00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Молодые аналитики о Большой Евразии, ИИ в науке и фестиваль документального кино UmutDoc - "Итоги ннедели"
14:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Тьма и свет: как жанры фэнтези делят мир
18:06
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

12 жылдык билим берүү: балаңыз 2026-жылы кайсы класска барат

© пресс-служба мэрии города Бишкек / Улукбек ШамбетовОткрытие филиала школы на базе жилого комплекса "Мурас" в Бишкеке
Открытие филиала школы на базе жилого комплекса Мурас в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2026
Жазылуу
2026/27-окуу жылында 1, 2, жаңы 3, 5, 7 жана 8-класстар жаңыланган программа менен окуйт. 5-класстан 7-класска 5-6-класстардын интеграцияланган программасын бүтүргөндөр гана өтөт.

Балаңыз 2026-жылы кайсы класска өтөт

2025/26-жылдагы классы жана программасы

Кайсы класска өтөт

Окутуу системасы

Эмне өзгөрөт

6 жашка толгон 2020-жылкы бала же 2025/26-жылы окууга камтылбай калган 2019-жылкы бала мектеп босогосун аттайт

1-класс

12 жылдык

Жаңыланган 1-класстын программасы

12 жылдык программадагы 1-класс

2-класс

12 жылдык

Баа коюлбаган система менен окуусун улантат

12 жылдык программадагы 2-класс: "Наристеден" кийин кабыл алынган 2018-жылкы топ

3-класс

12 жылдык

Жаңыланган программа; баа коюлбайт

11 жылдык программадагы 2-класс

3-класс

11 жылдык

Эски программа; сыпаттоо ыкмалары менен баа коюлат

11 жылдык программадагы 3-класс

4-класс

11 жылдык

Эски программа уланат

11 жылдык программадагы 4-класс

5-класс

12 жылдык

5-6-класстардын интеграцияланган программасы

Интеграцияланган программадагы 5-класс

7-класс

12 жылдык

6-класстын мазмуну мурда эле өтүлгөн

11 жылдык программадагы 6-класс

7-класс

12 жылдык

Классты аттабай өтөт

12 жылдык программадагы 7-класс

8-класс

12 жылдык

Профилге чейинки даярдык башталат

11 жылдык программадагы 8-класс

9-класс

11 жылдык

Эски программа уланат

11 жылдык программадагы 9-класс

10-класс

11 жылдык

Эски программа уланат

11 жылдык программадагы 10-класс

11-класс

11 жылдык

Эски системадагы бүтүрүүчү класс

11-класс

Мектепти аяктайт

11 жылдык

Бул бүтүрүүчүлөр 12-класска өтпөйт

Таблицанын булактары: 2026-жылдын 9-июлундагы №969/1 буйрук жана 10-июлдагы №973/1 буйрук.
Маанилүү: бала 2-класста окуса жана кайсы программа менен окуй турганын билбесеңиз, мектепке: "2025/26-жылы 11 жылдыкпы же 12 жылдыкпы, кайсы базистик окуу планы менен окуду?" — деп так суроо бериңиз. Бара турган классты туулган жылы менен аныктоого болбойт.
Интернетте 2024-жылы жарыяланган эски расмий схема дагы бар. Анда 3→5, 6→8 жана 9→11 схемасы көрсөтүлгөн. 2026/27-жыл үчүн июль айында бекитилген жаңы буйруктарды колдонуу керек.

Ким эски, ким жаңы программа менен окуйт

3-класстардын бир бөлүгү, 4, 9, 10 жана 11-класстар 11 жылдык программа менен окуусун улантат. 1, 2, жаңы 3, 5, 7 жана 8-класстар 12 жылдык мектептин жаңыланган программасына өтөт. Ушул эле тизме Агартуу министрлигинин түшүндүрмөсүндө берилген.
Эң маанилүү айырма — 3-класстын эки тобу. Жаңы 2-класстан келгендер 12 жылдык, ал эми эски 2-класстан келгендер 11 жылдык программа менен окушат.

6-класс болобу

Ооба, 6-класс жоюлган жок. Ал 12 жылдык мектепте башталгыч жалпы билим берүүнүн акыркы классы катары сакталат. Бирок 2026/27-жылдагы жалпы өтүү тартибинде жаңы 6-класстын өзүнчө тобу болбойт.
Интеграцияланган 5-классты бүтүргөндөр 6-класстын программасын окуп бүткөндүктөн 7-класска өтөт. Эски программадагы 6-класстын окуучулары да 7-класска барат, бирок алар класс аттабайт.

