Ишин 16 киши менен баштаган улуттук филармония. Сүрөт баян
Ишин 16 киши менен баштаган улуттук филармония. Сүрөт баян
Sputnik Кыргызстан
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы 90 жыл мурун негизделип, ошондон бери өнөрпоздордун ордосу болуп кызмат өтөп келет. 29.08.2026, Sputnik Кыргызстан
Филармониянын башатында композитор Петр Шубин, кыл кыякчы Муратаалы Күрөңкеев, комузчулар Карамолдо (Токтомамбет) Орозов, Ыбырай Туманов өңдүү залкарлар турат. Бул чыгармачыл топтун курамында алгач 16 эле маданий ишмер бар эле. Дал ушул 16 киши менен кыргыз элинин классикалык маданиятынын пайдубалы түптөлдү. 1980-жылы филармониянын азыркы имараты салынган. Бүгүнкү күндө бул маданий мекеменин курамында Асанкан Жумакматов атындагы мамлекеттик академиялык симфониялык оркестр, "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамбли, "Ак-Марал" бий ансамбли, "Атай" комузчулар ансамбли, "Эл ырчысы Эстебес тобу", "Эл шайырлары" сыяктуу чыгармачыл топтор, опералык жана эстрадалык ырчылардын тобу бар. Азыркы учурда филармонияда 600дөн ашуун адам эмгектенет. Колумнист Алмаз Батилов Борбордук мамлекеттик кинофонофотоархивден филармониянын ишмердүүлүгү тууралуу уникалдуу сүрөттөрдү тапкан.
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы 90 жыл мурун негизделип, ошондон бери өнөрпоздордун ордосу болуп кызмат өтөп келет.
Филармониянын башатында композитор Петр Шубин, кыл кыякчы Муратаалы Күрөңкеев, комузчулар Карамолдо (Токтомамбет) Орозов, Ыбырай Туманов өңдүү залкарлар турат. Бул чыгармачыл топтун курамында алгач 16 эле маданий ишмер бар эле. Дал ушул 16 киши менен кыргыз элинин классикалык маданиятынын пайдубалы түптөлдү.
1980-жылы филармониянын азыркы имараты салынган. Бүгүнкү күндө бул маданий мекеменин курамында Асанкан Жумакматов атындагы мамлекеттик академиялык симфониялык оркестр, "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамбли, "Ак-Марал" бий ансамбли, "Атай" комузчулар ансамбли, "Эл ырчысы Эстебес тобу", "Эл шайырлары" сыяктуу чыгармачыл топтор, опералык жана эстрадалык ырчылардын тобу бар.
Азыркы учурда филармонияда 600дөн ашуун адам эмгектенет. Колумнист Алмаз Батилов Борбордук мамлекеттик кинофонофотоархивден филармониянын ишмердүүлүгү тууралуу уникалдуу сүрөттөрдү тапкан.
Кыргыз мамлекеттик Токтогул Сатылганов атындагы филармониясынын артисттери У. Абдиев, Т. Бекбоев жана Бабажанов Орто Азиянын музыкалдык декасында. Кыргыз ССРи, 1942
Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти, комузчу Ыбырай Туманов (солдо), Кыргыз ССРнин Эл артисти Анвар Куттубаева жана Кыргыз ССРнин Эл артисти Алыкул Үсөнбаев. Фрунзе, 1949
Кыргыз мамлекеттик Токтогул Сатылганов атындагы филармониясынын артисти Карамолдо Орозов, композиторлор Владимир Фере, Владимир Власов, ырчы Атай Огонбаев, Фрунзе, 1940-1950
Филармониянын аристтери, акын Алымкул Үсөнбаев (экинчи), төкмө акын Осмонкул Бөлөбалаев, төкмө акын Коргоол Досуев жана прозаик Аалы Токомбаев. Фрунзе, 1960
СССР элдеринин искусствосунун майрамы. Кыргыз мамлекеттик Токтогул Сатылганов атындагы филармониясынын артисттери Окен Усубалиев менен Сардарбек Жумалиев. Павлодар, 1970
Кыргыз мамлекеттик Токтогул Сатылганов атындагы филармониясынын артисти, эстрада ансамблинин жетекчиси Чоро Кожомжаров роялда ойноп жаткан учуру. Фрунзе, 1971