https://sputnik.kg/20260827/bir-neche-kylymdar-murdagy-krymdagy-moldovan-zhookerlerdin-erdigi-1103251840.html
Бир нече кылымдар мурдагы Крымдагы молдован жоокерлеринин эрдиги. Видеобаян
Бир нече кылымдар мурдагы Крымдагы молдован жоокерлеринин эрдиги. Видеобаян
Sputnik Кыргызстан
Улуу Штефан деген ким болгон жана 300 молдован жоокери Крымда жарым жыл бою түрк армиясынын чабуулуна кантип туруштук берип, душмандардын айласын кетирген. Бул... 27.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-27T22:08+0600
2026-08-27T22:08+0600
2026-08-27T22:08+0600
крым
русь
осмон империясы
князь
кармаш
чеп
жоокер
https://sputnik.kg/img/07e9/08/1b/1096135313_0:0:1920:1080_1920x0_80_0_0_337e0ccea0c6d1321d90d9f5b8891fa4.jpg
Былтыр ушул күнү Крымдагы Мангуп тоосунда жайгашкан Благовещенск эркектер үңкүр монастырында улуу воеводанын элесине арналган бюст ачылат. 1472-жыл... Чыгыш Рим империясынын кулап бараткан мезгилинде өкүмдар Штефан чел Маре Крымдын түштүк-батышындагы Феодоро князынын карындашы Мария Мангупскаяга үйлөнөт. Молдованын мындай күчтөнүшү түрк султаны Мехмед IIге жакпай калат. Ал 1475-жылы эле Штефанга каршы жүз миңдик аскер жөнөтүп, бирок аны молдован жоокерлери талкалайт. . Осмон империясындагылар Штефан чел Марени жок кылуу аракетинен кайтпай, тез эле жайкы аскердик өнөктүктүн планын иштеп чыгышат. План боюнча, түрк армиясы эки тараптан чабуул коймок: Валахиянын чек арасына султан өзү баштаган жүз миңдик аскер келип токтосо, ал эми янычарлар Крым жээктерине сокку урууга камданып жатышкан. Түрктөр бүтүндөй Түндүк Кара деңиз жээктеринен кылыч менен өтөт. Бирок Феодоро княздыгына жеткенде, анын коргоочуларынын катуу каршылыгына туш болушат. Княздыктын борбору болгон Мангуп шаарын коргонууга Улуу Штефандын кайниси Александрды даярдаган. Өкүмдар аны бул шаарга 1475-жылдын июнь айында жөнөткөн эле. Жаңы башкаруучу бир айга жетпеген убакыттын ичинде азык-түлүк камдап, элди коопсуз жайга көчүрүп, чепти коргой турган кошуунду уюштурган. Ошентип, июль айынын башында шаар толук куралданып, душманды даярдыкта тосуп алган. Мангуп алынбас чепке айланган. Түрк армиясы шаардын дубалдарынын түбүнө октору 100 килограммга чукул болгон оор замбиректерди алып келүүгө мажбур болгон. 300 молдован жоокери душмандын калың колуна баатырлык менен каршылык көрсөтүп, Мангупту 1475-жылдын декабрь айына чейин коргоп турушкан. Осмон аскерлери шаарды бузуп киргенден кийин да аман калган жоокерлер дагы бир нече күн бою багынбай салгылашат. Ал эми князь Александрды Стамбулга алып барып, өлүм жазасына тартышкан. Мангуптун мындай баатырларча корголушу түрк армиясынын Кара деңиздин түндүк-батыш жээгиндеги маанилүү шаар чептерин басып алуусун кыйла жайлаткан.
крым
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/1b/1096135313_203:0:1803:1200_1920x0_80_0_0_5568f620f0868ef347c4e5de3241b25d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
крым, русь, осмон империясы , князь, кармаш, чеп, жоокер
крым, русь, осмон империясы , князь, кармаш, чеп, жоокер
Бир нече кылымдар мурдагы Крымдагы молдован жоокерлеринин эрдиги. Видеобаян
Улуу Штефан деген ким болгон жана 300 молдован жоокери Крымда жарым жыл бою түрк армиясынын чабуулуна кантип туруштук берип, душмандардын айласын кетирген. Бул туурасында бүгүн баяндап беребиз.
Былтыр ушул күнү Крымдагы Мангуп тоосунда жайгашкан Благовещенск эркектер үңкүр монастырында улуу воеводанын элесине арналган бюст ачылат.
1472-жыл... Чыгыш Рим империясынын кулап бараткан мезгилинде өкүмдар Штефан чел Маре Крымдын түштүк-батышындагы Феодоро князынын карындашы Мария Мангупскаяга үйлөнөт. Молдованын мындай күчтөнүшү түрк султаны Мехмед IIге жакпай калат. Ал 1475-жылы эле Штефанга каршы жүз миңдик аскер жөнөтүп, бирок аны молдован жоокерлери талкалайт. .
Осмон империясындагылар Штефан чел Марени жок кылуу аракетинен кайтпай, тез эле жайкы аскердик өнөктүктүн планын иштеп чыгышат. План боюнча, түрк армиясы эки тараптан чабуул коймок: Валахиянын чек арасына султан өзү баштаган жүз миңдик аскер келип токтосо, ал эми янычарлар Крым жээктерине сокку урууга камданып жатышкан. Түрктөр бүтүндөй Түндүк Кара деңиз жээктеринен кылыч менен өтөт. Бирок Феодоро княздыгына жеткенде, анын коргоочуларынын катуу каршылыгына туш болушат.
Княздыктын борбору болгон Мангуп шаарын коргонууга Улуу Штефандын кайниси Александрды даярдаган. Өкүмдар аны бул шаарга 1475-жылдын июнь айында жөнөткөн эле. Жаңы башкаруучу бир айга жетпеген убакыттын ичинде азык-түлүк камдап, элди коопсуз жайга көчүрүп, чепти коргой турган кошуунду уюштурган. Ошентип, июль айынын башында шаар толук куралданып, душманды даярдыкта тосуп алган. Мангуп алынбас чепке айланган. Түрк армиясы шаардын дубалдарынын түбүнө октору 100 килограммга чукул болгон оор замбиректерди алып келүүгө мажбур болгон.
300 молдован жоокери душмандын калың колуна баатырлык менен каршылык көрсөтүп, Мангупту 1475-жылдын декабрь айына чейин коргоп турушкан. Осмон аскерлери шаарды бузуп киргенден кийин да аман калган жоокерлер дагы бир нече күн бою багынбай салгылашат. Ал эми князь Александрды Стамбулга алып барып, өлүм жазасына тартышкан.
Мангуптун мындай баатырларча корголушу түрк армиясынын Кара деңиздин түндүк-батыш жээгиндеги маанилүү шаар чептерин басып алуусун кыйла жайлаткан.