https://sputnik.kg/20260829/ozbekstan-kyrgyzstan-gektar-zher-ajmak-koshuluu-1103283557.html
Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн 537,94 га жер үч аймакка кошулат
Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн 537,94 га жер үч аймакка кошулат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн 537,94 гектар жер өлкөдөгү үч аймакка кошулат. Тиешелүү мыйзам долбоору мамлекеттик органдарга... 29.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-29T14:41+0600
2026-08-29T14:41+0600
2026-08-29T14:41+0600
кыргызстан
өзбекстан
жер тилкеси
мыйзам долбоору
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/0c/1098540368_0:213:2048:1365_1920x0_80_0_0_58cc55bdb56fae999415c4d7260e2a1e.jpg
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн 537,94 гектар жер өлкөдөгү үч аймакка кошулат. Тиешелүү мыйзам долбоору мамлекеттик органдарга макулдашууга жөнөтүлдү. Анда белгиленгендей, Өзбекстан Кыргызстанга өткөрүп берген жер тилкелеринин эсебинен Кадамжай жана Кара-Суу шаарларынын, ошондой эле Керме-Тоо айыл аймагынын административдик чек арасын кеңейтүү сунушталууда. Документке ылайык: Бул жерлер кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө 2017 жана 2022-жылдары түзүлгөн келишимдердин негизинде Кыргызстанга өткөрүлгөн. Жер тилкелери инвентаризациядан өтүп, тиешелүү жергиликтүү бийлик органдарына мөөнөтсүз пайдаланууга берилген. Эми алардын жаңыланган карталары менен административдик чек араларын мыйзам түрүндө бекитүү сунушталууда.
https://sputnik.kg/20260623/alagozov-chek-ara-tuuraluu-1102040058.html
өзбекстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/0c/1098540368_114:0:1934:1365_1920x0_80_0_0_c123c672f465ee6176d774cadcf7cb13.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, өзбекстан, жер тилкеси, мыйзам долбоору
кыргызстан, өзбекстан, жер тилкеси, мыйзам долбоору
Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн 537,94 га жер үч аймакка кошулат
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн 537,94 гектар жер өлкөдөгү үч аймакка кошулат. Тиешелүү мыйзам долбоору мамлекеттик органдарга макулдашууга жөнөтүлдү.
Анда белгиленгендей, Өзбекстан Кыргызстанга өткөрүп берген жер тилкелеринин эсебинен Кадамжай жана Кара-Суу шаарларынын, ошондой эле Керме-Тоо айыл аймагынын административдик чек арасын кеңейтүү сунушталууда.
Кадамжай шаарына — 241,5 гектар;
Кара-Суу шаарына — 106 гектар;
Араван районундагы Керме-Тоо айыл аймагына — 190,44 гектар жер кошулат.
Бул жерлер кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө 2017 жана 2022-жылдары түзүлгөн келишимдердин негизинде Кыргызстанга өткөрүлгөн. Жер тилкелери инвентаризациядан өтүп, тиешелүү жергиликтүү бийлик органдарына мөөнөтсүз пайдаланууга берилген. Эми алардын жаңыланган карталары менен административдик чек араларын мыйзам түрүндө бекитүү сунушталууда.