https://sputnik.kg/20260829/kyrgyz-komur-kara-keche-ken-zapas-muun-1103282492.html
"Кыргыз көмүр": Кара-Кече көмүрүнүн сапаты жакшырды, дагы 10 муунга жетет
"Кыргыз көмүр": Кара-Кече көмүрүнүн сапаты жакшырды, дагы 10 муунга жетет
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Кара-Кеченин көмүрүнүн сапаты жакшырып, андагы запас дагы 10 муунга жете турганын "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы... 29.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-29T13:33+0600
2026-08-29T13:33+0600
2026-08-30T15:03+0600
кыргызстан
кара-кече
көмүр
запас
өндүрүш
сапат
https://sputnik.kg/img/07e6/05/07/1064210524_0:61:2835:1656_1920x0_80_0_0_b24c8b398a99e464e5d40b9fc220d9f4.jpg
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Кара-Кеченин көмүрүнүн сапаты жакшырып, андагы запас дагы 10 муунга жете турганын "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Рустамбек Садыралиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. Жетекчинин айтымында, мурда Кара-Кече көмүрүнүн бир килограммындагы калория 3,8 миң килокалориядан ашчу эмес. Азыр көрсөткүч 4,5 миңден 4,9 миң килокалорияга чейин жетет. Бул учурда көмүр кендин кыйла терең катмарларынан казылып жатканы менен байланыштуу. Ишкана башчысы кендин расмий тастыкталган запасы 400 миллион тоннаны түзөрүн белгилеп, казуу иштери азыркыдай ыргакта болсо, тагыраагы, жылына 1,3-1,5 миллион тонна көмүр өндүрүлүп турса, бул запас 400 жылга жетерин кошумчалады. Ал ошондой эле элди көмүрдү кыш түшкөнчө сатып алууга чакырып, учурда көмүр базаларга жеткирилип жатканын билдирди.
https://sputnik.kg/20260827/komur-ken-alyp-satar-kire-albajt-1103230485.html
кара-кече
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/05/07/1064210524_274:0:2562:1716_1920x0_80_0_0_c7c4c387ca7304994c58006c0a238362.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, кара-кече, көмүр, запас, өндүрүш, сапат
кыргызстан, кара-кече, көмүр, запас, өндүрүш, сапат
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Кара-Кеченин көмүрүнүн сапаты жакшырып, андагы запас дагы 10 муунга жете турганын "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Рустамбек Садыралиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Жетекчинин айтымында, мурда Кара-Кече көмүрүнүн бир килограммындагы калория 3,8 миң килокалориядан ашчу эмес. Азыр көрсөткүч 4,5 миңден 4,9 миң килокалорияга чейин жетет. Бул учурда көмүр кендин кыйла терең катмарларынан казылып жатканы менен байланыштуу.
Ишкана башчысы кендин расмий тастыкталган запасы 400 миллион тоннаны түзөрүн белгилеп, казуу иштери азыркыдай ыргакта болсо, тагыраагы, жылына 1,3-1,5 миллион тонна көмүр өндүрүлүп турса, бул запас 400 жылга жетерин кошумчалады.
"Көмүр тартыштыгы жок, анын запасы дагы 10 муунга жетет", — деди Садыралиев.
Ал ошондой эле элди көмүрдү кыш түшкөнчө сатып алууга чакырып, учурда көмүр базаларга жеткирилип жатканын билдирди.