https://sputnik.kg/20260908/mongu-ysyk-kol-korgoo-fondu-japarov-jarlyk-1103519372.html
Кыргызстанда мөңгүлөрдү жана Ысык-Көлдү коргоо боюнча атайын фонд түзүлөт
Кыргызстанда мөңгүлөрдү жана Ысык-Көлдү коргоо боюнча атайын фонд түзүлөт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кыргызстанда мөңгүлөрдү жана Ысык-Көлдүн экосистемасын сактоо, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө байланышкан тобокелдиктерди азайтуу... 08.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-08T09:32+0600
2026-09-08T09:32+0600
2026-09-08T09:39+0600
кыргызстан
экология
мөңгү
ысык-көл
коргоо
сактоо
фонд
садыр жапаров
https://sputnik.kg/img/07e9/01/0e/1091409401_0:167:960:707_1920x0_80_0_0_d9086b25dc7354df6097d77aa936a308.jpg
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кыргызстанда мөңгүлөрдү жана Ысык-Көлдүн экосистемасын сактоо, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө байланышкан тобокелдиктерди азайтуу максатында атайын фонд негизделет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкта айтылат.Ага ылайык, өлкөдө Кыргызстандын мөңгүлөрүн, Ысык-Көлдү коргоо жана сактоо боюнча фонд түзүлөт. Анын негизги максаты — суу ресурстарын жана Көлдүн экосистемасын сактоого эл аралык уюмдардын, климаттык фонддордун, донорлордун жана өнөктөштөрдүн каржылык каражаттарын тартуу механизмин түзүү. Ошондой эле фонд аркылуу сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүү, суу ресурстарына мониторинг жүргүзүү, мөңгүлөрдүн деградациясына жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча артыкчылыктуу долбоорлор каржыланат.Жарлык боюнча министрлер кабинетине 2026-жылдын 1-октябрына чейин фонддун уюштуруу-укуктук формасын, башкаруу тутумун, каржылоо булактарын, долбоорлорду тандоо жана ачык-айкын каржылоо механизмдерин иштеп чыгуу тапшырылды.Фондду түзүү демилгесин координациялоо Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине жүктөлдү. Ал эми Ысык-Көлдүн экосистемасын коргоо багытын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, мөңгүлөрдү сактоо, изилдөө жана аларга мониторинг жүргүзүү жагын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги координациялайт.Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
https://sputnik.kg/20260826/suu-sayasaty-borbor-aziya-darekt-tasma-1103193032.html
ысык-көл
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/0e/1091409401_0:173:960:893_1920x0_80_0_0_77486e2aedbb9eda6f1a18382d490486.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, экология, мөңгү, ысык-көл, коргоо, сактоо, фонд, садыр жапаров
кыргызстан, экология, мөңгү, ысык-көл, коргоо, сактоо, фонд, садыр жапаров
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кыргызстанда мөңгүлөрдү жана Ысык-Көлдүн экосистемасын сактоо, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө байланышкан тобокелдиктерди азайтуу максатында атайын фонд негизделет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкта айтылат.
Ага ылайык, өлкөдө Кыргызстандын мөңгүлөрүн, Ысык-Көлдү коргоо жана сактоо боюнча фонд түзүлөт. Анын негизги максаты — суу ресурстарын жана Көлдүн экосистемасын сактоого эл аралык уюмдардын, климаттык фонддордун, донорлордун жана өнөктөштөрдүн каржылык каражаттарын тартуу механизмин түзүү. Ошондой эле фонд аркылуу сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүү, суу ресурстарына мониторинг жүргүзүү, мөңгүлөрдүн деградациясына жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча артыкчылыктуу долбоорлор каржыланат.
Жарлык боюнча министрлер кабинетине 2026-жылдын 1-октябрына чейин фонддун уюштуруу-укуктук формасын, башкаруу тутумун, каржылоо булактарын, долбоорлорду тандоо жана ачык-айкын каржылоо механизмдерин иштеп чыгуу тапшырылды.
Фондду түзүү демилгесин координациялоо Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине жүктөлдү. Ал эми Ысык-Көлдүн экосистемасын коргоо багытын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, мөңгүлөрдү сактоо, изилдөө жана аларга мониторинг жүргүзүү жагын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги координациялайт.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.