https://sputnik.kg/20260904/ukrainada-internatsionaldyk-legiondun-sogushkeri-eki-amerikalykty-olturdu-1103443730.html
Украинада интернационалдык легиондун согушкери эки америкалыкты өлтүрүп салды
Украинада интернационалдык легиондун согушкери эки америкалыкты өлтүрүп салды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрүндөгү интернационалдык легиондун согушкери АКШнын эки жаранын өлтүрүп салды. Бул туурасында Украинанын... 04.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-04T10:39+0600
2026-09-04T10:39+0600
2026-09-04T10:39+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
украина
акш
жалданма
ишеним телефону
өлүм
https://sputnik.kg/img/07e8/08/14/1088022334_0:0:801:452_1920x0_80_0_0_d883f18682f0c442c64d1bb8f76cb0b8.jpg
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрүндөгү интернационалдык легиондун согушкери АКШнын эки жаранын өлтүрүп салды. Бул туурасында Украинанын Коопсуздук кызматынын ички документтеринде айтылганын РИА Новости жазды. Кагаздар аталган кызматтын Аскердик контрчалгын департаментине тиешелүү болгон. Анда ишеним телефонго 2025-жылдын 23-январында чалышканы айтылат. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аймактык коргоо боюнча интернационалдык легионунун инструктору телефон чалып, кол алдындагы жоокерлердин бирине байланыштуу кырсыкты кабарлаган. Инструктор ишеним телефонго маалымдагандай, окуядан кийин батальондун командири кылмышка шектүү аскерди Украинадан качырып жиберүү үчүн поездге шашылыш салып жиберген. Маалыматты алган Украинанын Коопсуздук кызматынын нөөмөтчүсү Беднар "мамлекеттик тилди начар билгендиктен" окуянын чоо-жайын кененирээк айтып бере албаганын баса белгилеген. Украинанын интернационалдык легиону Владимир Зеленскийдин демилгеси менен 2022-жылдын февралында түптөлгөн. Ага ар кыл өлкөлөрдүн жалданган согушкерлери кабыл алынган. Февралда аталган легиондогулар кургактагы аскерлердин камалоочу бөлүктөрүнө которулгандыгы тууралуу маалымат тараган. Россиянын Коргоо министрлиги Киев чет элдик жалданма согушкерлерди өлүмгө салып берип жаткандыгын айтып, ал эми россиялык аскерлер аларды Украинанын бардык аймагынан жок кылууда деген. Согушка акча үчүн келгендер көп интервьюларда да украин аскерийлери алардын ишин начар координациялап жатканын, ал эми согуштан тирүү чыгуу арсар экенин моюнга алышкан.
https://sputnik.kg/20260330/ukraina-zhaldanma-askerlerdi-tartuuda-1100509267.html
украина
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/08/14/1088022334_0:38:801:640_1920x0_80_0_0_b38fd3b10d6b2fa2c95ca164c7e0c473.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, акш, жалданма, ишеним телефону, өлүм
дүйнөдө, украина, акш, жалданма, ишеним телефону, өлүм
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрүндөгү интернационалдык легиондун согушкери АКШнын эки жаранын өлтүрүп салды. Бул туурасында Украинанын Коопсуздук кызматынын ички документтеринде айтылганын
РИА Новости жазды.
Кагаздар аталган кызматтын Аскердик контрчалгын департаментине тиешелүү болгон. Анда ишеним телефонго 2025-жылдын 23-январында чалышканы айтылат.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аймактык коргоо боюнча интернационалдык легионунун инструктору телефон чалып, кол алдындагы жоокерлердин бирине байланыштуу кырсыкты кабарлаган.
"Украинанын Коопсуздук кызматынын ишеним телефонуна интернационалдык легиондун 2-батальонунун инструктору Радек Беднар мобилдик телефонунан чалды. Аскердик тапшырма учурунда өзүнүн жоокерлеринин бири АКШнын эки жаранын өлтүрүп салганын билдирди", — деп жазылат документте.
Инструктор ишеним телефонго маалымдагандай, окуядан кийин батальондун командири кылмышка шектүү аскерди Украинадан качырып жиберүү үчүн поездге шашылыш салып жиберген. Маалыматты алган Украинанын Коопсуздук кызматынын нөөмөтчүсү Беднар "мамлекеттик тилди начар билгендиктен" окуянын чоо-жайын кененирээк айтып бере албаганын баса белгилеген.
Украинанын интернационалдык легиону Владимир Зеленскийдин демилгеси менен 2022-жылдын февралында түптөлгөн. Ага ар кыл өлкөлөрдүн жалданган согушкерлери кабыл алынган. Февралда аталган легиондогулар кургактагы аскерлердин камалоочу бөлүктөрүнө которулгандыгы тууралуу маалымат тараган.
Россиянын Коргоо министрлиги Киев чет элдик жалданма согушкерлерди өлүмгө салып берип жаткандыгын айтып, ал эми россиялык аскерлер аларды Украинанын бардык аймагынан жок кылууда деген. Согушка акча үчүн келгендер көп интервьюларда да украин аскерийлери алардын ишин начар координациялап жатканын, ал эми согуштан тирүү чыгуу арсар экенин моюнга алышкан.