https://sputnik.kg/20260902/zhogorku-kenesh-ishin-bashtady-1103397827.html
Жогорку Кеңеш жайкы эс алуудан кийин ишин баштады. Видео
Жогорку Кеңеш жайкы эс алуудан кийин ишин баштады. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы жайкы эс алуудан кийин ишин баштады. 02.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-02T11:20+0600
2026-09-02T11:20+0600
2026-09-02T11:20+0600
кыргызстан
жогорку кеңеш
марлен маматалиев
сессия
жоопкерчилик
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0e/1102399850_0:92:1627:1007_1920x0_80_0_0_1238d486bc954150ff5a2eb45de897e6.jpg
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы жайкы эс алуудан кийин ишин баштады.ЖК төрагасы Марлен Маматалиев жыйынды ачып бергенден кийин гимн жаңырды. Андан соң спикер жыйынды баштап, өлкөдө болуп жаткан чоң өзгөрүүлөр Жогорку Кеңешке да чоң жоопкерчилик жүктөп жатканына токтолду. Маматалиев парламенттик көзөмөл Жогорку Кеңештин маанилүү милдеттеринин бири бойдон каларын эске салды. "Мыйзамдардын аткарылышын талап кылып, мамлекеттик программалардын майнаптуулугуна жана бюджеттик каражаттын туура колдонулушуна көз салуу абдан маанилүү. Ар бир сом эл үчүн иштеши керек", — деди спикер. Белгилей кетсек, парламенттин I сессиясы 25-июнда жыйынтыкталган болчу.
https://sputnik.kg/20260830/mamataliyev-gepatologiya-borborunun-paydubalyna-kapsula-saldy-1103305071.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0e/1102399850_160:0:1600:1080_1920x0_80_0_0_b331d979cd102769d775a167b48d1552.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жогорку кеңеш, марлен маматалиев, сессия, жоопкерчилик
кыргызстан, жогорку кеңеш, марлен маматалиев, сессия, жоопкерчилик
Жогорку Кеңеш жайкы эс алуудан кийин ишин баштады. Видео
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы жайкы эс алуудан кийин ишин баштады.
ЖК төрагасы Марлен Маматалиев жыйынды ачып бергенден кийин гимн жаңырды.
Андан соң спикер жыйынды баштап, өлкөдө болуп жаткан чоң өзгөрүүлөр Жогорку Кеңешке да чоң жоопкерчилик жүктөп жатканына токтолду.
"Жаңы сессияда биринчи кезекте экономиканы өнүктүргөн, инвестиция тарткан жана ишкерликти колдогон мыйзам долбоорлорун илгерилетишибиз керек. Билим берүү менен саламаттык сактоого, айыл чарба, энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл буруу зарыл", — деди төрага.
Маматалиев парламенттик көзөмөл Жогорку Кеңештин маанилүү милдеттеринин бири бойдон каларын эске салды.
"Мыйзамдардын аткарылышын талап кылып, мамлекеттик программалардын майнаптуулугуна жана бюджеттик каражаттын туура колдонулушуна көз салуу абдан маанилүү. Ар бир сом эл үчүн иштеши керек", — деди спикер.
Белгилей кетсек, парламенттин I сессиясы 25-июнда жыйынтыкталган болчу.