу жерди 20 жылга убактылуу пайдаланууга алып, мөөнөт адегенде 20 жылга, андан кийин 10 жылга узартылышы мүмкүн. Мыйзам кабыл алынса, каттоо органы чет өлкөлүктөргө таандык кыймылсыз мүлктөрдү жана аларга байланышкан жер тилкелерин 12 айда инвентаризациялайт. Жерге жеке менчик укугу мыйзамсыз катталган чет өлкөлүктөргө аны алты ай ичинде мамлекетке же муниципалитетке ыктыярдуу өткөрүп берүү сунушталат. Талап аткарылбаса, маселе сот аркылуу чечилет. Эгер чет өлкөлүк жаран кыймылсыз мүлктү кийин Кыргызстандын жаранына сатса, жер тилкесине менчик укугу жаңы ээсине кайра өтөт.
https://sputnik.kg/20260830/zherdin-dokumentteri-kadastrdyk-plan-kyzyl-kitep-zhana-tekhpasporttun-ayyrmasy-1103257377.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/06/19/1052997872_0:0:2283:1713_1920x0_80_0_0_d5453fe7897e2e6e5257ca19402b20f6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жер тилкеси, үй, чет өлкөлүктөр, мыйзам долбоору
кыргызстан, жер тилкеси, үй, чет өлкөлүктөр, мыйзам долбоору
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Депутаттар Дастан Бекешев менен Улугбек Ормонов чет өлкөлүктөр үй сатып алса турак жай турган жер тилкесинин мамлекетке өтөрү каралган мыйзам долбоорун демилгелешти.
"Чет өлкөлүк жактардын жер тилкелерге болгон укуктарынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору бүгүндөн баштап коомдук талкууга илинди.
Документке ылайык, Кыргызстандын жараны кыймылсыз мүлкүн чет өлкөлүккө сатса, ага тиешелүү жер үлүшүн мамлекетке же муниципалитетке акысыз өткөрүп берүүгө тийиш. Чет өлкөлүк сатып алуучу жерди 20 жылга убактылуу пайдаланууга алып, мөөнөт адегенде 20 жылга, андан кийин 10 жылга узартылышы мүмкүн.
Мыйзам кабыл алынса, каттоо органы чет өлкөлүктөргө таандык кыймылсыз мүлктөрдү жана аларга байланышкан жер тилкелерин 12 айда инвентаризациялайт. Жерге жеке менчик укугу мыйзамсыз катталган чет өлкөлүктөргө аны алты ай ичинде мамлекетке же муниципалитетке ыктыярдуу өткөрүп берүү сунушталат. Талап аткарылбаса, маселе сот аркылуу чечилет.
Эгер чет өлкөлүк жаран кыймылсыз мүлктү кийин Кыргызстандын жаранына сатса, жер тилкесине менчик укугу жаңы ээсине кайра өтөт.