Сабактарда жана китептерде эмне өзгөрөт

Жаңы 3-класс. Жаңыланган программа колдонулат жана баа коюлбайт.
5-класс. Мен жана дүйнө интеграцияланган сабагы, табият таануу жана информатика.
7-8-класстар. Биология, физика, география, химия жана информатика.
Тарых. Кыргызстандын тарыхы менен дүйнөлүк тарых бир сабак катары ырааттуу окутулат.
8-класс. Жумасына эки саат профилге чейинки даярдык: окуучу ар түрдүү багыттарды сынап көрөт.
Бул класстарда жаңыланган билим берүү программалары колдонулат. "Алиппе", тил сабактары, математика жана табигый-илимий предметтер үчүн жаңы окуу-методикалык комплекстер өзүнчө каралган.
Окуу программалары Кыргыз билим берүү академиясынын сайтында жайгаштырылган. Министрлик 2026/27-жылга уруксат берилген окуу китептеринин өткөөл тизмесин да жарыялады. Тизмеде жаңы жана мурда чыккан китептер бар.

Арыз берүү керекпи

Жаңы окуу пландарына өтүү жөнүндөгү буйруктарда ата-эненин өзүнчө арыз берери көрсөтүлгөн эмес. Бала ошол эле мектепте калса өткөрүүнү тариздөө тартибин мектеп администрациясынан тактоо керек.
1-класска кабыл алууда же башка мектепке которулууда кадимки тартип боюнча арыз берилет. Биринчи класска электрондук каттоо 1mektep расмий системасы аркылуу жүргүзүлөт.

Бала мектепти же программаны алмаштырса

Бала бир классты кайталап окуса, мектепке эрте же кеч барса, чет өлкөдө же эл аралык, атайын, жекече программа менен окуса, анын классын жалпы таблица боюнча так аныктоо мүмкүн эмес.
Буйруктар менчигинин түрүнө карабастан бардык жалпы билим берүү уюмдарына, анын ичинде жеке мектептерге колдонулат. Бирок өзгөчө учурлар үчүн башкача тартип жарыяланган эмес. Ата-эне баланын бүтүргөн классын жана программасын ырастаган документтерди мектепке берип, өз жагдайы боюнча жооп алышы керек.

Көп берилүүчү суроолор

Бардык 5-класстын окуучулары 7-класска өтөбү?

Жок. Бул 2025/26-жылы 5-6-класстардын интеграцияланган программасын окуган балдарга гана тиешелүү. Алар 6-класстын материалын калтырбайт, анткени ал 5-класстын программасына кошулган. Классты кайталаган же башка программада окуган баланын классын мектептен тактоо керек.

Кыргызстанда 6-класс болобу?

Ооба, 6-класс 12 жылдык мектептин туруктуу түзүмүндө сакталат. 2026/27-жылы өткөөл тартипке байланыштуу жаңы 6-класстын өзүнчө тобу болбойт. Интеграцияланган 5-классты бүтүргөндөр жана эски системадагы 6-класстын окуучулары 7-класска өтүшөт. Кийинки жылдары 6-класс кадимки ырааты менен кетет.

"Наристени" бүтүргөн бала кайсы класска барат?

"Наристени" бүтүргөн 2018-жылы төрөлгөн балдарды дароо 2-класска алуу 2025/26-жылдагы өткөөл чечим болгон. 2026/27-жылы алты жашка толгон 2020-жылы төрөлгөн балдар жана мурда окууга камтылбай калган 2019-жылы төрөлгөндөр 1-класска барат. "Наристени" бүтүрүү 2-класска кабыл алууга негиз бербейт.

Эмне үчүн эки башка 3-класс болот?

3-класска эки топ өтөт. Жаңы 2-класстан келгендер 12 жылдык программа менен окуп, аларга баа коюлбайт. Эски 2-класстын окуучулары 11 жылдык программаны улантып, аларга сыпаттоо ыкмалары менен баа коюлат. Балаңыздын тобун мектептин базистик окуу планы боюнча текшериңиз.

Кийинки класска өтүү үчүн арыз керекпи?

№969/1 жана №973/1 буйруктарда ата-эненин өзүнчө арыз бериши көрсөтүлгөн эмес. 1-класска кабыл алууда же мектеп алмаштырганда кадимки арыз берүү тартиби колдонулат.

Бул схема жеке жана эл аралык мектептерге тиешелүүбү?

Буйруктар менчигинин түрүнө карабастан жалпы билим берүү уюмдары үчүн милдеттүү, ошондуктан жеке мектептерге да тиешелүү болуп саналат. Эл аралык, атайын же жекече программада окуган балдар боюнча өзүнчө жалпы түшүндүрмө жарыяланган эмес. Алардын классын иш жүзүндө өздөштүргөн программасы боюнча мектептен ырастоо зарыл.
 Кенже класстын окуучулары  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2026
Кыргызстанда мектептик билим берүү системасы өзгөрдү. Чоо-жайы
Жаңылыктар түрмөгү
0