ШКУ саммитине катыша турган өлкө башчыларынын тизмеси жарыяланды
Жазылуу
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматы 1-сентябрда ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги жыйынына жана "ШКУ плюс" форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга катыша тургандардын тизмесин жарыялады.
Билдирүүдө саммит Садыр Жапаровдун төрагалыгында өтөрү белгиленген. Тизме төмөнкүдөй:
Беларусь президенти Александр Лукашенко
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди;
Иран президенти Масуд Пезешкиан;
Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев;
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин;
Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф;
Россия президенти Владимир Путин;
Тажикстан президенти Эмомали Рахмон;
Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеев;
Азербайжан президенти Ильхам Алиев;
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян;
Монголия президенти Ухнаагийн Хурэлсух;
Тогонун Министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе;
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган;
Лаос президенти Тхонглун Сисулит;
Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан;
Египеттин вице-премьер-министри Хусейн Иса.
Эл аралык уюмдардан Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев, Шанхай кызматташтык уюмунун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн аткаруу комитетинин директору Уларбек Шаршеев, Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш, КМШ башкы катчысы Сергей Лебедев, ЖККУ башкы катчысы Таалатбек Масадыков, ЕЭК коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев жана Азиядагы өз ара аракеттенүү ишеним чаралары боюнча кеңешменин башкы катчысы Кайрат Сарыбай катышат.
Жыйындын соңу менен ШКУнун 25 жылдыгына арналган Бишкек декларациясына, ошондой эле көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө жана уюмдун ишмердигин өркүндөтүүгө багытталган документтерге кол коюлары айтылды.
Маалыматта кошумчалагандай, алдыдагы саммит Кыргыз Республикасынын ШКУга 2025-2026-жылдардагы төрагалыгынын алкагындагы негизги иш-чара. Кыргызстан бул төрагалыкты "ШКУга 25 жыл: биргеликте туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө карай" деген ураандын алдында жүргүзүүдө.

